Украинанын бир катар аймактарында 3-апрелде жана 4-апрелге караган түнү Орусиянын чабуулдарынан адамдар каза болгону, жараат алганы кабарланууда.
Сумы облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Кривошеенко билдиргендей, көп кабаттуу үйгө тийген соккудан кеминде төрт адам жаракат алды. Дрондун соккусунан улам 16 кабаттуу турак жайдын 13-кабатында өрт чыкты.
Сумы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Артем Кобзар калаа аймагында үч жолу жарылуу болгонун, айрым жерлерде өрт чыкканын билдирди.
Херсон аймагында, облустук прокуратуранын маалыматына караганда, орусиялыктардын чабуулунан бир адам каза болуп, 16 адам жаракат алды.
"3-апрелде орус армиясы Херсон аймагына бомбалоочу төрт учак, ошондой эле артиллерия, миномет жана учкучсуз учуучу аппараттар менен абадан сокку урду", - деп айтылды билдирүүдө.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, саат 8:30 чамасында орус аскерлери кичи автобус аялдамасына дрондон жарылуучу зат таштап, тогуз жүргүнчүнү жарадар кылды. Андан кийин, саат 12:30да облустук борборго дагы бир сокку урулуп, 60 жаштагы аял каза болду, дагы бир адам жаракат алды.
Күн бою Херсон артиллерия жана дрон менен аткыланып, дагы алты жайкын тургун жаракат алганын да прокуратура кабарлады. Мекеме кошумчалангандай, жеке жана көп батирлүү үйлөр, ооруканалар жана билим берүү мекемеси, диний имарат, кичи автобус жана башка унаалар зыянга учурады.
Орус аскерлери Краматорск шаарына да кол салып, төрт адам каза болду. Донецк облустук администрациясынын башчысы Павел Филашкиндин айтымында, орус аскерлери шаарга абадан бомба ташташты. Төрт адам, анын ичинде 16 жаштагы бала каза тапты.
Жергиликтүү бийлик билдиргендей, соккулардын айынан көп кабаттуу кеминде беш имарат, бир май куюучу жай жана беш унаа зыян тартты.
Днепропетровск аймагында орусиялык дрон, артиллерия жана ракета чабуулдарынан улам бир адам каза болуп, 12 адам жаракат алды.
"Никопол районунда инфраструктура, оорукана, базар, май куюучу жай, ишканалар, административдик имарат, жеке үйлөр жана көп кабаттуу имараттар, ошондой эле унаалар жабыркады", - деди Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Александр Ганжа.
Орусиянын дрондору Харьковдун Шевченко районун да бутага алганын облустун губернатору Олег Синегубов кабарлады.
"Учурда эки адам жаракат алганы белгилүү - 60 жаштагы эркек жана 30 жаштагы аял. Медицина кызматкерлери аларга зарыл болгон жардамын көрсөтүп жатышат", - деди ал. Көп өтпөй облус башчысы дагы эки киши жаракат алганын кошумчалады.
31-мартка караган түнү орус армиясы Украинанын аймагын жалпысынан 289 согуштук дрон менен бутага алганын өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Украин аскерлеринин маалыматына караганда, эртең мененки саат 8:00гө чейин 267 дрон атып түшүрүлдү же иштен чыгарылды.
11 жерде дрондун жыйырма соккусу катталып, дагы алты жерде сыныктары түшкөнү аныкталган.
Одесса жана Полтава облустарынын бийликтери да шейшембиге караган түнү дрон соккулары тууралуу кабарлашкан. Полтавада бир адам каза болуп, төртөө, анын ичинде эки бала жаракат алганы белгилүү болгон.
Дрон чабуулуна кабылганын Орусия да билдирди. Өлкөнүн Коргоо министрлиги 31-мартка караган түнү 92 украиналык дрон "кармалып, жок кылынганын" жарыялады.
Мекеменин маалыматына караганда, дрондор Брянск, Белгород, Ленинград, Курск, Новгород, Ростов, Псков, Смоленск, Орел, Калуга, Тверь жана Москва облустарынын аймагында атып түшүрүлдү.
Орусия коңшусу Украинага каршы ачкан согуш токтобой келатканына төрт жылдан ашты. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.
Расмий Киев Орусиянын аймагын аткылоосун анын Украинага каршы аскердик, согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алсыратуу максаты менен түшүндүрүп келет.
Бүгүн 31-мартта Украинанын Буча шаарынын орус аскерлеринен бошотулушунун төрт жылдыгын эскерүү иш-чараларына Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери да катышууда. Киевге Европа дипломатиясынын башчысы Кая Каллас баштаган делегация барды.
Эскерүү иш-чараларынан тышкары алар украин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, кызматташтык маселелерин талкуулоодо. Еврошаркеттин каржылык жардам берүүсүн бөгөттөп жаткан Венгрия темасы, ок атышууну токтотуудан кийин Орусияны согуш кылмыштары үчүн жазага тартуу маселелери да каралат.
Киев облусуна караштуу чакан Буча шаары Орусиянын Украинага толук масштабдуу согушу башталгандан беш жума өткөндөн кийин, 2022-жылдын 31-мартында бошотулган. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, Бучадагы оккупация учурунда 458 жайкын тургун каза болгон, алардын 419ун атып же кыйнап өлтүрүшкөн. Буча орус аскерлеринин мыкаачылыгынын символуна айланган.
Украин бийлиги Буча окуяларын геноцид деп жарыялоо зарылдыгын айтып келет. Орусия айыптоолорду четке каккан.
Орус аскерлери бул шаарга 2022-жылдын 27-февралында кирип барышкан. Калаа толук бошотулганын мэр Анатолий Федорук 31-мартта жарыялаган.
Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болду. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.
Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясынын каржы булагы деп эсептелген мунай заводдорун жана башка объектилерин маал-маалы менен бутага алып келет.
Орусиянын аскерлери Украинага күн сайын сокку уруп жатат. Жекшембиге караган түнү орус тарап 400дөн ашуун дрон менен чабуул койгонун Киев билдирген. Жекшембиде Украинанын Донецк облусундагы Краматорск шаарына Орусиянын чабуулунда үч киши каза тапты, арасында 13 жаштагы бала бар. Жараат алгандар акыркы маалымат боюнча 14 кишиге жетти.