Учкучсуз учактардын чабуулунан кийин Саратов облусунда "жарандык инфратүзүм объектилери жабыркаганын" облустун губернатору Роман Бусаргин билдирип, бирок кеңири маалымат берген жок.
Украиналык мониторинг каналдар жана ASTRA Телеграм каналы Саратовдогу мунай иштетүүчү ири заводдун аймагында катуу өрт чыкканын жазышты. Түтүн шаардын ар кайсы аймагынан көрүнүп турганы кабарланды.
Саратов мунай иштетүүчү заводу "Роснефть" компаниясынын тутумунда, завод жылына жети млн тоннадай мунай иштетет. 2023-жылы 4,8 миллион тонна мунай иштетилгенин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы белгилеген.
Ростовдо сокку Матвеево-Курган районундагы күйүүчү май сакталган кампага жасалганын облустук бийлик маалымдады. Дрон сыныктарынан улам менчик ишкананын күйүүчү май сактагычы күйгөнүн губернатор Юрий Слюсарь жазды. Матвеев Курган шаарчасында аптека, эки дүкөн жана автоунаа жабыркаган.
Кировдун губернатору Александр Соколов дрон соккусунан соң Уржум районундагы аты аталбаган ишканада өрт чыкканын кабарлады. Украиндердин Exilenova каналы кеп "Лазарево" өндүрүштүк-диспетчерлик станция тууралуу болуп жатканын ырастоодо.
Орусиянын Коргоо министрлиги 31-майга караган түндө жалпы 216 дрон жок кылынганын кабарлады.
Мурдараак Reuters агенттиги тармактагы өз булактарына шилтеме кылып, украин соккуларынан кийин Орусиянын борбор тарабындагы дээрлик бардык мунай заводдору ишин токтотууга же өндүрүштү кыскартууга мажбур болушканын маалымдаган.
"Вот Так" телеканалы Украинадагы согуш башталгандан бери украин армиясы Орусиядагы мунай заводдоруна кеминде 158 ирет сокку урганын эсептеген. 2026-жылдын башынан бери эле украин күчтөрү мунай заводдоруна 30дан ашуун жолу чабуул койду, бул 2024-жылкы көрсөткүчкө караганда үч эсе көп.
Бирок Forbes сурамжылаган эксперттер Орусиянын бир да мунай заводу согуш учурунда соккудан улам узак убакытка токтоп калбаганын айтышкан. Алар күйүүчү май таңкыстыгы ички рынокто сезилбесин, жетишпестик Беларустан айына 200 миң тоннага чейин алынуучу күйүүчү май менен толукталарын айтышкан.
Пермдеги мунай иштетүүчү заводго урулган соккудан кийин Орусиянын Европа бөлүгүндө сокку урулбаган бир да мунай иштетүүчү завод калган жок.
Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын 20-пакетинин алкагында Киев да Москвага жаңы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу ишембиде украин президентинин кеңсесинин маалымат кызматы кабарлады.
Мекеме президент Владимир Зеленский Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин чечимдерин санкцияларга шайкеш келтирүү боюнча эки жарлыкка кол койгонун белгиледи. Жаңы санкциялар буга чейин украиналык чектөөлөрдө турган орусиялык 120 жаранды жана уюмдарды камтыйт.
Жаңы чектөөлөр орусиялык 16 жаранга, Орусия, Беларус, БАЭ, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандын компанияларына жана Украинанын убактылуу баскынчылыкта калган аймактарындагы жалпы 31 ишканага тийиштүү.
Жарандардын арасынан "кара тизмеге" Орусиянын стратегиялык ишканаларынын, бюджеттик мекемелеринин, орус армиясынын жетекчилери жана Орусия басып алган аймактарда иштеп жаткан кызматкерлер кирерин "Азаттыктын" украин кызматы кабарлады.
Алардын ичинде прокурор Людмила Баландина, судья Дмитрий Гордеев жана "Россия-1" телканалынын "Вести" программасын алып барган Мария Ситтель бар. Киев аларды саясий чечимдерге катышы бар жана жалган маалымат таратууга айыптоодо.
Ишканалардын ичинен санкциялар Орусиянын коргонуу өнөр жай компанияларына, электрондук согуш системаларын, программалык камсыздоо жана дрон компоненттерин өндүрүүчүлөргө, ошондой эле мунай, газ жана алтын казуучу компанияларга киргизилди. Тактап айтканда, чектөөлөр Орусиянын аэрокосмостук жана дрон компоненттерин өндүрүүчүсү "Атлант Аэро" жана дрондор жана ракеталар үчүн байланыш системаларын жана компоненттерин чыгаруучу орусиялык "Ирз-Связь" компаниясына тиешелүү.
Мындан тышкары санкциялар украин тараптын арызы менен Бириккен Араб Эмирликтериндеги Орусиянын лабораториялары үчүн станокторду, жабдууларды, химиялык заттарды жана коммерциялык учактар үчүн тетиктерди саткан компанияларга, ошондой эле беларус мунайын экспорттоочуларга да киргизилди.
Санкцияларга Судандын 7, Ирандын 17 жараны жана баллистикалык ракеталар менен дрондорду өндүрүү программасы менен иштеген ирандык 11 ишкана да илинди.
Узап бараткан аптада Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 21-пакетин даярдоого киришкенин билдирген. РБК жазгандай, анын мазмуну азырынча ачыкталбайт. Басылма согуштун экономикалык кесепеттери орусиялыктардын жашоосуна ачык тийе баштаганы Брюсселде белгиленгенин Урсула фон дер Ляйендин сөзүнө шилтеме кылып жазды.
