Германия Украинага каржылык жардамды көбөйтүүнү пландап, 2026-жылы 11,5 млрд евро (13,4 млрд доллар) бөлүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Рейтер агенттиги 10-ноябрда Германиянын бюджеттик документтерине таянып билдирди.
Буга чейин кийинки жылдын бюджетинде Украинаны колдоо үчүн 8,5 млрд евро каралары айтылып жаткан.
Берлин бюджет жана Украинадагы жардам тууралуу расмий маалымат жарыялай элек.
Германия Украинага аскердик жардам берген Европадагы чоң мамлекеттердин бири.
Орусия Украинага толук масштабдуу бастырып кирген 2022-жылдын февралынан бери немис өкмөтү Киевге 40 млрд евролук көмөк көрсөткөн.
Шатдаун же өкмөттү каржылоонун токтошунан улам АКШ НАТОдогу өнөктөштөрүнө жана Украинага курал-жарак жеткирүүнү убактылуу токтотту. Axios сайты билдиргендей, АКШнын Мамлекеттик департаментинин курал-жарак жеткирүүнү көзөмөлдөгөн кызматкерлери акы төлөнбөгөн өргүүгө чыкты.
Басылманын маалыматына караганда, октябрдан бери аталган департаменттин төрттөн бир бөлүгү гана толук кандуу иштеп жаткан. Бул курал-жарак жеткирүүгө кедерги болду.
Маселе түздөн-түз өкмөттүк келишимдерге да, жеке компаниялар тарабынан лицензияланган курал-жарак жеткирүүгө да тиешелүү. Украина армиясы колдонгон AMRAAM жана HIMARS ракеталарын, ошондой эле Данияга, Хорватияга жана Польшага абадан коргонуу ракеталарын жеткирүүгө таасир этти.
Шейшембинин кечинде АКШда өкмөттүк каржылоонун токтошу өлкө тарыхындагы эң узакка созулган шатдаун болуп калды.
1-октябрдан бери уланып жаткан шатдаун Конгресстеги бюджетке байланышкан кайчы пикирлерден улам келип чыккан.
Каржылоонун токтошуна байланыштуу АКШда болжол менен 1,5 миллион федералдык кызматкер жумуштан бошотулду же айлыксыз иштеп жатышат. Шатдаун декабрь айына чейин уланса, аскер кызматкерлерине маяна берүү токтойт.
Кошмо Штаттарда каржы жылы 30-сентябрда жыйынтыкталып, 1-октябрдан тартып жаңысы башталат. 30-сентябрда Сенатта федералдык чыгымдарды каржылоо тууралуу эки мыйзам долбоору тең колдоо тапкан эмес.
Демократтар партиясы каржылоону улантуу үчүн сунуштаган мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен четке кагылды, анткени бул палатада алар азчылыкты түзөт. Ал эми Республикачылар партиясы сунуш кылган мыйзам долбоору алар көпчүлүктү түзгөнү менен жетиштүү добуш ала алган жок.
Бюджетке байланыштуу бир пикирдин жоктугу АКШ саясатында кадыресе көрүнүш болгону менен быйыл демократтар менен республикачылар ортосунда талаш-тартыш айрыкча курч, анткени Дональд Трамп быйыл январь айында президенттик кызматка киришкенден бери федералдык мекемелердин кызматкерлеринин санын жана каржылоосун улам кыскартып келе жатат.
Украина Орусиянын энергетика тармагына жасаган соккуларынын кесепеттерин жоюуну улантууда. Орусиянын энергетикалык объектилерине болгон массалык соккусунан кийин Харьков метросу экинчи күн катары менен иштебей калды. 9-ноябрь күнү эртең менен поезд каттамын калыбына келтирүү аракети электр жарыгынын үзгүлтүккө учураганына байланыштуу ишке ашкан жок. Метро станциялары ачык, бирок баш калкалоочу жай катары гана иштейт.
9-ноябрда Украинанын көпчүлүк аймактарында электр энергиясы өчүрүлүп жатат.
Соккудан улам поезд каттамынын жадыбалы дагы бузулду. Полтава облусунда каттам 7-9 саатка кармалды, айрым жүргүнчүлөр кийинки станцияга чейин жөө кетишти.
“Центрэнерго” компаниясы өзүнүн жылуулук электр станциясы согуш башталгандан берки эң катуу чабуулга туш болгонун билдирди. Ишкананын объектилеринде электр энергиясын иштеп чыгаруу нөлгө чейин төмөндөгөн. Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Украинанын Тышкы иштер министри Андрей Сибига Хмельницск жана Ровненск Атомдук электр станцияларын электр энергия менен камсыз кылган борбору кайрадан соккуга кабылганын билдирди. Ал Орусиянын аракеттерин өзөктүк опузалоо деп атап, МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешин кырдаалды тез арада талкуулоого чакырды. Ал ошондой эле Кытай менен Индияны Орусияга кысым көрсөтүүгө чакырды.
Орусиянын согушту чагылдырган блогерлери орус армиясы 8-ноябрь түнү Киевдеги, Харьковдогу жылуулук электр станциясын, Днепрдеги электр борборлору, Кременчуг ГЭСи аткыланганын билдиришти.
Жекшембиге караган түнү Орусия Украинага 69 дрон учурган. Украинанын Аба күчтөрү тараткан маалыматка караганда, алардын жарымын атып түшүрүүгө мүмкүн болгон эмес. Тогуз жерде 32 учкучсуз учак жок кылынды. Жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок.
8-ноябрда орус армиясынын аткылоосунан Донецк жана Херсон облусунда жергиликтүү үч тургун каза болуп, 13ү жараат алган.
Орусиянын Ульяновск облусундагы Дмитроград шаарында жайгашкан нейтрондук ядролук реакторду куруучулар (МБИР) иш таштады. "Коммерсант" басылмасы алар эки айдан бери айлык ала электигин, шаршембиде 300гө жакын адам нааразылык акциясына чыкканын жазды.
Нааразылыкка чыккан жумушчулар “Оргенергострой” компаниясынын өзүнчө бөлүмүндө иштешет. Мурдагы советтик институт миңден ашык электр станцияларын, анын ичинде өзөктүк реакторлорду курууга катышкан.
“Ульяновск облусунун жетекчилиги компания менен байланыша алган жок”,- деп жазды “Коммерсант”.
МБИР изилдөө реактору илимий эксперименттер, изилдөөлөр жана алдыңкы өзөктүк реактордун негизги элементтеринин макеттери, чакан жана орто кубаттуулуктагы жылуулук реакторлору үчүн материалдарды сыноого багытталган. Анын курулушу мындан 10 жыл мурун башталып, 2028-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.
“Оргенергострой” долбоордун 2020-жылдагы башкы подрядчысы болуп эсептелет жана өзүнө бөлүнгөн жумушту 2027-жылы бүтүрүшү керек. Компания 33,396 млрд рубль же 413 млн долларлык тендерди утуп алган.
Тез нейтрондук реакторлор жабык циклдеги ядролук энергиянын технологиясын ишке ашырууга мүмкүндүк берет. МБИРден тышкары бул багыттагы изилдөөлөр үчүн Северскиде (БРЕСТ) реактору курулуп жатат.