Орусиянын Самара аймагында дрон чабуулунан 21-майда кеминде эки адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу облус губернатору Вячеслав Федорищев билдирди. Анын айтымында, сокку Сызран аймагына урулду, натыйжада дагы бир нече адам жараат алды.
Федорищев Сызранда кайсы объектилерге чабуул жасалганын тактаган жок.
Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдары Сызран мунайды кайра иштетүүчү заводу күйүп жатканын жазууда. Бул завод "Роснефть" компаниясынын Самара мунай иштетүүчү заводдор тобуна кирет. Баштапкы кайра иштетүүнүн долбоордук кубаттуулугу жылына 8,5 миллион тоннаны түзөт. Завод бензин жана дизел майын, кеме отунун, суюлтулган газ жана битум чыгарат.
Украин армиясы буга чейин бул ишканага бир нече жолу чабуул жасаган.
Ростов облусунун башчысы Юрий Слюсар аймактын беш районунун үстүнөн "отузга жакын учкучсуз учуучу аппарат жок кылынганын" билдирди. Шолохов районундагы Вешенский токой чарбасында дрондун "сыныктары түшкөндөн" кийин эки жерде өрт тутанды.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.
Москванын Капотня районундагы мунайды кайра иштетүүчү заводу 17-майга оогон түндөгү украиналык дрондордун чабуулунан кийин ишин токтоткон болушу мүмкүн.
Бул тууралуу Reuters агенттиги анонимдүү эки булагына таянып жазды.
Маалыматка караганда, соккулар заводго анчалык көп зыян келтирген эмес, бирок иш коопсуздукка байланыштуу токтотулган. Агенттиктин булактары ишкананы кайра иштетүү үчүн бир нече күн керектелерин айтып беришкен.
Завод Москванын түштүк-чыгышында жайгашкан. Бул тармакта иштеген булактар Reuters агенттигине маалымдагандай, 2024-жылы аталган завод 11,6 миллион тонна чийки мунайды кайра иштетип, 2,9 миллион тонна бензин, 3,2 миллион тонна дизел, 1,3 миллион тонна битум өндүргөн.
Украинанын соккусунда учкучсуз учактардын бири заводдун кире бериш аймагына түшүп, 12 киши жараат алган. Заводдун имараттарына келтирилген зыян тууралуу кабарланган эмес.
Заводго ээлик кылган "Газпромнефть" компаниясы журналисттердин комментарий берүү тууралуу өтүнүчүн жоопсуз калтырды.
Буга чейин Reuters 19-майда дагы эки булакка таянуу менен Орусиянын Рязандагы мунайды кайра иштетүүчү заводу өткөн жума күнкү дрон чабуулунан кийин ишин токтотконун маалымдаган. Аталган завод Орусияда кайра иштетилген жалпы мунайдын 5% өндүрөт. Мындан тышкары башка заводдордо, анын ичинде Кириши менен Туапседеги ишканаларда да иш токтоп же үзгүлтүккө учураганы кабарланган.
Буга карабай май айында Орусиянын мунай-газ сатуудан тапкан кирешеси былтыркы жылдын ушул кезине салыштырмалуу 39% жогору болуп, 10 миллиард долларга жетиши ыктымал деген божомол бар экенин Reuters белгиледи.
Маалыматта ошол эле кезде түшкөн пайда апрелге караганда 17% аз болору айтылат.
Орусиянын мунай-газ тармагындагы кирешенин көбөйүшүнө Жакынкы Чыгыштагы чыңалып турган кырдаал таасир этти. Дүйнөлүк кара майдын олуттуу бөлүгү өткөн Ормуз кысыгы де-факто дагы деле жабык турат.
Литванын түштүгүндө, анын ичинде башкалаа Вильнюста 20-майда эртең менен Беларус тараптан учурулган болушу ыктымал деген дронго байланыштуу айгай жарыяланды.
Вильнюста аэропорттун иши токтотулду. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, жашоочулар далда жерге жашырынуу тууралуу эскертүүлөрдү алышты.
Литванын президенти Гитанас Науседа, премьер Инга Ругинене, Сеймдин төрагасы Йозас Олекас жана депутаттар да башкалкалоочу жайларга киргени кабарланды.
Парламенттин Тышкы иштер комитетинин вице төрагасы Жигимантас Павилёнис айгайдан кийин комитет отуруму баш калкалоочу жайда уланганын кабарлады.
"Дронду атып түшүрүүгө уруксат берилгендир, жакшы кабар күтөбүз", – деп жазды ал Фейсбуккка.
Кийинчерээк армия бир сааттай убакытка созулган айгай токтотулганын жарыялады.
Дронду кармоо үчүн Балтия мамлекеттеринин аба мейкиндигин кайтарган НАТОнун истребителдери көтөрүлдү.
Окуя эмне менен бүткөнү азырынча белгисиз. Дрон Литванын аба мейкиндигине чындап эле киргени тууралуу да так маалымат жок.
Кечээ НАТОнун абадан коргонуу күчтөрү Эстониянын үстүнөн учкучсуз учакты атып түшүргөн.
Ал Орусияга учурулуп, бирок багытынан адашкан украиналык дрон болушу ыктымал экени айтылган.
Акыркы учурларда Балтия мамлекеттеринде мындай бир нече учур катталды.
Орус Тышкы чалгын кызматы 19-майда "Украинага өз аймагы аркылуу Орусияга дрондор менен сокку урууга мүмкүнчүлүк берет" деп Латвияны айыптаган.
Рига менен Киев дароо бул маалымат жалган экенин билдиришкен.
Орусиянын Тышкы чалгын кызматы Киев Орусиянын аймактарына Латвиядан сокку урууга даярданып жатканын билдирип, "өч аларын" эскертти.
"Киев Балтика өлкөлөрү берген аба мейкиндигин пайдалануу менен чектелбейт. Учкучсуз учактарын да бул өлкөлөрдүн аймактарынан кое берүүнү пландоодо. Бул ыкма бутага жетүү убактысын азайтат жана террористтик чабуулдун натыйжалуулугун жогорулатат", - деп жазылган чалгын кызматынын маалыматында.
Анда ошондой эле "Латвия тараптын Москванын жооп соккусуна бута болуудан чочулоосуна карабай Киев Риганы бул операцияны жүргүзүүгө макулдатканы" белгиленген. Маалыматта Латвияга Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери жиберилгени, алар "Адажи", "Селия", "Лиелварде", "Даугавпилс" жана "Екабпилс" аскер базаларына жайгаштырылганы айтылган.
Орусиянын Тышкы чалгын кызматы "Латвиянын чечим кабыл алуу борборунун координаттары белгилүү" экенин, ал эми өлкөнүн НАТОго мүчөлүгү "адилеттүү өч алуудан" коргобосун билдирди.
Латвиянын тышкы иштер министри Байба Браже бул билдирүүнү "Орусиянын кезектеги калпы" деп атады.
"Латвия өз аба мейкиндигин Орусияга сокку уруу үчүн бербейт. Бул тууралуу бир нече ирет Орусиянын өкүлдөрүнө түшүндүрүлгөн", - деп жазды ал X соцтармагына.
"Орусия калп айтып жатканын" Латвиянын президенти Эдгарс Ринкевичс да билдирди.
Украина азырынча бул боюнча комментарий бере элек. Мурдараак Москва Балтика өлкөлөрүн, анын ичинде Латвияны украиналык учкучсуз учактарга Орусияга сокку уруу үчүн өз аймагынан учуп өтүүгө уруксат бергени үчүн айыптаган. Латвия жана башка өлкөлөр украиналык дрондор акыркы убактарда алардын уруксатысыз эле учуп жатканын белгилеп, кескин четке кагышты.
7-май күнү украиналык эки дрон Латвия аймагына, анын ичинде Резекнедеги мунай заводунун айланасына кулаган соң бул өлкөдө саясий кризис жаралган. Премьер-министр Эвика Силинянын сындоосунан кийин коргоо министри Андрис Спрудс кызматтан кеткен. Андан кийин өкмөт бөлүнүп, премьер-министр Силиня өзү да кызматтан кетүүгө арыз берген. 17-майда Латвиянын асманына кайрадан дрон учуп кирген.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги ошол кезде маалымат таратып, дрондор Латвиянын аймагына орусиялык радиоэлектрондук жабдуулардан улам түшүүсү ыктымалдыгын билдирген.
Орусиядагы бутага бет алган украиналык дрон болушу ыктымал делген учкучсуз учак шейшембиде Эстониянын үстүнөн атып түшүрүлгөн.