Трамп менен Зеленский Нью-Йоркто жолугуп, согушту токтотуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында жолугушуу өткөрдү. Тараптар Украинадагы согуш, мүмкүн болгон тынчтык келишими жана коопсуздук маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун алдында журналисттердин суроолоруна жооп берген Трамп Украина басып алынган бардык аймактарын кайтарып ала алабы деген суроого түз жооп берген жок.
«Менимче, алар келишимге жетишет. Бирок ал кандай келишим болорун айткым келбейт», – деди АКШ президенти.
Ал ошондой эле украин армиясынын Орусиядагы мунай иштетүүчү ишканаларга жасаган соккулары Москвага олуттуу зыян алып келгенин белгиледи. Бирок мындай чабуулдар күйүүчү майдын баасына да таасир тийгизип жатканын айтты.
Трамптын пикиринде, орус президенти Владимир Путин да, украин президенти Владимир Зеленский да согуштун аякташын каалашат.
Жолугушуудан кийин Зеленский Украина Орусия энергетикалык объектилерге сокку урбай турган болсо, өз ара шартта мындай чабуулдарды токтотууга даяр экенин билдирди.
Украин президенти ошондой эле Киев АКШдан Patriot абадан коргонуу системаларын лицензия менен өндүрүүгө уруксат сураганын айтты.
«Биз бул процессти тездетүүгө жардам берүүнү өтүндүк. Президенттин бул маселеге көзү түз», – деди Зеленский.
Анын айтымында, уруксат алынгандан кийин долбоор башталышы мүмкүн, бирок өндүрүштү жолго коюу үчүн кеминде бир нече жыл талап кылынат.
Зеленский мындан тышкары АКШнын ортомчулугу менен АКШ, Украина жана Орусия лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн да атады. Ал Владимир Путин менен каалаган убакта сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.
«Мен Путин менен каалаган убакта жолугушууга даярмын», – деди Украина президенти.
Зеленский согушту «тарыхый себептер» менен актоо аракеттерин сынга алып, эгер жаңжалды токтотуу ниети болсо аны сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин белгиледи.
Ал арада Трамп БУУдагы сөзүндө зарыл болсо Орусияга каршы жаңы катаал экономикалык чараларды колдонууга даяр экенин билдирди. Анын айтымында, АКШ Конгресси жактырган мыйзам президентке тарифтерди жана санкцияларды күчөтүү боюнча кеңири ыйгарым укуктарды берет.
Трамп бул ыйгарым укуктарды «зарыл болуп калса» колдонорун айтты.
22-сентябрдын кечинде жана 23-сентябрга караган түнү Орусиянын авиациялык жана дрон чабуулдарынан Украинанын Харьков, Киев жана Запорожье аймактарында адамдар жабыркап, турак жайлар менен жарандык объектилерге зыян келтирилди.
Харьков облусундагы Изюм шаарында орус аскерлери башкарылуучу авиациялык бомбалар менен сокку урду. Шаардык аскердик администрациянын маалыматына караганда, чабуулдан кеминде жети адам жабыркаган. Алардын арасында 11 жаштагы бала да бар. Балага катуу стресстик абал диагнозу коюлуп, жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Жергиликтүү бийлик алгач шаарга сегиз башкарылуучу авиабомба ташталганын, андан кийин дагы төрт бомба менен сокку урулганын билдирди. Чабуулдун кесепетинен көп кабаттуу жана жеке турак үйлөр жабыркап, бир катар жерлерде өрт чыккан. Айрым райондордо электр энергиясы да үзгүлтүккө учураган.
Ошол эле күнү Киев шаарында да дрон чабуулу катталды. Шаардын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматына ылайык, орусиялык учкучсуз учак Днепр районундагы жеке үйдүн аймагына түшкөн. Натыйжада имараттын фасады жабыркап, терезелери сынган. Бир адам жаракат алып ооруканага жеткирилди.
Киевдин Оболон районунда дагы дрон чабуулунан өрт чыгып, бирок анда жабыркагандар болгон эмес.
Харьков шаарында болсо орусиялык дрон чабуулунан кеминде бир адам каза болуп, дагы бир нече киши жаракат алды. Шаар мэри Игорь Тереховдун айтымында, сокку Киев районундагы автоунаалар жайгашкан аймакка тийген.
Ал арада Запорожьеде орус күчтөрү шаардагы “Амстор” соода борборуна кайрадан сокку урду. Запорожье облустук аскердик администрациясынын жетекчиси Михаил Семикин бул акыркы беш күн ичиндеги аталган соода түйүнүнө жасалган экинчи чабуул экенин билдирди. Баштапкы маалымат боюнча, эки адам жабыркаган.
