Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:49
Днепр. 2026-жылдын 2-июну.
Днепр. 2026-жылдын 2-июну.

Украинадагы түнкү чабуул: Тогуз өмүр кыйылды, ондогон адам жараат алды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




10:25 30.5.2026

Орусия аннексиялап алган Крымдын бийлиги бул аймакта АИ-95 үлгүсүндөгү бензинди сатууга чектөө киргизди. Москва дайындаган аймактын "башчысы" Сергей Аксенов 30-майдан тартып АИ-95 бензинин суткасына бир жолу 20 литрден ашык эмес сатып алууга уруксат берилгенин билдирди.

Аксенов ошондой эле жергиликтүү тургундардан "бензинди запаска албоону" өтүндү. Крымдын Отун жана энергетика "министрлиги" өзүнүн сайтында май куюучу станцияларда ар кандай маркадагы бензин бар экендиги жөнүндө маалыматты жарыялай баштады. Бирок 29-майдын кечинде АИ-95 тизмедеги 148 май куюучу станциянын көбүндө жок болгон.

Ошол эле күнү эртең менен аннексияланган Севастополдун "губернатору" Михаил Развожаев шаардын май куюучу станцияларында "логистикалык кыйынчылыктарга" байланыштуу АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензин "убактылуу" жок болуп жатканын билдирди. Ошондой эле, анын айтымында, дизель майынын тартыштыгы пайда болду.

Бир жума мурда, 22-майда Севастополдун "бийлиги" Крымдын бардык аймагына бир унаага же канистрге 20 литрден ашык эмес деген чектөө киргизген.

24-майда Украинанын Запорожье облусунун оккупацияланган бөлүгүндө да май куюучу станцияларда күйүүчү май сатууга чектөө киргизилген.

Reuters агенттиги 20-майда расмий маалыматтарга жана өз булактарына таянып Орусиянын борбордук бөлүгүндөгү ири мунай иштетүүчү заводдордун дээрлик бардыгы акыркы жумаларда Украинанын дрон чабуулдарынан кийин күйүүчү май өндүрүшүн токтотууга же кыскартууга аргасыз болгонун билдирген. Толугу менен же жарым-жартылай ишин токтоткон мунай иштетүүчү заводдордун жалпы кубаттуулугу жылына 83 миллион тоннадан ашык же суткасына 238 миң тоннага жакынды түзөт. Агенттиктин анонимдүү булактарынын маалыматы боюнча, бул Орусиядагы мунай иштетүүнүн төрттөн бирин, бардык бензиндин 30% ашыгын жана дизель майынын 25% жакынын түзөт. Орусиянын Энергетика министрлиги Reuters агенттигинин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.

Экономист Вячеслав Ширяев 29-майда DW эфиринде Орусияда бензин өндүрүү боюнча иштеп жаткан кубаттуулуктун 45% гана калганын билдирди:

"Мага күн сайын адамдар бензин жок жерлер, 15 литрден берип жаткан жерлер тууралуу маалымат жөнөтүп турушат. Бул дээрлик Орусиянын борбордук аймактарынын баары".

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.

17:04 29.5.2026
"Абалды курчутуу аракети". Румыния дрон чабуулу үчүн Орусияны айыптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00
15:30 29.5.2026

Румыния, НАТО жана Еврошаркет Галацка соккуну айыптады

Румыниянын тышкы иштер министри Оана Цою 29-майга караган түндөгү дрондордун чабуулун "Орусиянын олуттуу жана жоопкерчиликсиз эскалациясы" деп атады. Румыния Украина менен чек арага жакын жайгашкан Галац шаарында эл жашаган көп кабаттуу үйгө тийген дрон Орусияныкы деп эсептейт.

Анда эки киши жарадар болуп, көп кабаттуу турак жайда өрт чыккан, жашоочулар эвакуацияланган.

НАТОнун расмий өкүлү Элисон Харт Москваны "жоопкерчиликсиз" деп айыптады. НАТОнун баш катчысы Марк Рютте румын бийлиги менен байланышта экенин, мындан ары альянс өз аймагын дрон коркунучунан да коргонуу үчүн бекемдей турганын айтты.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусиянын агрессиясы "дагы бир линиядан өттү" деп билдирди.

"Биз Орусияга басымды мындан ары да күчөтөбүз. Биз санкциялардын 21-пакетин даярдап жатабыз", – деди Урсула фон дер Ляйен.

13:11 29.5.2026

29-майга караган түнү орусиялык дрон Кара деңизде түркиялык компанияга таандык жана Вануатунун желеги алдында бараткан ANT жүк ташуучу кемесине сокку урду.

Украинанын Аскердик деңиз күчтөрү билдиргендей, жүк жүктөгөн кеме Одесса облусунун портторунун биринен Түркияга багыт алганда чабуулга кабылган. Соккунун натыйжасында кемеде өрт чыгып, эипаждын эки мүчөсү жараат алган.

Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин маалыматына караганда, түндө учкучсуз аппараттар Кара деңизде Вануату, Комор аралдары жана Панаманын желеги менен бараткан үч соода кемесине сокку урду.

Одесса облусунда электр линиялары үзгүлтүккө учурап, 4 миңдей абонент жарыксыз калды.

Түндө Запорожье облусу да чабуулга кабылды. Александров районунда көп кабаттуу төрт турак жайга зыян келтирилди. Облустун башчысы Иван Федоров билдиргендей, үч киши жараат алды, анын бири 80 жаштагы аял.

Чернигов облусунда учкучсуз аппараттар Машево кыштагын бутага алды, соккудан мектептин имараты толук күйүп кеткенин Новогород-Северск райондук аскердик администрациясынын жетекчиси Александр Селиверстов маалымдады. Украинанын Аба күчтөрү түндө Орусия 232 дрон жана Искандер-М ракетасы менен чабуул койгонун билдирди. 217 дрон жок кылынган.

"Баллистикалык ракетанын жана 14 дрондун 14 жерге тийгени катталды. Атып түшүрүлгөн дрондордун калдыктары жети жерге тийди", – деп жазылган маалыматта.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG