Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37
Орусиянын дрон чабуулунан кийин Киев жарыксыз калды
Орусиянын дрон чабуулунан кийин Киев жарыксыз калды

Украинанын бир катар аймагы дрон чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:52 9.11.2025

Орусиянын Украина менен чектеш тилкеде жайгашкан Белгород шаары жана Белгород району чабуулга кабылып, 20 миңден ашуун тургун жарыксыз калды. Бул тууралуу аймактын башчысы Вячеслав Гладков билдирди.

Дрондордун сыныгынан бир нече гараж күйүп кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.

SHOT телегерам-каналы шаар жапырт аткылоочу реактивдүү системадан (РСЗО) аткыланганын жазды. Сыныктардын бири жергиликтүү Жылуулук электр борборуна түшкөн. Анын кесепетинен Белгороддун бир нече районунда жана Дубовое айылында жарык үзгүлтүккө учурады.

Украина соңку чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Согуш 2022-жылы февралда Орусия коңшусуна кол салгандан бери уланып келе жатат.

15:27 8.11.2025

8-ноябрга караган түндө Орусия Украинанын бир катар аймактарына - Днепропетровск, Сумы, Киев, Кировоград, Николаев, Полтава, Харьков облустарына жана Киев шаарына дрон жана ракеталар менен чабуул койду. Днепрде Орусиянын дрону тогуз кабаттуу үйгө тийип, эки кабаттагы батирлер жабыркады. Бир адам мерт кетти.

Маалыматтарга караганда, бир нече электростанция жабыркады. Харьковдо метро ишин токтотту, электр энергиясы жана суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады. Шаарда жылынуучу түйүндөр ачылганы кабарланды.

Кременчуг шаарынын мэри Виталий Малецкий чабуулдан улам электр берүү үзгүлтүккө учураганын билдирди. Ушундай эле көйгөй катар жайгашкан Горишние Плавни шаарында да жаралды.

Полтавада чабуулдун кесепетинен темир жол бузулуп, аймакты Батыш Украина жана Киев менен байланыштырган бир нече поезд каттамы токтотулду. Бул түнү дрондордон тышкары украин тарапка он чакты "Искандер-М", "Кинжал", "Калибр" жана Х-69 аталыштагы баллистикалык жана жөнөкөй ракеталар учурулганы да кабарланды.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан бери дрон, ракета чабуулдарынан жай тургундар жабыркаган учурлар аз эмес. Орус бийлиги бутага аскердик-техникалык ишканалар гана алынарын айтып, мойнуна албай келет.

15:26 8.11.2025

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Будапештте өтө турган саммиттин болбой калышына Украинадагы согуштун уланышы себеп экенин АКШ президенти Дональд Трамп Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушууда билдирди.

"Негизги маселе - алар жөн эле согушту токтоткулары келбегенде", - деди Трамп.

Трамп ошондой эле Венгрия деңизге жолу жоктугунан орусиялык энергоресурстардан көз каранды экенин белгиледи.

Энергетика булактары АКШ президенти менен Венгриянын премьер-министри талкуулаган негизги маселе болду. The Guardian ошол эле учурда Виктор Орбандын АКШ сапарын келерки жылы болуучу шайлоонун алдында позициясын бекемдөө максатында деп белгиледи.

Жолугушуудан соң АКШ Венгриянын мунай компанияларын Орусиядан мунай менен газ сатып алганы үчүн бир жылга чейинки аралыкта "кара тизмеге" киргизбөөгө убада бергени маалым болду.

15:17 5.11.2025

Орусиянын Владимир жана Орел шаарларындагы энергетикалык инфратүзүм шаршембиге караган түнү чабуулга кабылды. Сокку Украинанын куралдуу күчтөрү тарабынан жасалышы ыктымалдыгы, алар Жылуулук энергетикалык борборуна чабуул жасаганы белгиленди.

Владимир облусунун бийлиги учкучсуз учактар тууралуу кабарлап, "Астра" басылмасы жарылуунун видеосун жарыялады. Анын кесепеттери тууралуу маалымат айтылган жок. Аймактын губернатору Александр Авдеев жашоочуларды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Орелдо учкучсуз учактар атып түшүрүлүп, анын сыныктарынан бир нече турак жай, чарба курулуштары зыян тартканын жергиликтүү бийлик кабарлады. Тургундар жарыялаган видео тасмалардан улам "Астра" басылмасы жарылуу Жылуулук электр станциясынын аймагында болгонун жазды.

Орелдо ЖЭБ 31-октябрга караган түнү дагы чабуулга кабылган. Анда Украинанын Аскер-деңиз күчтөрү "Нептун" канаттуу ракетасын колдонгонун билдирген.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, түнү аскерлер алты аймактан жана аннексияланган Крымдан 40 дрон жок кылышты. Владимир облусу тууралуу маалымат айтылган эмес.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 5-ноябрда 61 дрон атып түшүрүлгөнүн, жалпысынан 80 учкучсуз учак учурулганын билдирди.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетинен майнап чыкпагандыктан Киев Орусиянын аскердик жөндөмүн алсыратуу максатында анын мунай жана аскердик-техникалык ишканаларын бутага алууга мажбур экенин айтып келүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG