Орусиянын Ростов облусунун бийлиги украиналык дрондордун жапырт чабуулунан Таганрог шаарында бир киши каза тапканын, сегизи жараат алганын билдирди.
«Таганрог абадан жапырт чабуулга кабылды. Абадан коргонуу күчтөрү баарын жарактан чыгарды», — деп жазды Таганрогдун мэри Светлана Камбулова.
Учкучсуз учактардын калдыктары кулаганда бир нече турак жай, социалдык жана өнөр жай ишканаларына зыян келтирилген.
Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь аймакта абадан коркунуч тууралуу эскертүү жарыяланганын айтты.
Финляндиянын аймагына алгачкы жолу эки дрон түштү. Жергиликтүү бийликтер учкучсуз учактар украиндерге таандык болушу ыктымалдыгын айтышууда. Дрондор тууралуу Финляндиянын премьер-министри Петтери Орпо маалымдады. Анын сөзүнө караганда, күч кызматтары иликтөө жүргүзүп жатышат.
Финляндиянын Коргоо министрлиги жекшембинин таңында, 29-мартта өлкөнүн аймагында бир нече учуучу аппарат байкалганын билдирди. Дрондордун бири Коуволынын түндүк тарабына, дагы бири шаардын чыгыш тарабына түшкөн.
Yle жазгандай, фин премьер-министри дрондор украиндерге таандык болушу ыктымал деп божомолдоп жатат. Орпо учкучсуз учактар өзү кулаганын белгиледи. Ал жакында эле украин аскерлери Орусиянын Финляндия менен чектешкен аймактарын аткылашканын кошумчалады.
29-март күнү Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын Ленинград облусундагы мунай портуна сокку урганын маалымдаган. Орусиянын бийлиги аскерлер Ленинградда украин тараптын ондогон дрондору жок кылынганын билдирген.
Жекшембиде Украинанын Донецк облусундагы Краматорск шаарына Орусиянын чабуулунда үч киши каза тапты. Бул тууралуу украин Башкы прокуратурасы кабарлап, каза тапкандардын бири 13 жаштагы бала экенин кошумчалады.
19 жаштан 84 жашка чейинки алты киши жараат алды.
Ушул эле күнү орус армиясы коңшу Славянск шаарындагы мейманканага сокку уруп, өрт чыккан. Бири киши жараат алганы айтылган.
Николаев облусундагы ооруканада Орусиянын ишембидеги чабуулдарынан жаракат алган 13 жашар секелек каза болду. Ал соккуда он киши жабыр тарткан.
29-мартта Запорожье облусундагы чабуулда бир киши каза тапканы, жараат алгандар бар экени кабарланды.
Краматорск салгылашуулар жүрүп жаткан аймактарга жакын жайгашкан. Орусиянын аскерлери миңдеген жашоочулар калган шаарды байма-бай аткылап турат.
Орусиянын армиясы 29-мартка караган түнү Украинанын аймагына жапырт сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Аба күчтөрү кабарлап, өлкө боюнча 400дөн ашуун «Кинжал» баллистикалык ракетасы менен чабуул болгонун билдирди.
Жергиликтүү полиция Харьков облусундагы аткылоодон жети киши жабыркаганын маалымдады. Жарандык машинага дрон түшкөн учурда үч киши жараат алды. Дагы үчөө турак жайдагы соккуда жабыркаган. Алардын бири 90 жаштагы аял.
Одессада дрондор энергетикалык объектилерге сокку уруп, бир нече калктуу конуштарда көйгөй жаралганын өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.
Донбасс.Реалий басылмасынын журналисти билдиргендей, орус армиясы Донецк облусундагы “Украина” отелине сокку уруп, өрт тутанган. Бир киши жараат алганы кабарланууда.
Чернигов, Сумы облустарында дрон чабуулунан кийин жыгач иштеткен ишкананын кампасында, башка дагы имараттарда ири өрт тутанды.
Орусиянын 28-марттагы аткылоосунан кийин Николаев облусунда жараат алгандардын саны өсүп, 10го жетти.
Орусия соңку чабуул тууралуу комментарий бере элек.
Согуш шартында тараптардын маалыматын көз карандысыз булактардан тактоого мүмкүн эмес.