Орусиянын армиясы 1-февралда Украинанын Днепропетровск облусундагы Павлоград районунда жайгашкан көмүр кенин бутага алды. Дрондордун бири шахта жумушчулары отурган автобуска тийген.
Облустук администрация башчысы Александра Ганжа кеминде 12 адам мерт кетип, дагы жети адам жаракат алганын билдирди. Кийинчерээк көмүр казган компания 15 кенчи мерт кеткенин маалымдады.
Дрон тийип күйүп кеткен автобустун сүрөтүн Терновка шаарынын мэринин орун басары Вадим Добровольский соцтармакка жарыялады.
Украинадагы көз карандысыз кенчилер кесиптик кошуунунун башчысы Михаил Волынец Орусиянын чабуулунда кеминде төрт "Шахед" жанкечти дронун колдонгон. Орусия чабуул боюнча маалымат бере элек.
Жекшемби күнү орус армиясы Запорожьедеги төрөт үйүн бутага алганы, алты адам жабыркаганы, анын ичинде эки бейтап аял болгону кабарланды.
1-февралга караган түндө Орусия аскерлеринин чабуулунан Днепропетровскиде үч жай тургун мерт кеткени кабарланган.
Акыркы сутка Орусиянын аткылоосунан Украинада кеминде үч адам мерт кеткенин бийлик расмий кабарлады.
Днепропетровск облусунда түнкү соккулардын натыйжасында эки адам мерт кеткенин аймактык администрация башчысы Александр Ганжа билдирди. Днепрде соккуга жер там кабылган. 31-январдын кечинде Ганжа Никополь районунда бир адам мерт кеткенин маалымдаган. Жети адам жаракат алып, көп кабаттуу эки үй жана жети жер үй жабыркаган.
Херсон облусун аткылоодон акыркы суткада 10 киши жаракат алды, үчөө балдар деп жазды аймактын башчысы Александр Прокудин. Жекшембинин таңындагы чабуулдан Херсондо бир аялдын буту үзүлүп кеткенин облустук бийлик билдирди.
Ошондой эле Орусиянын чабуулунан жаракат алган жай тургундар Харьков, Сумы жана Запорож облустарында да бар экени кабарланды.
Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү кабарлагандай, 1-февралга караган түнү орус аскерлери украин тарапка 90 дрон менен чабуул койду, бул мурунку убактарга караганда аз. Энергетикалык объектилерге чабуул коюлганы кабарланган жок.
Президент Владимир Зеленский январь айында Орусиянын армиясы украин тарапка алты миңдей дрон менен чабуул койгонун, анын беш миңдейи башкарылма авиа бомбалар, 158и түрдүү ракеталар болгонун жекшембиде эртең менен маалымдады. Ал бутага негизинен инфратүзүм - энергетикалык объектилер жана темир жол алынганын жазды.
"Орусиялыктардын логистика, шаар аралык транспорт байланыштарын талкалоо аракетин каттап жатабыз", – деп жазды Зеленский.
Ошол эле учурда Орусия армиясы алдыга жылышы январда мурдагы айларга салыштырмалуу кыйла жайлаганы айтылууда.
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинден Киевди жана башка украин шаарларын бир апта ичинде аткылабай турууга чакырганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, Путин буга макул болду.
"Катуу сууктан улам мен президент Путинден Киевди жана башка украин шаарларын аткылабай туруусун өтүндүм. Бул жөн эле суук эмес, чектен ашкан төмөн температура. Алар мындай суукту эч качан башынан өткөргөн эмес. Мен жеке өзүм президент Путинден бир апта ичинде Киевге жана башка украин шаарларына чабуул жасабай туруусун сурандым. Ал буга макулдугун билдирди, сиздерге айтып коюшум керек, бул аябай жагымдуу болду", – деп маалымдады Трамп Ак үйдөгү Министрлер кабинетинин жыйынында.
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ лидеринин билдирүүсүн кубаттады.
