Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Интернаттагы өлүм: сот кылмыш иши "мыйзамсыз токтотулган" деп тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык соту 8-августта Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин токтотулушун "мыйзамдуу эмес" деп тапты. Мындан улам эми кайра сотко чейинки өндүрүш башталат. Бул тууралуу Балдар укугуну коргоо лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына жабырлануучу тараптын адвокаты Чүй облустук ички ишер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнө ишенбестик билдирип, ишти Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына өткөрүп берүү тууралуу өтүнүч келтиргенин жазды.

Облустук милиция кылмыш ишинин токтотулушу, адвокаттын сын-дооматына байланыштуу азырынча комментарий бере элек

Интернатта тарбияланып жаткан 12 жаштагы Игорь Якунин былтыр 1-июнда казак болгон. Аны Кошмо Штаттардагы үй-бүлө асырап алган жана алар жалдаган адвокат өлүмдү иликтөөдөгү мүчүлүштүктөр тууралуу прокуратурага арызданган жана баланын саламаттыгында маселе болбогонун билдирген. Бул ишти Башкы прокуратура өз көзөмөлүнө алганын билдирген.

Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүндө жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG