Украинада 8-октябрга караган түнү Орусиянын соккусуна бир нече аймак кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
Днепропетров облусунун Кривой Рог районунда, аскердик администрация билдиргендей, кеминде эки жергиликтүү тургун жараат алды, инфраструктура зыян тартып, өрт тутанды.
Никополь районунда үч киши жабыркады, ал жер, облус башчысынын айтымында, жапырт аткылоочу "Град" реактивдүү системасынан, артиллериядан аткыланды, FPV дрондору да колдонулду, үйлөр, машиналар жана имараттар талкаланып, өрттөндү.
Жалпысынан облус аймагында 29 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнгү маалымдалды.
Ал эми 7-октябрда, украин Башкы штабы күндү жыйынтыктаган кечки маалыматында билдиргендей, Орусия Украинага каршы 2229 согуштук дрон колдонду, бир ракеталык, 46 авиациялык сокку урулду.
Чабуулга кабылганын Орусия да билдирүүдө. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 8-октябрга караган түнү Украина тараптан Белгород, Воронеж, Ростов, Брянск, Курск, Липецк, Тамбов, Смоленск жана Нижний Новгород аймактарына учурулган жалпысынан 53 согуштук дрон атып түшүрүлдү,
Нижний Новгороддо жана Ставрополдо дрон коркунучунан улам аба каттамдарына убактылуу чектөө киргизилгенин Росавиация кабарлады.
6-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Украинага Tomahawk ракеталарын берүү боюнча чечимин “дээрлик” кабыл алганын билдирди. Кабар агенттиктери анын колдонгон сөзүн “кайсы бир деңгээлде”, “болжолу менен”, “жалпысынан” дегендей которуп жатышат.
Кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып америкалык лидер Киев алыс аралыкка учуучу ракеталардын ал түрү менен камсыздалабы же жокпу, ачык айткан жок. Ошол эле маалда ал куралды кандай максатта колдонушарын билүүгө кызыкдар экенин белгиледи:
"Мен кайсы бир деңгээлде чечим кабыл алдым. Мен ал ракеталар менен эмне кылышарын билгим келет. Кайсы жактарга учурганы жатышат? Менимче, ушундай суроо коюшум керек", - деди Дональд Трамп.
Трамп эскалацияны каалабаганын белгилеп, согушту токтотуу чакырыктарын кайталады.
Вашингтондун буга чейинки маалыматына караганда, украин президенти Владимир Зеленский сентябрдын этегинде БУУда Трамп менен кездешкенде Tomahawk канаттуу ракеталарды сураган, бирок ал боюнча чечим кабыл алына элек болчу. Ракеталардын ал түрү 2 жарым миң километрге чейин учууга кудуреттүү. Башкача айтканда, украин аймагынан атылса Москвага жана Орусиянын батыш тарабындагы жерлерге жете алат.
Өткөн жумада орус президенти Владимир Путин АКШ Киевди Tomahawk ракеталары менен камсыздаса согуш майданындагы абал өзгөрбөй турганын, бирок анын арты жаңы эскалацияга, Москва менен Вашингтондун мамилелеринин чыңалуусуна алып келерин эскерткен.
Евробиримдик Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга карата азыр талкууланып жаткан 19-санкция пакети алкагында орус дипломаттарынын Шенген аймагындагы саякаттарына чектөө киргизе турганы айтылууда. Бул тууралуу 7-октябрда “Эркин Европа/Азаттыктын” кабарчысы Рикард Йозвяк жана Financial Times гезити маалымдады.
Санкцияга байланыштуу кеңешүүлөрдө Венгриянын өкүлү Чехия жана бир нече башка өлкөлөр сунуштаган мындай чарага каршылыгын алып салды.
Болжолдонуп жаткандай, Евробиримдиктин мамлекеттеринде иштеген орус дипломаттары аккредитациядан өткөн өлкөдөн чыгуудан мурда каякка жана эмнеге барып жатканын биримдиктин тиешелүү өлкөлөрүнө билдирүүгө милдеттүү болушат.
Мурда Чехия мындай сапарларга толук тыюу салууну сунуштаган, бирок бул чаранын жумшартылган версиясы карала турган болуп жатат. Москва буга чейин мындай демилгени кабыл алынгыс деп атаган.
Чектөөлөрдү колдогондор Евробиримдиктеги өлкөлөрдө “диверсиялардын көбөйүшүнө” көңүл буруп, мындай терс көрүнүштөрдү дипломат катары катталып, иш жүзүндө орусиялык агент болгон адамдар уюштурушу ыктымал деп эсептешет. Орусия мындай дооматтарды четке каккан.
Чехия өкмөтү 30-сентябрда орус дипломаттарынын өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизген. Бул чара Чехиянын Тышкы иштер министрлигинен же эл аралык уюмдарда аккредитациядан өткөндөргө тиешелүү эмес. Ошондой эле Евробиримдиктен башка өлкөлөрдөн келаткан учурда гана текшерүү жүрөт, уюмга кирген мамлекеттерден келгенде көзөмөл болбойт.
Жаңы санкциялык пакет качан кабыл алынары азырынча белгисиз. 23-октябрга пландалган Евробиримдиктин саммитине чейин болбошу ыктымал.
Азырынча өлкөлөр Австриянын бизнесмен Олег Дерипаскага байланыштуу бир катар активдерге санкцияларды алып салуу боюнча сунушуна макул болбой турат. Венанын айтымында, бул чара Raiffeisen банкынын Орусиядагы жоготууларынын ордун толуктоо максатында каралган. Азырынча биримдиктеги 12 өлкөнүн элчилери бул сунушту колдобой жатат.
“Эркин Европа/Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, Словакия бул маселени келерки саммитке чейин талкуулоону талап кылууда.
Соңку суткада Орусиянын аба соккуларынан Украинанын Херсон облусунун аймагында эки киши каза болуп, дагы 18 адам жараат алды. Бул тууралуу шейшембиде облустун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди. Анын айтымында, жабыркагандардын арасында үч бала бар.
Соккулардан эки көп кабаттуу үйгө жана 139 жеке турак жайга, чарба курулуштарына жана инфраструктуралык объектилерге зыян келген.
Каза болгондордун биринин сөөгүн Херсондун Корабельный районундагы үйдүн урандыларынын арасынан алып чыгышкан. Дагы бир киши - Херсондун 65 жаштагы тургуну коомдук транспорт токтоочу жайга урулган орусиялык дрон соккусунан каза болгонун аймактык прокуратура билдирди.
Орусиялык аскерлердин Херсон облусуна соккусу боюнча эч кандай комментарий бериле элек.
Полтава шаарында аба чабуулунан темир жол кампасына зыян келип, айрым поезддердин вагондору жана локомотивдери жабыркаган.
Украинанын жамааттар жана аймактарды өнүктүрүү министри Алексей Кулебанын билдиришинче, чабуулдун кесепетинен локомотив кампасы, электр жабдуулары, административдик жана кампа имараттары, ошондой эле поезддердин бөлүктөрү жабыркаган. Бул жайдан өрт чыккан, бирок куткаруу кызматтары аны өчүрүшкөн. Жабыркагандар жок. Чабуулга байланыштуу Харьков–Львов, Львов–Харьков жана Краматорск–Львов каттамындагы поезддер убактылуу токтотулган.
Мындан тышкары, бир энергия объектине да зыян келгени, анын кесепетинен Полтавада, анын айланасындагы айрым калктуу конуштарда миңден ашык үй жарыксыз калганы кабарланды.
Украина бийлиги шейшембиде Сумы облусуна жасалган жапырт аба чабуулу тууралуу да маалымат берди.
“Орусия кайрадан энергетикалык жана темир жол инфраструктурасына сокку урууда. Түнү менен Полтава жана Сумы облустарында жапырт чабуул болду”, - деп жазды Алексей Кулеба. Анын айтымында, Сумы шаарында турак үйлөргө зыян келип, шаардын бир бөлүгү жарыксыз калган.
Сумынын аскердик администрациясынын маалыматына караганда, аба соккуларынын бири ичинде алты жүргүнчү бараткан троллейбуска тийген. Бир адам жараат алып, жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми аял айдоочу стресс абалына түшүп калган.
Орусия Полтава жана Сумы облустарындагы соккуларды комментарийлей элек.
Украинанын аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, орус аскерлери түнү менен Украинаны эки даана “Искандер-М/KN-23” баллистикалык ракета жана 152 дрон менен аткылаган. Эртең мененки саат 9га карата алардын ичинен 88 дрон түндүк жана чыгыш аймактарда атып түшүрүлгөн же иштен чыгарылган. Ошондой эле эки ракета жана 52 дрон өлкөнүн он аймагына тийгени катталган.