Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Медиа коомчулук Болот Темировго куугунтукту токтотууга чакырды


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасынын мүчөлөрү иликтөөчү журналист Болот Темировго байланышкан жагдайды бийликтин куугунтугу жана кесиптик ишмердикке бут тосуу деп мүнөздөйт. Аталган платформа 23-апрелде ушундай билдирүү таратты.

Анда Болот Темировдун 2020-жылы сабалышы, 2022-жылдын январында Temirov LIVE командасынын кеңсесин күч органдарынын кызматкерлери тинтип, техникаларын алып кетиши өңдүү окуялар мисал келтирилген. Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасынын мүчөлөрү бийликтен эркин журналисттерди куугунтукка албоону талап кылып, коомчулукту иликтөөчү журналистти колдоого чакырышкан.

Аталган платформага журналисттер, блогерлер жана медиа эксперттер мүчө.

20-апрелде Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

18-апрелде Temirov LIVE Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Эртеси күнү эки иш козголгонун Темиров ушул иликтөөсүнө байланыштырып жатат. УКМК бул боюнча комментарий бере элек.

Быйыл январда шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон. Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Бул иш боюнча тергөө уланууда.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын белгилешкен. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс Темировго карата дагы эки кылмыш иши козголгонуна байланыштуу билдирүү таратып, мындай ыкма Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана журналисттерди коркутуу же басмырлоо максатында колдонулбашы керектигин белгилеген. (SE)

XS
SM
MD
LG