Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25
Киев. 14-октябрь, 2026-жыл
Киев. 14-октябрь, 2026-жыл

"Жетишет!" Зеленский Орусиянын мунай заводдоруна соккулар жанданганын айтты

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




10:43 19.9.2026

АКШнын президенти Дональд Трамп 18-сентябрдын кечинде Конгресс буга чейин кабыл алган Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койду. Документ анын авторлорунун бири болгон, жакында каза тапкан сенатор Линдси Грэмдин ысымы менен аталып жүрөт.

Ак үйдүн маалыматына караганда, мыйзам Орусияга карата буга чейин киргизилген санкцияларды, тарифтерди жана чектөөлөрдү кеңейтет.

Ошондой эле Иранга каршы колдонулуп жаткан америкалык санкциялардын мөөнөтүн узартат.

Президенттин кол коюшу менен документ расмий күчүнө кирди.

Мыйзам АКШ президентине Орусиянын жетекчилигине, ири ишкерлерине, отун-энергетика тармагындагы компанияларына, банктарына жана санкцияларды айланып өтүүгө пайдаланылат деп эсептелген «көмүскө флотко» каршы чараларды киргизүү жана күчөтүү боюнча кеңири ыйгарым укуктарды берет.

Мындан тышкары, президент Орусиянын мунайын эң көп импорттогон өлкөлөрдөн ташылып келген товарларга 100 пайызга чейин бажы төлөмүн киргизе алат. Мындай өлкөлөрдүн катарына Индия менен Кытай да кирет. Ошол эле учурда мыйзам президентке айрым учурларда өзгөчөлүктөрдү киргизүүгө же чектөөлөрдү колдонбоого мүмкүнчүлүк берет.

Документке Трамптын өтүнүчү менен Иранга байланыштуу жоболор дагы кошулган. Алардын арасында буга чейин колдонулуп келген америкалык санкциялардын мөөнөтүн узартуу каралган.

Мыйзам долбоору Конгрессте узак убакыт талкууланды. Сенат аны Линдси Грэм каза болгондон кийин, август айында жактырган. Акыркы редакциясын даярдоого Трамптын администрациясы да катышкан. Өкүлдөр палатасы документти ушул жумада кабыл алып, аны 262 конгрессмен колдогон, 159 депутат каршы добуш берген.

Демократтардын көбү Орусияга басымды күчөтүүнү колдой турганын билдиришкени менен президентке бажы тарифтерин киргизүү боюнча өтө кеңири ыйгарым укук берилишине каршы чыгышкан.

Ал арада Индиянын Тышкы иштер министрлиги өлкө өзүнүн соода жана экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө даяр экенин билдирип, энергетикалык коопсуздугун камсыздоону улантарын белгиледи.

Ал эми Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков жаңы санкциялар Украинадагы согушту жөнгө салуу аракеттерин татаалдаштырышы мүмкүн экенин айткан.

19:44 18.9.2026

Евробиримдик Украинага дагы 3,3 млрд евро бөлдү

Евробиримдик Украинага Ukraine Support Loan программасынын алкагында кезектеги 3,3 миллиард евро өлчөмүндөгү траншты которду. Бул тууралуу 18-сентябрда Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий билдирди.

Анын айтымында, каражат биринчи кезекте өлкөнүн коргонуу муктаждыктарына, анын ичинде ракеталарды жана дрондорду сатып алууга жумшалат.

Буга чейин, 11-сентябрда, Еврокомиссия Украина үчүн дагы 6,1 миллиард евро бөлүүнү жактырган. Бул каражат абадан жана ракетадан коргонуу системаларын, айрыкча Patriot комплекстери үчүн PAC-3 тосуп алуучу ракеталарын, ошондой эле ок-дарыларды, дрондорду жана радиоэлектрондук күрөш каражаттарын сатып алууга багытталат.

Коргоо маселелери боюнча еврокомиссар Андрюс Кубилюстун айтымында, Киев кыш келгенге чейин Patriot комплекстери үчүн мүмкүн болушунча көп ракета алууга үмүттөнүүдө. Талкууланып жаткан варианттардын бири боюнча өнөктөш өлкөлөр Украинага өз кампаларындагы ракеталарды өткөрүп берип, кийин алардын орду жаңылары менен толукталат.

Евробиримдиктин 2026-жылга карата Ukraine Support Loan программасы аркылуу бекиткен коргонуу жардамынын жалпы көлөмү 28,3 миллиард еврого жетти. Бул каражатка кайсы жабдуулар сатылып алынары, жеткирүүчүлөрү жана мөөнөттөрү алдын ала аныкталганы айтылды.

Украина акыркы айларда Patriot системалары үчүн ракеталардын тартыштыгын баштан кечирип жатканын билдирүүдө. Украин президенти Владимир Зеленский август айында өлкөнүн карамагындагы тосуп алуучу ракеталардын саны 2025-жылдагы деңгээлге салыштырмалуу 2,5 эсе азайганын айткан. Ошол эле учурда, анын сөзүнө караганда, Орусия баллистикалык ракеталарды мурдагыдан кыйла көп өндүрүп, чабуулдарды күчөтүп жатат.

