Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026
Cогуш туткундарын алмашуу, 5-февраль, 2026

Украина менен Орусия 157ден туткун алмашты

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:50 20.1.2026

Украинанын президенти Владимир Зеленский 19-январда, кезектеги кечки кайрылуусунда Орусия Украинанын аймагына жапырт чабуулга камданып жатканын айтып, элин абадан эскертүүлөргө дыкат көңүл бурууга чакырды.

«Келерки күндөрү жана андан кийин да өтө сак болуңуздар – Орусия чабуулга, жапырт чабуулга камданып жатат, сокку урууга ыңгайлуу учурду күтүп турат. Сураныч, абадан айгай салынган эскертүүлөргө дыкат көңүл буруңуздар, ар бир облуста ыкчам чара көрүүгө, адамдарга жардам берүүгө даярдык катуу болушу талап», – деди Зеленский.

Ошол эле күнү украин өкмөтүнүн басма сөз кызматы энергетика министри Денис Шмыгал Бириккен Улуттар Уюмунун Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэл Гросси менен жолугушууда "орусиялыктар өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасына кезектеги жапырт чабуул коюусуна камданып жатканын, бутага тейлөөчү атомдук объектилер жана түйүндөр алынышы мүмкүн экенин" айтканын маалымдаган.

Орусия Украинанын атомдук электр станцияларына залака келтирүү аракетин көрүп жатканын Зеленский да айткан.

Украин чалгын мекемеси муну менен Москва Киевди капитуляциялык талаптарга макул болуусуна мажбурлоого аракеттенип жатканын билдирген.

Күн сууктагандан бери энергетикалык системага урулган соккулардын айынан Украинада бул тармакта өзгөчө кырдаал жарыялаган. Эң оор абал борбор калаа Киевде жана Киев облусунда. Шаар мэри Виталий Кличко белгилегендей, согуш башталгандан берки эң оор кырдаалды Киев ушул кышта башынан кечирүүдө.

15:39 19.1.2026

Украинадагы Одесса облусунун аскердик администрация башчысы Олег Кипер учкучсуз учактардын чабуулунан бир адам жаракат алып, турак жай, энергетикалык жана газ инфратүзүмдөрү жабыркаганын билдирди.

Одесса районунда учкучсуз учак кабаттуу үйгө тийген. Эки батир, үйдүн алды, терезелер жана жакын токтотулган унаага зыян келтирилген. Кипер мындан тышкары стратегиялык маанилүү объект да дрон чабуулуна кабылганын кошумчалады.

Орусиянын аскерлери 19-январга караган түнү Украинага 145 учкучсуз учак менен чабуул коюшканын, анын 126сы жок кылынганын Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.

"13 дрон 12 бутага тийген, ал эми беш бутага дрон сыныктары түшкөн", - деп жазылган билдирүүдө.

Орусия чабуул тууралуу маалымат бере элек.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын 24-февралынан бери тараптар бири-бирин эл жашаган конуштарды аткылоого айыптап келишет. Маалыматтарды согуш учурунда бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Украин президенти Владимир Зеленский өткөн аптада Орусия Украинага 1300дөн ашык дрон, миңден көп башкарылган авиабомба жана ар кандай типтеги 30 чакты ракета менен аткылаганын билдирген. Зеленский буга байланыштуу өлкөсү көбүрөөк коргоого, айрыкча абадан коргонуу системасына муктаж болуп жатканын белгилеген.

15:19 19.1.2026

Украинадагы Одесса облусунун аскердик администрация башчысы Олег Кипер учкучсуз учактардын чабуулунан бир адам жаракат алып, турак жай, энергетикалык жана газ инфратүзүмдөрү жабыркаганын билдирди. Одесса районунда учкучсуз учак кабаттуу үйгө тийген. Эки батир, үйдүн алды, терезелер жана жакын токтотулган унаага зыян келтирилген. Кипер мындан тышкары стратегиялык маанилүү объект да дрон чабуулуна кабылганын кошумчалады. Орусиянын аскерлери 19-январга караган түнү Украинага 145 учкучсуз учак менен чабуул коюшканын, анын 126сы жок кылынганын Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди. "13 дрон 12 бутага тийген, ал эми беш бутага дрон сыныктары түшкөн", - деп жазылган билдирүүдө. Орусия чабуул тууралуу маалымат бере элек. Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын 24-февралынан бери тараптар бири-бирин эл жашаган конуштарды аткылоого айыптап келишет. Маалыматтарды согуш учурунда бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес. Украин президенти Владимир Зеленский өткөн аптада Орусия Украинага 1300дөн ашык дрон, миңден көп башкарылган авиабомба жана ар кандай типтеги 30 чакты ракета менен аткылаганын билдирген. Зеленский буга байланыштуу өлкөсү көбүрөөк коргоого, айрыкча абадан коргонуу системасына муктаж болуп жатканын белгилеген.

23:58 18.1.2026

Зеленский түнкү чабуулдарда кеминде эки адам набыт болгонун билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский жекшембиге караган түнү Орусиянын чабуулдарында бери дегенде эки адам мерт болуп, ондогон киши жараат алганын билдирди. Ал Телеграм каналына жалпысынын 200дөн ашык дрон менен Сумы, Харьков, Днепропетровск, Запорожье, Хмельницк жана Одесса облустары бутага алынганын жазды.

“Ондогон адам, анын ичинде бир бала жараат алды. Азыркы убактарга карата эки адам мерт болгону белгилүү. Алардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтам”, - деп жазды Зеленский.

Украин президентинин сөзүнө караганда, бул аптада Орусия Украинага 1300дөн ашык дрон, миңден көп башкарылган авиабомба жана ар кандай типтеги 30 чакты ракета менен аткылады. Ошондуктан анын өлкөсү көбүрөөк коргоого, айрыкча абадан коргонуу системасына муктаж болуп жатканын белгилеп, Орусия сүйлөшүү жараянын атайлап чоюп жатса ага чечкиндүү жооп болушу керектигин, “агрессорго” басым күчөтүлүшү зарылдыгын айтты.

Орусия соңку чабуул тууралуу комментарий берген жок.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG