Орус аскерлери Украинанын энергетикалык инфраструктурасына 10-октябрга караган түнү да жапырт сокку урганын өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.
Украинанын баш калаасынын бир бөлүгү электр энергиясы жана суусу жок калды. Өлкөнүн айрым аймактарында да авариялык өчүрүүлөр болуп жатат.
Президент Владимир Зеленский өлкө боюнча 20дан ашуун адам жараат алганын жана бир бала каза болгонун билдирди.
Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Орусиянын соңку чабуулунда бери дегенде тогуз адам жараат алганын билдирди. Анын ырасташынча, беш адам ооруканага жеткирилди.
"Шаардын сол жээгиндеги маанилүү инфраструктурага жасалган Орусиянын жапырт чабуулунан улам бул аймак азыр электр жарыгысыз калды. Ошондой эле суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады. Печерск районунда дрондун сыныгы көп кабаттуу үйгө кулады. Бир канча кабатта батирлерде өрт чыкты. Өрт өчүрүлдү",-деп жазды Кличко Телеграм каналына.
Кличко ошондой эле шаардын дагы бир канча районунда көп кабаттуу үйлөр жабыркаганын кошумчалады.
Орусия мындай соккулар тууралуу адатта комментарий бербейт.
Ал арада Украина менен чектеш Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков бул аймакка жасалган дрон чабуулунда сегиз жашар кыз жараат алганын билдирди. Ал социалдык тармактагы баракчасына Новая Таволжанка айылындагы бир жер там жабыркаганын, башынан жараат алган кыз оор абалда ооруканага жеткирилгенин жазды.
Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Украина Орусиянын кезектеги соккусунан 8-октябрда эки жайкын тургунунан айрылганын жергиликтүү бийлик маалымдады. Херсон облусунун облустук администрациясынын башчысы Александр Прокудин Корабел районунда таңкы саат жети чамасында жасалган чабуулдан 62 жаштагы аял жана дагы бир эркек киши каза болгонун билдирди.
Мындан тышкары, анын айтымында, 55 жаштагы аял жараат алып, ооруканага түштү.
Днепр дарыясынын сол жээгин ээлеп турган орус аскерлери дээрлик күн сайын Херсон шаарына жана облус аймагына артиллерия, учак жана дрон менен сокку уруп келет.
Орусиянын Украина менен чектеш Белгород облусунда да 8-октябрда адамдар каза болгонун аймактын башчысы Вячеслав Гладков билдирди. Анын айтымында, ракеталык сокку урулду, үч кишинин өмүрү кыйылды, бир киши жараат алды, айрым имараттар зыян тартты. Бул үчүн ал украин тарапты айыптады.
Өткөн түнү орусиялык күчтөр Украинанын бир нече аймагындагы энергетикалык жана инфраструктуралык объектилерге дрон менен сокку урду. Чернигов облусундагы энергетикалык объект бутага алынып, Нежин районунун тургундары жарыксыз калды.
Ошол эле жерде Носовка – Нежин темир жол бөлүгүндө жүк ташуучу поездге да сокку урулуп, Нежин – Киев багытындагы темир жол жабыркаган. Мындан улам Нежин шаарына чейин жүргүнчү поезддердин кыймылы токтотулган.
Чернигов облусунун Прилуки шаарында дрондун соккусунан мунай базасында өрт чыкканын облус администрациясынын башчысы Вячеслав Чаус билдирди.
Соккулар Днепропетров облусуна, анын ичинде Кривой Рог шаарына жана анын чет жакаларына да урулган. Облус бийлигинин маалыматына караганда, кеминде беш адам жараат алган.
Украинанын аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, түн ичинде өлкө боюнча жалпысынан 183 дрон учурулган, алардын көбү атып түшүрүлгөн.
Шаршемби күнү таңга жуук орус аскерлери Херсонду аткылап, андан эки киши каза болгон. Орусиялык аскерлер бул соккулар боюнча азырынча комментарий бере элек.