Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

ИИМ Болот Темировдун ишинде саясатка аралашпаганын билдирди


ИИМ имараты.
ИИМ имараты.

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишинде саясатка кийлигишүү жок экенин бүгүн, 21-апрелде Бишкекте өткөн маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү Бакыт Сеитов билдирди:

“Ага карата түшкөн арыздын, фактылардын негизинде иштер козголгон. Бүгүнкү күндө тергөө процесси жүрүп жатат. Ички иштер министрлиги эч кандай саясатка кийлигишкен жокпуз”.

Сеитов эгер тергөө туура эмес жүргүзүлүп жатат деп эсептесе, Темиров көзөмөл органдарына кайрылууга укуктуу экенин, соңку эки иш 22-январдагы иши боюнча тергөөдө белгилүү болгонун кошумчалады.

Маалымат жыйында Болот Темиров кыргыз жараны эместиги, кылмыш иштери анын иликтөөлөрүнөн кийин козголгону жөн гана дал келүү экендиги айтылды.

Жалпысынан ага карата паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңги зат боюнча төрт иш козголгону белгилүү болду.

20-апрелде Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча дагы эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

18-апрелде Temirov LIVE Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Эртеси күнү эки иш козголгонун Темиров ушул иликтөөсү менен байланыштырып жатат. УКМК бул боюнча комментарий бере элек.

Быйыл январда шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон. Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Бул иш боюнча тергөө уланууда.

Эки күндөн бери Темиров шаардык милицияга суракка чакырылууда.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке карата куугунтук жүрүп жатканын белгилешкен. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс Темировго карата дагы эки кылмыш иши козголгонуна байланыштуу билдирүү таратып, мындай ыкма эркин Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) коркутуу же басмырлоо максатында колдонулбашы керектигин белгилеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG