Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026

Украина менен Орусия 157ден туткун алмашты

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:41 3.2.2026

Орусия 20 градуска жеткен суук шартында Украинанын энергетика тармагына кайрадан сокку урду. 3-февралга караган түнү орус аскерлери согуштук дрон жана ракета менен Киев, Днепр, Харьков, Одесса жана башка шаарларды аткылаганын жергиликтүү бийлик жетекчилери кабарлашты.

Харьковдун мэриясы энергетика инфраструктурасы зыянга учурагандыктан калаадагы кеминде 820 үйдүн жылуулук системасын өчүрүүгө мажбур болушканын билдирди.

«Атайылап энергетикалык инфраструктураны бутага алып жатышат. Максаты бир гана — шаарды болушунча талкалап, ушундай суукта жылуулуксуз калтыруу», - деди мэр Игорь Терехов.

Борбор калаа Киевде да айрым жерлерде электр жарыгы, жылуулук өчүрүлүп жатат.

Киев аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Орусиянын кезектеги чабуулунан эки киши жараат алганын жазды.


15:08 2.2.2026

29-январь күнү Ош шаарында Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында набыт болгон кыргызстандык жарандын сөөгү жерге берилди.

Маркумдун атын атагысы келбеген жакындарынын сөзүнө караганда, ал мурдагы күч кызматкери, 2007-жылы Орусия жарандыгын алган, 2014-жылдан бери Орусиянын армиясында келишим менен иштеп жүргөн. Жакынынын ырастоосу боюнча маркум Ростов шаарында дрон чабуулунан жаракат алып, оорукада көз жумган.

Анын Украинага каршы согушка тартылганы тууралуу так маалымат жок.

2022-жылдын февралында Москва Украинага согуш ачкандан бери орус тарапта согушкан же набыт болгон кыргызстандыктардын так саны белгисиз.

Украинанын “Хочу жить” долбоору жарыялаган тизмеде согушка жалданып барган делген 800дөн ашуун кыргызстандыктын 181и набыт болгону көрсөтүлгөн. Бирок бул маалыматты Кыргызстандын расмий органдары азырынча ачык тастыктай элек.

“Азаттык” буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары.

Былтыр май айында Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Украинага каршы согушка Борбор Азиянын орус жарандыгын алган 20 миңдей жараны тартылганын билдирген.

Украинага бастырып киргенден кийин Орусияда күч кызматкерлери орус жарандыгын алгандарды аныктоо үчүн рейддерди жүргүзүп келишкени, аларга аскерге чакыруу берип, аскер комиссариаттарына күчтөп алып кетишкени, алардын айрымдарын Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө мажбурлашканы кабарланган.

Бастрыкин 2024-жылы орус жарандыгын алган 30 миңдей мигрант аскердик каттоого турбай жүргөнү аныкталганын, алардын ичинен 10 миңдейи "окоп казып, тылды бекемдөөгө" жиберилгенин айткан.

15:07 2.2.2026


Европа Биримдиги Кыргызстанга жаңы санкцияларды киргизүү маселесин караштырып жатканын Bloomberg агенттиги 31-январда жазды. Анда мындай чара Орусияга карата киргизилген санкцияларды айланып өткөн деген негизде көрүлүшү ыктымал экени айтылган.

Маалыматка караганда, маселе Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга карата даярдалып жаткан санкциялардын 20-топтомунун алкагында талкууланып жатат.

Аталган агенттик Кыргызстанга карата санкцияларды кыйгап өтүү үчүн чаранын атайын механизми колдонулушу мүмкүн деп эсептейт. Негизинен өлкөгө станок жана радиоэлектрондук жабдыктардын ташылышына тыюу салуу каралып жатканы кабарланды.

Маалыматта Орусия Украинага кол салып, согуш башталгандан бери Кыргызстан маанилүү соода түйүнүнө айланганы белгиленген. Кыргызстан аркылуу Орусияга Европадан тыюу салынган товарлар өткөрүлүп турганы кошумчаланган.

Орусия Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага санкция сала баштаган. 2022-жылы орус армиясы Украинага басып кирген соң бул чараларын дагы күчөткөн. Кийин Орусия башка өлкөлөр менен кызматташуусун жанданткан соң аны менен кызматташкан мамлекеттердин компанияларына экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштаган.

Былтыр 18-декабрда Улуу Британия Украинага каршы согушта Орусия бийлигин каржылаган же ага жардам берген орусиялык жарандарга жана компанияларга карата салынган санкцияларды дагы кеңейтип, бул жолу ага Кыргызстандан KIFIKO деген компания туш болгон.

Кыргызстандын “Толубай Банк” жана “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.

Президент Садыр Жапаров сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 28-январда “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында Орусия-Украина маселесинде Кыргызстан үчүн бейтарап позицияны тандоо оор болгонун айткан.

Амангелдиев АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берди деген негиз менен Кыргызстандагы айрым ишканаларга жана банктарга салган санкциялары "туура эмес" экенин, Бишкек эч качан согушту колдобой турганын, курал-жарактардын кайсы бир тарапка өтүшүнө жол бербесин белгилеген.

10:18 2.2.2026

АКШ, Украина жана Орусиянын Абу-Дабидеги үч тараптуу жолугушуусунун кийинки раунду 4-5-февралда өтөт. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский жекшембиде билдирди.

Зеленскийи Абу-Дабиде 1-февраль күнү жолугушуу болгонбу, жокпу тактаган жок. Буга чейин Орусия, АКШ жана Украина кийинки сүйлөшүүлөр жекшембиде болорун ырасташкан.

Москва да, Вашингтон да украин президентинин сүйлөшүүлөрдүн жаңы датасы тууралуу айтканына комментарий бере элек.

Ишембиде Орусия президентинин атайын чабарманы Кирилл Дмитриев Флорида штатында АКШнын делегациясы жана атайын чабармандар Стив Уиткофф, Жерад Кушнер менен жолугушкан. Тараптар сүйлөшүү "жемиштүү" жана "конструктивдүү" өткөнүн белгилешкен.

АКШ, Орусия жана Украинанын үч тараптуу сүйлөшүүсүнүн 1-раунду Абу-Дабиде 23-24-январь күндөрү өткөн. Тараптар аймактык маселелер боюнча бир келишимге келише албаса да, жылыш болгонун айтышкан.

Бул жолугушуу алдында расмий Москва Донбасстын бардык аймагынан, анын ичинде Украина көзөмөлдөп турган жерлерден да украин аскерлеринин чыгып кетишин кайрадан талап кылган.

Украина мындай талапка таптакыр каршы экенин билдирип келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG