Орусиянын Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев 21-январдын кечинде украин армиясынын дрон чабуулунан улам порт терминалдарында өрт чыкканын билдирди. Анын сөзүнө караганда, чабуулдан улам аймактын Темрюк районундагы Волна поселогунда жайгашкан порттогу мунай сакталган төрт кампа өрттөнгөн.
Орусиялык Телеграм-каналдар үч жумушчу набыт болгонун, кеминде 11 адам жаракат алганын жазды.
Украин Куралдуу күчтөрү Краснодар крайындагы портторго жасалган чабуул боюнча маалымдаган жок.
Маалыматтарды согуш учурунда көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетинен майнап чыкпагандыктан Киев Орусиянын аскердик мүмкүнчүлүгүн алсыратуу максатында анын мунай жана аскердик-техникалык ишканаларын бутага алууга мажбур экенин айтып келүүдө.
Владимир Путин "Тынчтык кеңешине" туруктуу мүчө болуу үчүн Орусия миллиард доллар төлөөгө даяр экенин билдирди. Ал бул тууралуу 21-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Путин ал акчаны Орусиянын АКШдагы Борбордук банкта камакка алынган активдеринен алууну сунуштады. Financial Times жазгандай, ал жерде Орусиянын 5 млрд доллар чамалуу активдери тоңдурулган.
"Азыртан эле, а түгүл биздин "Тынчтык кеңешине" кирүү маселебиз чечилгенче, Орусиянын палестин эли менен өзгөчө мамилесин эске алып, мен ойлойм, биз "Тынчтык кеңешине" АКШнын мурдагы бийлиги тушунда ал жакта тоңдурулган активдерибизден миллиард доллар жибере алабыз", – деди Путин.
Орус президенти Тышкы иштер министрлигине "Тынчтык кеңешине" кирүү сунушун изилдеп көрүүнү жана "өнөктөштөр менен кеңешүүнү" тапшырганын кошумчалады.
Путиндин сөзүнө караганда, Москва менен Вашингтон АКШда тоңдурулган башка активдерди Украинага кол салганда жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө колдонуу тууралуу талкуулап жатышат. Бирок ал кайсы аймактарды - Украинанын көзөмөлү алдында калган же Орусия оккупациялап алган аймактардыбы, тактаган жок.
Путин Орусиянын АКШдагы активдерин колдонуу маселесин Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас жана АКШ президентинин атайын чабармандары Стив Уиткофф менен Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен 22-январда Москвада сүйлөшүүнү үмүттөнөрүн айтты.
"Тынчтык кеңешин" түзүү АКШ президенти Дональд Трамптын Газа тилкеси боюнча тынчтык планынын экинчи этабы катары каралууда. Уюмдун уставынан цитата келтирген маалымат каражаттары жаңы орган палестин аймагы менен гана чектелбесин жазышты. Уставда кеңеш "туруктуулукка көмөктөшүүчү, ишенимдүү жана мыйзамдуу башкарууну калыбына келтирүүчү жана жаңжалдашкан же чатак коркунучунда турган аймактарда бекем тынчтык орнотууга умтулган эл аралык уюм" катары көрсөтүлгөн.
Ошондой эле уставында уюмга туруктуу мүчө болгусу келген өлкөлөр миллиард доллар төлөөгө милдеттүү экени жазылган.
АКШ кеңешке чакырууну жалпысынан 60 мамлекетке жөнөткөнү айтылган. Трамп Путинди да чакырган.
Басылмалар жазышкандай, 21-январга карата чакырууну Аргентина, Азербайжан, Армения, Венгрия, Казакстан, Марокко, БАЭ, Вьетнам жана башка бир катар өлкөлөр кабыл алган. Чакырууну эгемендиги жарым-жартылай таанылган Косовонун президенти Вьоса Османи да кабыл алганы кабарланды.
"Тынчтык кеңешине" кирүүгө даярдыгын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Беларус лидери Александр Лукашенко да билдирген. Лукашенко андан кеңештин мүчөлүгүнө миллиард доллар талап кылынбаганын айткан.
Европанын көпчүлүк өлкөлөрү - Франция, Германия жана Улуу Британия аталган кеңешке мүчө болуудан баш тартышкан.
Сынчылар «Тынчтык кеңеши» Трамп сындап жүргөн БУУга атаандаш катары түзүлүп жатат деп чочулашат.
