Орусиянын армиясы 19-августта Украинанын Житомир шаарына реактивдүү учкучсуз учактар менен чабуул койду. Соккулардын бири Житомир облустук полиция башкармалыгынын имаратына тийди.
Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Виталий Бунечко Телеграмга жазды.
Кийинчерээк Украинанын Улуттук полициясы соккуда эки кызматкер өлгөнүн, 40ка жакын киши жабыркаганын кабарлады.
Соккунун кесепеттери тууралуу сүрөт-видеолор интернетке жарыяланды.
19-августта эртең менен орус армиясы Херсондун Корабельный районунда маршруттук унааны дрондор менен аткылады. Херсон облусунун башчысы Александр Прокудин андан төрт киши каза таап, бешөө жараат алганын билдирди.
Херсондун башка райондору да бутага алынып, дагы эки киши каза тапкан.
Херсон күн сайын Орусиянын аткылоосуна кабылып келет. Телеграм каналдар шаардын көчөлөрүндө FPV-дрондор карапайым тургундарды ары-бери ойнотуп, "аңчылык" кылып жатканы тууралуу видеолорду таратышкан.
17-августка караган түнү Орусиянын армиясы Украинага 128 учкучсуз учуучу аппаратты учурган. Алардын 106сы атып түшүрүлгөн же кармалганын Украинанын Аба күчтөрү билдирди.
14 жерде дрон тийген учур катталган, дагы эки жерде атып түшүрүлгөн аппараттардын сыныктары кулаган.
Днепропетровск облусунда орус армиясынын чабуулдарынын натыйжасында беш адам жабыркаганын облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдирди. Никополь районунда 51 жаштагы аял жаракат алган. Калган төрт адам Павлоград шаарынын тургундары. Ал жерде жеке турак үй, чарбалык курулуш жана автоунаа өрттөнгөн.
Херсон облустук аскердик администрациясынын маалыматына ылайык, Херсон шаарынын Днепр районунда дрон жеке турак үйгө тийип, бир жаран жабыркаган. Ага жарылуудан улам жаракат алуу, контузия жана баш мээси көгөргөн деген диагноз коюлган.
Полтава облусунун Кременчуг районунда эки өнөр жай ишканасы өрттөнгөн. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, объектилердин бириндеги өрт ыкчам түрдө өчүрүлгөн. Ал эми экинчисинде кайрадан сокку болушу мүмкүн деген коркунучтан улам өрттү өчүрүү иштери дароо башталган эмес, бирок кийинчерээк өрт толугу менен жоюлган. Мындан тышкары, орусиялык аскерлер Миргород районундагы ишканага да сокку урган.
Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер түн ичинде Орусиянын армиясы кайрадан порт инфраструктурасын бутага алганын билдирди. Анын айтымында, Того мамлекетинин желеги алдында жүргөн жарандык кеме жабыркаган. Төрт адам жаракат алып, алардын үчөө ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын бири оор абалда экени айтылууда.
Орусиянын Коргоо министрлиги болсо Одесса портунда күзөт катери жана күйүүчү май сакталган резервуарлар, Измаил портунда аскердик багыттагы терминал жана кампалар бутага алынганын билдирди.
Орусиянын Белгород облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Шуваев Валуйки округундагы Колосково айылындагы ракеталык соккудан алты адам каза болгонун билдирди.
Анын айтымында, дагы төрт адам, анын ичинде 14 жаштагы өспүрүм жабыркаган.
"Эки адамга медициналык жардам көрсөтүлдү, алар ооруканага жатуудан баш тартышты. Калгандары, анын ичинде бала, Валуйки райондук борбордук ооруканасына жөнөтүлдү", – деп жазды ал.
Шуваевдин маалыматына караганда, бир курулуш күйүп кетип, автоунаа жабыркаган.
Ракеталык сокку качан жасалганын Шуваев тактаган жок. "Пепел" Телеграм каналынын маалыматы боюнча, окуя 16-августта болгон. Бул жергиликтүү тургундардын билдирүүлөрүнөн көрүнүп турат.
Украина тарап азырынча Колоскового ракеталык сокку тууралуу маалыматка комментарий бере элек.
Брянск облусунун губернаторунун милдетин убактылуу аткаруучусу Егор Ковальчук Стародуб районундагы Понуровка айылына дрон чабуулунун натыйжасында жергиликтүү тургун каза болгонун билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги 17-августка караган түнү орус күчтөрү Астрахань, Белгород, Брянск, Воронеж, Волгоград, Калуга, Курск жана Ростов облустары, ошондой эле аннексияланган Крымда жана Азов менен Кара деңиз акваторияларында 205 украиналык учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнүн маалымдады.
Подмосковьедеги Подольск шаарында Wildberries маркетплейсинин дагы бир кампасына 16-августка караган түндөгү дрон чабуулу болуп, өрт чыкты.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев Телеграмдагы каналында соккуга кабылган кампа "Коледино" индустриалдык паркынын аймагында жайгашканын билдирди.
Анын айтымында, чабуул учурунда жумушчулардын баары коопсуз жайга чыгарылган, эч ким жабыркаган жок. Воробьев Домодедоводо дары-дармек кампасында өрт чыкканын кошумчалап, түнү Подмосковье акыркы мезгилдеги эң жапырт соккуга кабылганын, аймактын үстүнөн 187 дрон атып түшүрүлгөнүн айтты.
Ростов облусунда дрон соккусунан үч киши каза тапканын дубандын губернатору Юрий Слюсарь маалымдады. Анын айтымында, түндө 150дөн ашуун дрон жана ракета жок кылынган. Кийинчерээк Слюсарь дагы эки кишинин сөөгү табылганын жарыялады.
Москвага жакын жерде 130дан ашуун дрон атып түшүрүлгөнүн шаардын мэри Сергей Собянин кабарлады. Анын билдирүүсүндө, украин дрондорунун чабуулунан МКАД районунда үч киши жабыркады. Түн ичинде Москванын "Внуково", "Домодедово", "Жуковский" аэропорттору ишин токтотту.