Орусиянын армиясы 13-августка караган түнү Украинаны 133 дрон менен аткылады. Абадан коргонуу күчтөрү 111 дронду атып түшүргөнүн Украинанын армиясы билдирди.
Одесса облусунда дрон соккусунан 18 жаштагы кыз жараат алды. Облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдиргендей, ал оор абалда ооруканага жеткирилди.
"Укрзалізниця" (Украин темир жолдору) компаниясы Одесса облусунда жүргүнчү поездине соккуда машинист жана анын жардамчысы мерт кеткенин кабарлады.
УНИАНдын маалыматына караганда, поезд аба чабуулдары тууралуу эскертүүлөр учурунда жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө жетишүү үчүн станцияга кирген.
"Коркунучка карабай бригада 340 жүргүнчү поездден коопсуз түшүп кетиши үчүн аны токтоткон эмес. Жүргүнчүлөрдүн баары жана поезд бригадасы эвакуиацияланды, алардын арасында жабыркагандар жок. Биздин кесиптештер жүргүнчүлөрдү коргоо үчүн ишин жоопкерчилик менен аткарышты".
Измаилдин мэри Андрей Абрамченко шаарга жапырт чабуул болгонун кабарлады. Измаилдин бир бөлүгү электр жарыгысыз калганын, суу объектилери резервдик энергия менен иштеп жатканын кошумчалады.
Орусиянын Коргоо министрлиги Одесса облусунун Рени портунда Украинанын Аскер деңиз күчтөрүнүн башкаруу пунктун талкалаганын, Измаил портунда украин армиясынын убактылуу локация пунктун, порт инфраструктура объектилерин жок кылганын билдирди.
Чернигов районунда Орусиянын соккусунан он жашар бала жабыркады, чарбалык имараттар, май куюучу станция жана кургак чөп өрттөндү.
Харьков облусунун Вербовка кыштагында орус армиясынын соккусунан үч киши жабыркады.
Балаклея шаардык аскердик администрациясынын башчысы Виталий Карабановдун маалыматына караганда, кыштакта жер там жана дагы бир имарат толук талкаланды. Үйлөрдүн биринин терезеси күбүлүп, үч автоунаага зыян келтирилген.
Украинанын армиясы 12-августтун түнүндө Новороссийскиге чабуулда Орусиянын төрт аскердик кемесин иштен чыгарганын жарыялады.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, "Адмирал Макаров", "Адмирал Эссен" фрегаттары, "Буян-М", "Василий Быков" кемелерине сокку тийген болушу мүмкүн.
Маалыматты көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн боло элек, бирок түнкү чабуулдардан кийин Новороссийскинин портунда мунай терминалында, орусиялык аскердик кемелер менен суу алдында жүрүүчү кайыктар токтоп турган жерде өрт чыккан.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы абадан коргонуу каражаттары да жарактан чыкканын маалымдады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин украин аскерлери Новороссийскидеги аскердик деңиз базасына сокку урганын билдирген.
Орусиянын Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев Новороссийск, Анапа, Геленжик жана Темрүк району соккуга кабылганын кабарлаган. Новороссийскиде бир бала чарчап калып, сегиз киши ооруканага жаткырылган. Темрүк районун Волна кыштагында дрондун сыныгы короосуна түшкөн жергиликтүү тургун каза тапканын билдирген.
Новороссийскиде суу түтүктөрү бузулуп, ысык суу, муздак суу берүү убактылуу токтотулганын коммуналдык кызматтар билдирген. Порттогу дан терминалы да ишин токтоткон.
Орусиянын армиясы Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери Одессадагы портторду дээрлик күн сайын аткылап келет.
Орусиянын армиясы 12-августка караган түнү Украинанын бир катар аймагын аткылады.
Соккулардын көбү турак жайларга тийди, курман болгондор, жараат алгандар бар.
Херсон шаардык аскердик администрациясынын башчысы Ярослав Шанько билдиргендей, турак жайларды аткылоо учурунда эки киши каза тапты.
Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин дагы эки киши жабыркаганын билдирди.
Запорожьеде орус армиясынын чабуулунан кийин соода борбору өрттөндү. Турак жайга зыян келтирилди. Запорожьеде 1200дөй абонент жарыксыз калды.
Одессада соккулардан он кабаттуу үйдүн бешинчи кабатындагы батирде өрт чыкты. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы өрт өчүрүлгөнүн, бактыга жараша жабыркагандар жок экенин маалымдады.
Полтава облусунда өндүрүш ишканасын да өрт чалды.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.
Америкалык Center for Strategic and International Studies (CSIS) борборунун жаңы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери эки тараптан тең каза болгон жана жараат алган аскерлердин жалпы саны 2 миллиондон ашты.
Изилдөөчүлөрдүн тыянагында, 2026-жылдын биринчи жарымында орус аскерлеринин жоготуулары беш эсеге өскөн.
Орусиянын Краснодар аймагынан губернатору Вениамин Кондратьев 12-августка караган түнү аймакка жүздөгөн дрондор чабуул койгонун билдирди.
Анын айтымында, Новороссийск шаарында сегиз жаштагы бала чарчап калды. Сегиз адам жараат алды, алардын арасында да бир бала бар.
Кондратьев дрон сыныктары төрт ишканага жана 21 турак үйлөргө түшкөнүн кабарлады.
Новороссийск шаарынын мэри Андрей Кравченко үйдүн чатырына тийген соккунун кесепетинен алты жаштагы бала жараат алганын ырастады.
Темрюк районунун Волна айылында дрон сыныктары жеке үйдүн короосуна түшүп, бир адам жабыркаган.
"Дарыгерлер колдон келгендин баарын жасады, өкүнүчтүүсү, эркек кишини сактап калууга мүмкүн болгон жок", - деп жазды Кондратьев.
Анапада турак үй кыйрап, эки адам жараат алса, Геленжикте үч үй бузулуп, эки адам жабыркаган.
Astra басылмасы Новороссийск шаарындагы чабуулдун кесепетинен Орусиянын Аскер-деңиз флотунун кемелери токтоочу жайдын жанындагы №15 орто мектепке зыян келтирилгенин жазды. Украиналык Exilenova+ мониторинг каналы эки элеваторду жана порттук курулмаларды камтыган Новороссийск дан азыктары комбинатына (НКХП) чабуул коюлганын кабарлады.
"Крымский ветер" каналы NASA FIRMS сервисинин маалыматына таянып, өрт "Шесхарис" мунай терминалынын четинде жана Кара деңиз флотунун кемелери менен суу астындагы кайыктары токтоочу жайынын аймагында катталганын белгилейт.
Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород, Брянск, Калуга, Курск, Липецк, Орёл облустарынын, Краснодар крайынын, аннексияланган Крымдын аймактарында жана Кара деңиз акваториясында Украинанын 502 дрону атып түшүрүлгөнүн кабарлады.