Орусиянын армиясы 24-майга караган түнү Украинанын борбору Киевге дрон, ракеталар менен жапырт чабуул койду. Анда эки киши каза таап, жараат алгандар акыркы маалымат боюнча 50дөн ашканын Киевдин мэри Виталий Кличко билдирди. Алардын 28и ооруканага жаткырылды, арасында эки бала бар. Үч кишинин абалы оор.
"Киев үчүн эң коркунучтуу түн болду. Азыр куткаруучулар өрттөрдү өчүрүп, урандыларды тазалап жатат", — деп жазды ал соцтармактардагы баракчаларына.
Кличко жапырт чабуулдан шаардын дээрлик бардык райондору зыян тартканын айтты.
Дрондор жана ракеталар көп кабаттуу үйлөргө тийип, өрт чыкты. Автоунаалар өрттөндү. Кулатылган дрондордун калдыктары дүкөн, социалдык жайлар жана соода борборлорунун имараттарына түштү.
Орусиянын Коргоо министрлиги күнүмдүк маалыматында 23-май кечки саат 20:00дөн 23-май таңкы саат 7ге чейинки аралыкта абадан коргонуу күчтөрү украиналык 33 дронду атып түшүргөнүн маалымдады.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп, бейкүнөө киши өлүмү, жараат алгандар көбөйдү. Киев Москванын согушуна жооп иретинде, орусиялык мунай заводдорун жана армияны каржылаган башка объектилерге маал-маалы менен сокку уруп келатат.
Орусияда бийлик согушка студент кыздарды да тартууга аракет кылууда. Бул тууралуу "Гроза" басылмасы студенттердин бирине таянуу менен билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, Красноярск радиоэлектроника жана маалыматтык технологиялар коллежинин студент кыздары үчүн жабык жолугушуу өткөрүлдү. Анда аскердик формачан эркек киши жана администрациянын өкүлү болгон эки аял кыздарды учкучсуз учуучу аппараттар аскерлерине кошулууга үгүттөштү.
Студент кыздардын биринин айтымында, жолугушууда учкучсуз аппараттардын оператору болуш үчүн кандай талаптар коюлары тууралуу айтып беришти. Бул үчүн кыздардын жаш курагы 18ден 34кө чейин, өзү мурда соттолбогон жана балдары жок болушу шарт экени айтылды.
Басылма белгилегендей, ушуну менен коллеждин студент кыздарын согуштук дрон аскерлерине кошулууга үгүттөгөн сегизинчи жолугушуу тууралуу кабарланды. Буга чейин ушундай эле жолугушуулар Сибир мамлекеттик индустриалдык университетинде, Санкт-Петербургдагы Маалыматтык технологиялар, механика жана оптика улуттук изилдөө университетинде, Аскердик механикалык институтта, Самара жана Ярославл мамлекеттик университеттеринде, Сибир федералдык университетинде, Красноярск тармактык технологиялар жана ишкердик коллежинде уюштурулган.
Орусиялык аскерлер 21-майга караган түнү Украинага "Искандер-М" баллистикалык ракетасын жана сокку уруучу 116 учкучсуз учагын учурду, абадан коргонуу күчтөрү алардын 109ун атып түшүрдү. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдирди.
Чернигов облусунун Новгород-Северский районунда Орусиянын чабуулунан бир адам каза таап, дагы экөө жаракат алганы белгилүү болду. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, айыл чарба ишканасынын аймагында унаа жана кампа күйдү.
Днепрде эки аял жараат алганын Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа кабарлап, турак үйдүн бешинчи кабатында чабуулдан улам батир жабыркап, жарылуу толкунунан бир нече кошуна үйлөрдүн терезелери талкаланганын кошумчалады. Дагы эки адам Кривой Рогдо жана Никопол районунда жаракат алды.
21-майдын таңында орусиялык аскерлер Харьков районундагы жүк ташуучу унааны учкучсуз учак менен аткылашты. Аймак башчысы Олег Синегубовдун айтымында, бир адам каза болду.
Орусияда быйыл май айында бюджетке мунай жана газдан түшкөн киреше өткөн жылдын май айына салыштырганда дээрлик 40% өсүп, болжол менен 700 миллиард рублга жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Reuters агенттиги өзүнүн эсептөөлөрүнө таянып билдирди.
Агенттик мындай өсүштү Ирандагы согуш жана Ормуз кысыгындагы кризистен улам мунайдын дүйнөлүк баасы көтөрүлгөнү менен байланыштырууда. Мунай жана газ кирешеси Орусиянын бюджетине түшкөн каражаттын бештен бир бөлүгүн камсыз кылат. Ошол эле учурда апрель айына салыштырмалуу киреше салык төлөмдөрү өзгөргөнүнө жана мунайды кайра иштетүүчүлөргө берилүүчү субсидия көбөйгөнүнө байланыштуу болжол менен 17% кыскарат деп болжолдонууда.
Май айындагы өсүшкө карабастан быйылкы жылдын алгачкы беш айында Орусиянын мунай жана газ кирешеси, Reuters баамдагандай, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда болжол менен үчтөн бир көрсөткүчкө азайып, үч триллион рублди түздү. Reuters ошондой эле 2025-жылы Орусиянын бюджетине мунай жана газдан түшкөн киреше 24% азайып, 8,5 триллион рублди түзгөнүн, бул 2020-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч болгонун белгиледи.