Орусиялык аскерлер 30-майга караган түнү УкраинанынСумы облусунун Шостка аймагына учкучсуз учактар менен сокку урду. Жарандык инфраструктура объектилерине зыян келтирилип, имараттар талкаланды.
Турак жай жана турак эмес имараттарга, административдик жайларга жана транспортко да зыян келтирилгенин жергиликтүү облустук аскердик администрациясынын (ОВА) башчысы Олег Григоров өзүнүн Telegram каналына жазды. Анын айтымында, дрондордун бир бөлүгүн коргонуу күчтөрү жок кылууга жетишти.
Баштапкы маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Ошол эле учурда, 30-майда Запорожье облусундагы өнөр жай инфраструктурасына эртең менен жасалган соккудан бир адам жаракат алганын жергиликтүү бийлик башчысы Иван Федоров жазган. Жабыркаган адам 40 жаштагы эркек экени кабарланган. Кийин ал каза болгону маалымдалды.
Сумы облусунда бир сутка ичинде Орусиянын учкучсуз учактарынын чабуулунан бир адам - Краснополье аймагында 59 жаштагы эркек киши каза болгонун 30-май күнү эртең менен Григоров Telegram каналына жазды. Дагы эки адам - 48 жаштагы аял жана 65 жаштагы эркек киши жаракат алды. Облустун 11 аймагындагы 19 калктуу конушка 50дөн ашык сокку урулду.
30-майга караган түнү Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын аймагына жалпысынан алты Х-101 канаттуу ракетасын жана 290 сокку уруучу учкучсуз учагын, «Искандер-М» баллистикалык ракетасын учурду. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдирди. Украиналык аскерлер 279 дронду жана беш ракетаны атып түшүрүп, токтотуп калууга жетишкенин билдиришти. Учкучсуз учактардын жети жерге тийгени жана дагы он жерге сыныктар түшкөнү катталды. "Мындан тышкары, душмандын эки ракетасы (канаттуу жана баллистикалык) бутага жеткен жок, алар боюнча маалымат такталууда", - деп кошумчалашты Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү.
Ишембиге караган түнү Орусиянын түштүгүндөгү Таганрог шаарында учкучсуз учактардын чабуулунан улам танкер, күйүүчү май куюлган резервуар жана административдик имарат өрттөнгөнүн Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсар өзүнүн Телеграм каналында билдирди.
Слюсар кийинчерээк порттун аймагындагы танкердеги жана объектилердеги өрт өчүрүлгөнүн, сакталып турган мазут акпаганын жазды.
Ал ошондой эле Таганрогдогу жеке турак үйдө дрон соккусунан бир эркек киши жана бир аял жабыркаганын кабарлады. Слюсар түн ичинде жана эртең менен аймакта абадан жасалган чабуулдун мизин кайтаруу учурунда "дээрлик элүүгө жакын дрон жок кылынганын" белгиледи. Чабуул Таганрогдон сырткары Ростов-на-Дону, Сальск, Миллерово, Тарасов, Шолохов, Верхнедонской жана бир катар башка райондорго да жасалды.
Украиналык Exilenova+ Телеграм каналы Таганрогго жасалган "массалык чабуул" тууралуу жазып, жарылуулар авиациялык заводдун аймагында да болгону кабарланганын билдирди.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Учкучсуз системалар күчтөрүнүн командири Роберт Бровди өзүнүн Телеграм каналында түн ичиндеги чабуулдан Таганрогдо "Курганнефтепродукт" мунай базасы жана "көмүскө флоттун" танкери жок кылынганын жазды. Бровди ошондой эле жергиликтүү аскерий аэродромго жасалган соккудан улам Ту-142 үлгүсүндөгү суу астындагы кемелерге каршы эки учак жана "Искандер" ыкчам-тактикалык ракеталык комплекси жабыркаганын билдирди.
Орусия тарап аэродромго жасалган чабуул тууралуу кабарлаган жок.
Мындан сырткары Бровди Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Орусия басып алган Крымдагы Феодосия деңиз мунай терминалына жасаган түнкү чабуулу тууралуу да жазды. «Крым.Реалии» басылмасы Феодосиядагы мунай базасынан бир нече чакырымга созулган түтүндүн сүрөттөрүн жарыялоодо.
Краснодар аймагында дрон сыныктары түшүп, Армавирдеги кайра жүктөөчү мунай базасынын аймагында өрт чыкканын жергиликтүү ыкчам штаб билдирди. Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Кийинчерээк өзгөчө кырдаалдар кызматтары мунай базасында тутанган өрт өчүрүлгөнүн маалымдашты.
Ыкчам штаб ошондой эле Приморско-Ахтарск шаарында украин дронунун сыныктары түшкөдө бир адам жабыркаганын кабарлады. Шаарда дрондун сыныктары алты даректен табылган. Жеке үйлөрдүн терезелери жана сырткы жасалгасы зыян тарткан.
Белгород облусунун губернатору Александр Шуваев өткөн суткада аймакка украин дрондору менен 55 жолу чабуул жасалганын билдирди. Шуваев украин тарап авиация жана артиллерияны колдонгонун айтууда. Ал чабуулдардын кесепетинен үч жай тургун каза болуп, дагы үчөө жаракат алганын кошумчалады.
Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн түнү Украинанын 127 дрон чабуулун тосконун жарыялады. Аскерий мекеменин маалыматы боюнча, учкучсуз аппараттар Брянск, Волгоград, Воронеж, Курск, Орёл облустарынын жана башка аймактардын үстүнөн да атып түшүрүлдү.