Орусиянын дрон чабуулунан кийин Харьков облусундагы 460 миң керектөөчү электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Олег Синегубов брифингде билдирди.
"Суспильне" басылмасы маалымдагандай, Синегубов жалпы 520 миң абонент жарыксыз калганын, анын ичинде 60 миңдейи 2022-жылдан бери эле жарыксыз жашап келе жатканын айтканын билдирди.
"Факты боюнча чабуулдан кийин 460 миң абонент жарыксыз калды. Адам башына айландырып айтчу болсок, албетте кыйла көп болот. Бизде үчүнчү күнү катары менен он сааттан ашык убакыт жарыксыз калган кырдаал кайталанып жатат", – деди ал.
Синегубов ошондой эле 20-январь күнү 1,1 млн абонент жарыксыз калганын, бул облус калкынын 90% түзөрүн белгиледи. Анын сөзүнө караганда учурда облуста 950 күжүрмөн жана 350 жылытуу түйүндөрү иштеп жатат.
"Буга кошумча ысык тамак таратылуучу жайларды даярдап жатабыз. Анткени биз мындан жаман кырдаалга даярдык көрүп жатабыз, себеби душман жалаң энергетикалык жана жылытуу системаларына чабуул коюууда", - деди Синегубов.
Днепропетров облусунда дрон чабуулунан эки адам: бир аял жана эркек мерт кетип, дагы бир адам жаракат алды. Мындан тышкары жер үйлөр жайгашкан аймакта бир нече өрт катталып, үч үй жабыркаган.
Кривой Рог аймагында чабуулдун натыйжасында жер үйлөр жана кабаттуу үйлөр, административдик имараттар жана автоунаалар жабыркаганы кабарланды.
Одесса облусунун аскердик администрация Олег Кипердин маалыматына караганда, Одесса районунда жер үйлөр жабыркаган, кампа кыйраган. 50 жаштагы адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Орусиянын армиясы 21-январга караган түндө жалпысынан Украинага бир баллистикалык "Искандер-М" ракетасын жана 97 дрон менен чабуул коюшканын украин күчтөрү билдирди. 84 дрон док кылынган. Баллистикалык ракета жана 13 дрон 11 бутага тийген, бир жерге дрон сыныгы кулаган.
Украин президенти Владимир Зеленский 20-январдагы кайрылуусунда борбор калаа Киевде орус чабуулунан соң миллиондон ашуун адам жарыксыз калганын билдирген.
Киев шаарынын мэри Виталий Кличко орус армиясынын дүйшөмбү түнкү соккуларынан кийин калаада көп кабаттуу 5 635 үй жылуулуксуз калганын маалымдады.
Кличко белгилегендей, жабыркаган үйлөрдүн болжол менен 80% 9-январдагы жапырт чабуулдан кийин жылуулук системаларын калыбына келтирип жаткан имараттар болгон. Ал шаардагы сол жээк түнкү соккудан кийин суу менен камсыздоо кызматынан ажыраганын кошумчалады.
Киев шаардык администрациясы ошондой эле энергия менен камсыздоо үзгүлтүккө учурашына байланыштуу метрополитендин кызыл жана жашыл линияларында поезддердин графиги өзгөрөрүн эскертти.
Днепров районунда эл жашабаган имараттарга сокку урулган, дрон ачык аймакка кулап, бир нече автоунаа өрттөнгөн. Бир аял жабыркаган жана ооруканага жеткирилген.
Ошондой эле Днепрге жасалган чабуулдан 76 жана 67 жаштагы эки аял жаракат алды. Аймактын аскердик администрация башчысы Александр Ганжа дрон чабуулунан улам өрт чыгып, көп кабаттуу үй, инфратүзүм жана бир нече автоунаа жабыркаганын кошумчалады.
Орусия Украинанын шаарларына түнкү чабуулу тууралуу комментарий бере элек.
Одессада 19-январдын түнүндөгү Орусиянын соккуларынан кийин 30 миңден ашуун киши электрсиз калган.
Соңку күндөрү өлкөнүн бир катар аймактарында энергетикалык объекттер бутага алынгандыктан 19-январда бир канча облуста, анын ичинде Днепропетровск облусунда электрди убактылуу жапырт өчүрүп үнөмдөө режими киргизилди. Украинанын энергетика тармагына соңку чабуулдар олуттуу кыйроо алып келгендиктен айрым райондордо электрди өчүрүү 10-12 саатка созулушу мүмкүн экени эскертилген.