Жекшембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын Киев, Кривой Рог, Каменский жана Кременчуг шаарларын ракета жана дрондор менен аткылады.
Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди. «Суспільне» басылмасы Днепрде жардыруу болгонун жазды.
Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа Кривой Рогдо соккулардан бир киши каза таап, алтоо жараат алганын маалымдады.
"Украин чындыгы" басылмасы Украинанын "АрселорМиттал Кривой Рог" тоо-металлургия комплексинин ири ишканасы бутага алынган болушу ыктымалдыгын кабарлады.
Ишембиде орус армиясынын чабуулдарынан Днепропетров облусунда 17 киши жабыркаган. Облус башчысы Александр Ганжа орусиялыктар дрон жана авиабомба менен беш райондо 50дөн ашык сокку урганын билдирген.
Никопольск районунда ишканалар, базар, автобус жана жер тамга зыян келтирилип, эки адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Дагы беш киши жабыркаган. Синельников районунда ишканалар менен банктар зыян тартып, беш киши жабыркаган.
Павлоградда жер тамдар, автоунааларга зыян келтирилип, эки киши жараат алган. Кривой Рогдо да инфраструктура жана автомобил зыянга учурап, эки адам оор абалда, бирөө орточо оор абалда ооруканага түшкөн.
Украинанын Донецк облусундагы Краматорск шаарына 13-августтун кечинде жасалган Орусиянын авиациялык соккусунан, акыркы маалыматтар боюнча, 22 адам жабыркады. Бул тууралуу Донецк облусунун прокуратурасы билдирди.
Буга чейин бир адам каза болуп, 17 адам жаракат алганы маалымдалган.
Прокуратуранын маалыматына караганда, чабуулдан көп кабаттуу 24 жана жеке 57 турак үй, 25 унаа, кафе, дүкөн, кампа жана гараждар зыянга учурады
Мекеменин маалыматы боюнча, чабуулда 10 даана ФАБ-250 авиациялык бомбасы колдонулган.
Орусиянын армиясы Краматорск шаарына сегиз авиабомба таштады
Орусиянын армиясы 14-августка караган түнү Украинага 112 дрон менен чабуул коюп, алардын 90у атып түшүрүлдү.
Украинанын Аскер аба күчтөрү 11 тилкеге сокку урулуп, алты жерге дрондордун сыныктары түшкөнүн билдирди.
Сумы облусунун администрация башчысы Олег Григоровдун айтымында, турак үйлөргө урулган соккудан эки адам каза тапкан.
Таңга маал орус аскерлери Бурындагы жеке турак үйгө реактивдүү дрондор менен эки ирет сокку урганда 29 жаштагы келин жана анын тогуз жаштагы уулу мерт болгон.
Донецк облустук прокуратурасы 13-августтун кечинде орус армиясы Краматорск шаарына сегиз авиабомба таштаганын кабарлады.
"Турак жай аймактары, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдү бутага алышты", - деп айтылат билдирүүдө.
Соккудан бир аял каза болду, 17 адам жарадар. 47 жаштан 85 жашка чейинки жети эркек жана 10 аялдын мээси чайкалып, денелерине сыныктар кирип жараат алышкан.
Черкассы облусунун Смела шаарында көп кабаттуу үйгө дрон тийип, беш адам жабыркаган.
Быйыл январдан августка чейинки аралыкта Александров багытында - Днепропетров, Донецк жана Запорожьенин кесилишиндеги чабуулдарда украин аскерлери Орусия басып алган 26 калктуу пунктту кайтарып алды.
Мындай маалыматты өлкөнүн аскердик жетекчилиги бергенин Украинанын президенти Владимир Зеленский соцтармактардагы баракчасында билдирди.
Зеленскийдин маалыматына караганда, операция учурунда 745 чарчы чакырым аймак бошотулуп, кеминде 9,5 миң орус аскери жок кылынган, мындан тышкары туткунга алынган.
"Биздин операция так аткарылды", - деди Зеленский. Ал операция уланып жатабы, же жокпу, тактаган жок.
Ага докладды Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Михаил Драпатый, Башкы штабдын башчысы Игорь Скибюк жана Десанттык-чабуулчу күчтөрдүн командачысы Олег Апостол берген.
Акыркы айларда үч облус кесилишкен аймакта, Покровскинин түштүк-батышында украин күчтөрүнүн чабуулу тууралуу маалыматтар чыккан. Айрым орусиялык согушту жактаган каналдар да украин тараптын ийгиликтерин моюнга алышкан, бирок аны тактикалык деңгээлдеги жылыш деп баалашкан.
Ошол эле учурда фронттун башка тилкелеринде абал негизинен өзгөрүүсүз калган же болбосо орус күчтөрү алдыга жылганы айтылып келет. Маалыматтарга караганда, акыркы айларда алар Константиновканын бир бөлүгүн көзөмөлгө алып, Славянск багытына жакындай түшкөн жана Сумы менен Харьков облустарынын чек арага жакын аймактарындагы бир катар калктуу конуштарды ээлешкен.
Батыштык талдоочулар 2026-жылы орус армиясынын темпи жайлаганын белгилеп келишет.
Украиналык DeepState талдоо долбоору 12-августта Зеленскийдин сөзүнөн кийин картасын жаңылап, 19 калктуу конуш Украинанын көзөмөлүнө өткөнүн көрсөткөн. Натыйжада бул тилкеде орус күчтөрү Донецк облусунун чегинен артка сүрүлгөнү айтылууда.
Орусиянын расмий өкүлдөрү азырынча бул маалыматка комментарий бере элек.
Орус президенти Владимир Путин өз армиясы "бардык багытта чабуул коюп жатканын" айтып келет. Согуш шартында маалыматтарды көз карандысыз тактоого мүмкүн эмес.