"Бул кыштын суук күндөрү Киевдин жана башка шаарлардын коопсуздугун Орусиянын соккуларынан убактылуу камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү тууралуу президент Трамптын маанилүү билдирүүсү болду. Энергетика - бул жашоонун негизи, биз өмүрдү коргоого көмөктөшүп жаткан өнөктөштөрүбүздүн аракетин баалайбыз. Рахмат, президент Трамп! Бул маселени тараптар Эмираттарда талкуулашты. Макулдашуулар аткарылат деп үмүттөнөбүз. Деэскалациялык кадамдар согушту аяктоого карай чыныгы жылышка өбөлгө түзөт", — деп жазды Зеленский X социалдык тармагында.
Трамп ошондой эле орус-украин тынчтык сүйлөшүүлөрү "чоң жылышка жетишкендигин" кошумчалады. Бул тууралуу Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф да билдирди. Анын айтымында, аймактык маселелерди талкуулоо да ийгиликтүү өттү.
"Украинанын коопсуздугу жана өнүгүшүнө кепилдик берүү келишими көп жагынан аяктады", - деди Уиткофф Ак үйдөгү жыйында. Ал ошондой эле АКШ, Украина жана Орусиянын сүйлөшүүлөрдү болжолдуу бир жумадан кийин уланарын да айтты.
Бейшембинин таңында орусиялык аскер блогерлери, андан кийин Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко өз булактарына шилтеме кылып, АКШ, Украина жана Орусиянын ортосунда беш күндүк "энергетикалык жарашуу" келишими, тараптар бири-биринин энгергетикалык инфратүзүмдөрүн бутага албоо макулдашылганын билдиришти. Мурдараак мындай макулдашуу тараптардын Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрүнүн бир темасы болушу мүмкүндүгү айтылган.
Financial Times басылмасынын журналисти Кристофер Миллер болсо Киевдеги булагына шилтеме кылып, украин бийлиги Трапмтын Путинден ок атууну убактылуу токтотуу тууралуу өтүнүчүн ал жалпы жарыялаганда гана билгенин жазды. Миллердин сөзүнө караганда, украин тарап Орусиядан эч кандай белги алган эмес жана "энергетикалык жарашуу" иш жүзүндө болоруна ишене албай турат.
Кыш башталгандан бери Орусия Украинанын энергетикалык булактарын бутага алып, Киев баштаган бир катар шаарлар электр энергиясыз, жылуулуксуз калышкан.
Орусиянын соккусунан Запорожьеде көп кабаттуу бир нече үй жабыркады, жаракат алгандар бар. Украина Куралдуу күчтөрү билдиргендей, 30-январга караган түнү Орусия Украинага "Искандер-М" тибиндеги баллистикалык ракета жана 111 учкучсуз учак менен сокку урду. Алардын 80и жок кылынды.
"Баллистикалык ракета жана 25 сокку уруучу дрон 15 жерге тийгени, атып түшүрүлгөн дрондордун калдыктары эки жерде кулаганы катталды", - деп айтылат билдирүүдө.
29-январь кечинде Орусиянын аскерлери Запорожьенин конуштарын аткылаган. Облустук администрация башчысы Иван Федоровдун айтымында, бул чабуулдан жети жер үй жабыркаган. Түн ортосуна жакын шаарга кайрадан сокку урулуп, дрон көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы жерге тийген. Жарылуунун толкуну беш көп кабаттуу үйдү жана эки жеке үйдү зыянга учураткан, терезелер сынып, балкондор талкаланган. Эки аял жаракат алган.
Днепропетровск облусунун аскердик администрация башчысы Александр Ганжанын маалыматына караганда, кечинде жана түн ичинде орус аскерлери Синельников районун аткылаган. Бир эркек киши жаракат алып, орточо оор абалда ооруканага жеткирилген. Чабуулдун кесепетинен инфраструктура объекттери жана жер үй жабыркаган. Никополь районунда көп батирлүү үй, ишканалар жана маданий мекеме зыян тарткан, Павлоградда бир автоунаа зыянга учураган.
Харьков облусунда Купянск районундагы Чоң Бурлук кыштагында колдонулбай турган административдик имаратка сокку урулган. Жарылуудан кийин имараттын чатыры 100 чарчы метр аянтта күйгөн. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.