Украин бийлиги жарандык объектилерге сокку урулганын белгилеп, жабыркагандардын саны жана келтирилген чыгым такталып жатканын маалымдады. Орусия бул маалыматтар боюнча азырынча комментарий бере элек.
22-сентябрга караган түнү Орусия Украинага ракета жана учкучсуз учактар менен жапырт чабуул койду. Днепр шаарындагы соккудан төрт адам каза таап, бир нече киши жаракат алды.
Днепропетровск облустук аскер администрациясынын башчысы Александр Ганжанын маалыматына караганда, куткаруучулар урандылардын астынан дагы бир адамдын сөөгүн алып чыгышкан.
Чабуулга кабылган объектилердин бири украиналык Interpipe компаниясына таандык өнөр жай ишканасы. Компаниянын билдиришинче, каза болгондордун төртөө тең ишкананын кызматкерлери. Дагы жети кызматкер жараат алды.
Ишкананын маалыматына караганда, ракеталык соккудан негизги өндүрүш жабдуулары жана инфраструктура олуттуу зыян тартып, иш убактылуу токтотулду.
Орусиянын Коргоо министрлиги 22-сентябрдагы билдирүүсүндө Украинадагы күйүүчү-энергетикалык комплекс, аскердик-өнөр жай, металлургия жана химия тармагындагы ишканаларга масштабдуу сокку урулганын маалымдады. Орус аскерлери Днепр шаарындагы «Интерпайп Сталь» түтүк чыгаруучу заводу да буталардын бири болгонун билдиришти.
Украин бийлигинин маалыматына караганда, соккулар Днепр шаарынан тышкары Днепропетровск облусундагы Кривой Рог жана Павлоград шаарларындагы өнөр жай ишканаларына да тийген. Днепрде кампаларда өрт чыгып, бир катар өндүрүш объектилери жабыркаган.
Ошол эле түнү Полтава облусундагы мунай-газ комплексинин объектилеринин бири да ракеталык соккуга кабылды. «Нафтогаз Украины» компаниясы билдиргендей, бутага алынган объект 2022-жылдан бери көп жолу чабуулга кабылып келди жана акыркы сокку аны калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн дээрлик жокко чыгарды.
Украинанын Аба күчтөрү Орусия чабуул маалында ондогон ракеталарды жана 212 учкучсуз аппаратты колдонгонун маалымдады. Алардын 177си жана бир катар ракеталар атып түшүрүлгөнү же багытынан чыгарылганы менен баллистикалык ракеталардын бир бөлүгүн тосуп калуу мүмкүн болгон жок.
Киевде да чабуулдун кесепетинен көп кабаттуу турак жай, кампалар жана башка имараттар жабыркап, беш киши жараат алды. Украин бийлиги өлкөнүн бир нече аймагындагы энергетикалык жана өнөр жай объектилерине сокку урулганын билдирди.
20-сентябрга караган түнү Москвага массалык дрон чабуулу болгону кабарланды. Орусиялык ASTRA басылмасынын OSINT-талдоосуна ылайык, чабуулдун буталарынын арасында Капотня районундагы "Газпромнефть-Москва" мунай иштетүүчү заводу да болгон.
Окуянын күбөлөрү тарткан видеолордо заводдун аймагынан өрт чыкканын көрүүгө болот. Москванын мэри Сергей Собянин заводдун аймагындагы бир объект жабыркаганын ырастады. Ал кызматкерлердин арасында жаракат алгандар жок экенин, чабуулдун кесепетин жоюу үчүн мунай иштетүүчү заводдо ыкчам кызматтар иштеп жатканын кошумчалады.
Сергей Собянин “Москвага жасалган ондогон дрон абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынганын” айтты.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьёв ал башкарган облуска жасалган аба чабуулунан кеминде эки адам каза болуп, алты киши жараат алганын билдирди.
Капотнядагы “Москва мунайды кайра иштетүүчү” заводу Орусиядагы эң ири мунайды кайра иштетүүчү заводдордун бири. Ал Москвадагы күйүүчү майдын болжол менен 40% камсыздайт. Завод буга чейин да дрон чабуулуна кабылган. 2026-жылдын июнь айында болгон соккудан кийин ишканада өрт чыгып, айрым өндүрүштүк жабдуулар иштен чыккан.
Украина акыркы соккулар тууралуу комментарий бере элек.
Украина 2022-жылы 22-февралда Орусия негизсиз согуш ачып, басып киргенден бери күн сайын чабуулга кабылып келатат. Орусиянын агрессиясына жооп иретинде Киев орусиялык мунайды кайра иштетүүчү ишкана-заводдоруна, армиянын каржы булагы деп эсептелген логистикалык борборлорго дрондор менен сокку уруп жатат.