Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

АКШнын Мамдепартаменти Болот Темировго дагы эки иш козголгону боюнча билдирүү таратты


Нед Прайс.
Нед Прайс.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс Кыргызстанда иликтөөчү журналист Болот Темировго карата дагы эки кылмыш иши козголгонуна байланыштуу билдирүү таратып, мындай ыкма эркин Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) коркутуу же басмырлоо максатында колдонулбашы керектигин белгиледи.

«Твиттерге» жарыялаган билдирүүсүндө ал Болот Темиров сыяктуу эркин журналисттерди унчуктурбай баскандын ордуна колдоо көрсөтүү керектигин айтып, ар бир адам өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу экенин айтты.

20-апрелде Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

18-апрелде Temirov LIVE Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Эртеси күнү эки иш козголгонун Темиров ушул иликтөөсү менен байланыштырып жатат. УКМК бул боюнча комментарий бере элек.

Быйыл январда шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон. Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Бул иш боюнча тергөө уланууда.

Эки күндөн бери Темиров шаардык милицияга суракка чакырылууда.(RK)

XS
SM
MD
LG