Украин президенти Владимир Зеленский 17-октябрда Вашингтонго барып, АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушарын билдирди.
Reuters агенттигинин жазышынча, бул жолугушууда Зеленский Трамп менен Украинанын абадан коргонуу системасын күчтөндүрүү жана узак аралыкка атуучу курал-жарактарды алуу маселесин талкуулайт.
Буга чейин “Томагавк” канаттуу ракеталары боюнча сөз болуп жаткан. Трамп эгерде Орусия ок атууну токтотпосо мындай ракеталарды Украинага бериши мүмкүн экенин кыйыткан. Ак үй азырынча Зеленскийдин сапары жөнүндө расмий маалымат бере элек. Бирок Financial Times басылмасы өз булактарына таянып, сапарга даярдык көрүлүп жатканын кабарлаган. Соңку күндөрү Трамп менен Зеленский телефондон эки ирет сүйлөштү.
Жума күнү Владимир Зеленский журналисттерге АКШ президенти менен телефондон сүйлөшкөндө Орусияны ок атууну токтотуу үчүн Украинага канча америкалык "Томагавк" ракеталары керек деген пикири менен бөлүшкөнүн айткан.
Буга чейин Орусия бир нече жолу Украинага узак аралыкка жетүүчү ракетанын берилиши боюнча тынчсыздануусун билдирген. Бирок орус президенти Владимир Путин мындай кадам “согуштун жүрүшүн өзгөртпөй” турганын билдирген.
12-октябрдын таңында Орусиянын армиясы Украинанын Донецки облусундагы энергетика инфратүзүмдү аткылап, анын айынан аталган аймак жарыксыз калды. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Вадим Филашкин Телеграм каналында кабарлады.
Түнкү чабуулдардан Белгород-Днестровский шаарындагы объектилер жабыркады. Кээ бир райондордо жарык өчтү.
Харьков облусунун Чугуев шаары экинчи күнү катары менен дрондордун чабуулуна кабылды. Бул ирет окуу имараты жабыркады.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматтарына ылайык, Харьков облусундагы соңку чабуулдардан беш киши, анын ичинде бир бала жаракат алды.
Украинанын Куралдуу күчтөрү кабарлагандай, соңку суткада Орусиянын армиясы Украинага жалпы 118 учкучсуз учак менен аткылады, анын 103ү атып түшүрүлдү.
Украин президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшкөнүн 11-октябрда билдирди.
"Жакшы, мазмундуу сүйлөшүү" болгонун белгилеген украин президенти Трампты Жакынкы Чыгышта атышууну токтотууга жетишкени менен куттуктаганын айтты:
"Бул олуттуу натыйжа. Бир аймакта согушту токтотуу мүмкүн болгон соң, албетте, башка согуштарды да, анын ичинде Орусиянын согушун да токтотсо болот чыгар. Мен президент Трампка Орусиянын биздин энергетикалык системабызга жасап жаткан чабуулдары тууралуу айттым. Анын бизге колдоо көрсөтүү ниетин мен баалайм. Биздин абадан коргонуубузду бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн, аны камсыздоо боюнча конкреттүү келишимдерди талкууладык. Биздин позицияларды бекемдөө жаатында жакшы варианттар жана идеялар бар. Орус тарап чыныгы дипломатияга даяр болушу керек — буга күч менен жетишсе болот".
Ак үй же Трамп өзү бул тууралуу азырынча маалымат берише элек.
Эки лидердин жеке жолугушуусу өткөн айда болгон. Анда тынчтыкты жакындатуу боюнча идеялар талкууланганын Зеленский билдирген.
Трамп согушту токтотуу үчүн Зеленский менен Путин жолугушуусу зарыл деген оюн айткан.
11-октябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагын 78 согуштук дрон менен аткылаганын, анын 54ү жок кылынганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди.
Днепропетров облусунун Никопол шаарында бир киши каза тапты, бир нече жергиликтүу тургун жараат алды.
Чернигов облусунда жума күнкү соккудан жергиликтүү энергетикалык ишкананын кызматкери каза болгону, андан тышкары бир нече киши жараат алганы кабарланды. Ишемби күнү ушул эле облуста ишканалардын биринин имараты зыян тартты.
Одесса облусунда 11-октябрда Орусиянын чабуулдарынан кийин 44 калктуу пункт электр жарыгысыз калган. Кечке чейин 290 миң үй-бүлө жарык менен камсыз болгону, дагы 300 миңдейи электрсиз отурганы маалымдалды.
Дрон чабуулуна кабылганын Орусия да билдирүүдө. Волгоград облусунун жетекчилигинин маалыматына караганда, 11-октябрга караган түнү Украина учкучсуз учактар менен жапырт чабуул койду, натыйжада көп кабаттуу үйлөрдүн үчөөндө, мектепте жана бала бакчада терезелер талкаланды, бир киши жараат алды.
Уфа шаарында мунай иштетүүчү "Башнефть-УНПЗ" заводу бутага алынганын "РБК-Украина", "Суспильне" жана "Украинская правда" украин атайын кызматындагы булактарына таянып жазышты. Заводдо жарылуу болгону маалымдалып, үстүн кара түтүн каптаган сүрөттөр социалдык түйүндөргө жарыяланды. Ушул эле ишкана бир ай мурда да чабуулга кабылган.
Орусиянын Коргоо министрлиги 11-октябрда эртең менен жарыялаган маалыматында Украина учурган 42 согуштук дрон Волгоград, Ростов, Ульяновск, Воронеж, Башкырстан, Саратов аймактарында жок кылынганын билдирди.