Европалык маалымат булактары Орусиянын президенти Владимир Путин кыш мезгилинде Украинага соккуларды күчөтүшү мүмкүн экенин жазышкан. Ушундан улам Киев менен анын өнөктөштөрү өлкөнүн абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатышат.

19:22 18.9.2026

Орусиянын түнкү чабуулунан Украинада эки адам каза болуп, ондогон объект жабыркады

18-сентябрга караган түнү Орусия Украинага 93 учкучсуз учак менен чабуул жасады. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрү алардын 69у атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ошол эле учурда 13 дрон көздөгөн бутасына жетип, дагы үчөөнүн сыныктары үч башка жерге кулаган.

Житомир облусунда эки адам каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, Коростень районунда кампа жана өндүрүш имараттарында өрт чыккан.

Киев облусунда беш киши, анын ичинде үч бала жабыркады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Тимур Ткаченко билдиргендей, алар Фастов районундагы эртең мененки чабуулдан жаракат алышкан. Натыйжада бир катар жеке турак үйлөр кыйраган.

Запорожье облусунда соода комплекси талкаланып, бир адам жараат алды. Куткаруучулар 10 миң чарчы метрден ашуун аянттагы өрттү өчүрүштү. Өзгөчө кырдаалдар кызматы кайталап сокку урулушу мүмкүн деген коркунучтан улам өрт өчүрүүчүлөр маал-маалы менен баш калкалоочу жайларга кирүүгө аргасыз болгонун билдирди.

Орусиянын аскерлери Одесса облусунун инфраструктуралык объектилерин да массалык түрдө бутага алышты. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипердин маалыматына ылайык, үч адам жабыркаган. Чабуулдан бир жеке үй талкаланып, кеминде беш турак жай, ишкана, резервуарлар, кампалар, лицейдин имараты, күнөсканалар жана бир нече автоунаа зыян тарткан.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги Одесса облусундагы «Новая почта» компаниясынын логистикалык борборуна жана Черноморск портундагы жүк ташуучу кемеге сокку урулганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кеме аскердик багыттагы жүктөрдү ташып бара жаткан.

14:59 17.9.2026

15-сентябрга караган түнү атып түшүрүлгөн учкучсуз аппарат Орусияга таандык болгонун Литванын президенти Гитанас Науседа билдирди. Анын айтымында, "Гербера" үлгүсүндөгү дрондун чоо-жайын, деталдарын адистер иликтеп жатышат.

Науседа муну Литвага каршы атайы аракет деп эсептебейт.

"Болжол менен Украинага багытталган орус дрону украиналык радиоэлектрондук каражаттарынын таасиринен багытынан адашып, Литванын аймагына кирип кеткен. Андан соң ал атып түшүрүлгөн", - деди ал.

Литванын аба мейкиндигине кирген дронду 15-сентябрга караган түнү саат болжол менен 00:20да Шяуляй авиабазасынан көтөрүлгөн НАТОнун (Италиянын) истребителдери жок кылган. Дрон кулаган жер курчоого алынды. Аймакта аскер кызматкерлери жана полиция иштеп жатат. Учкучсуз аппарат өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Каунас суу сактагычынын жанындагы айылдын аймагына кулаган.

Кийинчерээк Литванын коргоо министри Робертас Каунас дрон Беларус тараптан учуп келгенин жана анын ичинде жардыргыч зат табылганын билдирди.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Литвада атып түшүрүлгөн дронду "Орусиянын Европага каршы агрессиясы менен чагымчыл аракеттеринин бир бөлүгү" деп атады. Ал ошондой эле Евробиримдик Москвага басымды күчөтөрүн белгиледи.

Польшада 14-сентябрда Балтика деңизинен, Русиново курорттук кыштагынын жээгинен табылган орусиялык дрон да жардыргыч зат менен жабдылганы аныкталды. RMF24 басылмасы Познан округдук прокуратурасынын аскер иштери боюнча прокурорунун орун басары Бартош Оконевскийге шилтеме берип, "Гербера-2" үлгүсүндөгү дрондун жардыргычы бар экени табылганын жазды.

Буга чейин Польшанын коргоо министри Владислав Косиняк-Камыш Русиновонун жанынан табылган аппаратты алдын ала кароо анын Орусияга тиешелүү экенин көрсөткөнүн билдирген. Дронду суудан поляк аскерлери чыгарышкан. Прокуратура анын Польша жээгине кантип келип калганын иликтөөнү улантууда.

Onet басылмасы белгилегендей, дрон табылган жерге чукул Польшанын Аскердик-аба күчтөрүнүн борбордук полигону жайгашкан.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG