"Тез жардам" жайкын тургундардын кезектеги тобун эвакуациялоо үчүн Донецкидеги согуш тилкесинин жанындагы Новомихайловка кыштагына жөнөдү. Жолдор талкаланган, кээ бир жерлерге мина коюлган. Орус күчтөрү артиллериялык чабуулун улантууда
Убакыт тар, кырдаал кооптуу болгондуктан, куткаруучулар кыштакка жетери менен жергиликтүү тургундарды, жаш балдарды тезинен автоунаага отургуза башташты.
Согуш башталгандан бери Новомихайловканын жүздөгөн тургунунан саналуу гана киши калган. Алардын бир бөлүгү төрт айдан бери жер төлөдө күн өткөрүүдө.
"Менин неберем чоңоюп келатат. Ал үчүн жашашым керек да. Жарылуулардын добушун угат, кооптуу экенин билет. Көчөгө чыкканга болбойт. Мындайда балдар тез токтолот экен", - деп билдирди эвакуацияланган тургундардын бири.
Бул жарандар кооптуу кыштактан аман-эсен чыгып кеткени менен Донбасстын башка аймактарында кан күйгөн согуштун чордонунда калган жайкын жашоочулар аз эмес.
Донбасста гуманитардык кырдаал оор
Бириккен Улуттар Уюму Украинанын чыгышында "өтө кооптуу" гуманитардык кырдаал түзүлгөнүн, абал барган сайын начарлап баратканын эскертти. Уюмдун 17-июндагы маалыматына ылайык, Северодонецкиде миңдеген тургун тынымсыз бомбалоонун жана куралдуу кагылышуулардын чордонунда калды, шаарда таза суу, тамак-аш тартыш.
Расмий маалыматка ылайык, Луганск облусундагы бул шаардан 10-12 миңдей киши чыга албай калды. Карапайым жарандардын бир бөлүгү шаардагы "Азот" химиялык заводунда баш калкалап жатышат.
Мурдараак орус тарап бул заводдо калган украин аскерлеринин жана андагы жайкын тургундардын багынып берүүсүн талап кылган. Жоокерлер багынуудан баш тарткан жана жарандарды эвакуациялоо иштери үзгүлтүккө учураган.
Британиянын чалгын кызматы 17-июнда билдиргендей, орус күчтөрү Северодонецкини жана анын айлана-тегерегин тынымсыз бомбалап, бул аймакты толук курчоого алуунун аракетинде.
"Украин армиясы душман курал-жарак жана артиллериялык системалар жагынан чоң артыкчылыкка ээ болгон шартта согушуп жатат. Мындай кырдаалда согушуу - бул чоң эрдик. Биз баатырларыбызга кубаттуу жана заманбап курал-жарак алып берүү үчүн болгон аракетти көрүп жатабыз", - деп билдирди Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Айтмакчы, президент Зеленский жоокерлерге оор курал-жарак керек экенин бир күн мурда Киевге келген Франциянын, Италиянын, Германиянын жана Румыниянын лидерлерине да айтты. Европа лидерлери Украинага колдоо көрсөтүүнү убада кылышып, ага Европа Биримдигине кирүүгө талапкер-өлкө макамын берүү идеясын кубаттай турганын билдиришти.
"Биз төртөөбүз тең Евробиримдикке мүчөлүктү чукул арада берүүнү колдойбуз”,-деди француз президенти Эммануэл Макрон. Ал ошондой эле Франция Украинага курал жеткирүүсүн күчөтө турганын кошумчалады.
Киевдин Евробиримдикке кошулуу дымагы
Италиянын премьер-министри Марио Драги да Зеленский менен сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында расмий Рим Украинаны Евробиримдиктин бөлүгү катары көргүсү келерин айтты. Ал ошондой эле украин жергесинде болгон аскердик кылмыштарды иликтөөнү толук колдой турганын билдирди.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Берлин Украинага зарыл болгон учурга чейин колдоо көрсөтөрүн кеп кылды. Ал ушул күнгө чейин Германия 800 миңдей украиналык качкынды кабыл алганын, мындан сырткары Украинага каржылык жана аскердик көмөк кылып жатканын сөз кылып, Берлин Украинанын Евробиримдикке талапкер макам алышын жактай турганын белгиледи.
“Украина Европанын үй-бүлөсүнө таандык. Талапкер деген макам анын Евробиримдикти көздөй сапарында орчундуу окуя болот. Еврошаркеттин мүчөлөрү бул маселени алдыңкы күндөрү талкуулайт. Ал үчүн 27 мүчө мамлекет бир добуштан колдошу керек. Мен Европа кеңешинде бирдей добуш болушун алдыга сүрөйм. Германия Украинага карата оң чечимди колдойт”, - деди Шольц.
Киевдеги бул сүйлөшүүлөрдү улай 17-июнда Европа комиссиясы да Украина менен Молдовага Еврошаркеттин мүчөлүгүнө талапкер макамын берүү тууралуу сунушун Европа кеңешине жөнөттү. Европа кеңеши бул маселени 23-24-июндарда карай турган болду.
Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Москва коңшу өлкөгө кол салганын "атайын аскердик операция" деп атап, ал Украинанын "денацификациясын" жана "демилитаризациясын" көздөй турганын билдирген. Бирок эл аралык коомчулук, Батыш өлкөлөрү Орусиянын кадамын баскынчылык жана агрессия деп атап келишет.
Украинада соңку согуш башталгандан бери миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды. Ушул күнгө чейин алардын так саны белгисиз. Батыш Орусияны согуш кылмыштарына айыптап келет. Москва жайкын тургундарга ок атканын мойнуна албайт.