АКШ президентинин администрациясында Украинаны Орусиянын чек арадан алыскы аймактарындагы энергетикалык объектилерине ракета менен сокку уруу үчүн чалгын маалымат менен камсыздоо тууралуу чечим кабыл алынганын 1-октябрда The Wall Street Journal басылмасы жазды.
Басылма Ак үйдөгү өз булактарына таянып маалымдагандай, Кошмо Штаттардын чалгын кызматы президент Дональд Трамптын Украинага маалымат берүүгө уруксатын жакында алган, НАТО өлкөлөрүнө да ушундай эле сунуш берилген.
Reuters жазгандай, Вашингтон чалгын маалыматын Киев менен буга чейин да бөлүшүп келген, бул жолу сөз "Кремлди кирешеден жана мунайдан ажыратуу максатында мунайды кайра иштетүүчү заводдорго, куурларга, электр станцияларына жана башка инфраструктурасына сокку урууну жеңилдетүү" тууралуу болуп жатат.
26-сентябрда британиялык The Telegraph дипломатиялык булактарга таянып жазгандай, украин президенти Владимир Зеленский жакында АКШда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын алкагында Трамп менен жолугушканда андан алысты бутага алуучу Tomahawk канаттуу ракеталарын берүүнү суранган. Бул ракета 2500 км аралыкка чейин уча алат.
Орусиянын армиясы 30-сентябрга караган түнү Украинанын Сумы облусунун Чернетчина айылындагы турак үйгө дрон менен сокку урду.
Сумы облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоровдун айтымында, соккуда бул үйдө жашаган түгөйлөр жана алардын 4, 6 жашар эки уулу каза тапты. Куткаруучулар алардын сөөгүн уранды алдынан чыгарышты.
"Бул өтө оор, орду толгус жоготуу. Чернетчинадагы бир үй-бүлөнүн жок болушу биз эч качан унутпай жана кечирбей турган кайгы", - деп жазды Григоров Телеграм каналына.
Украинанын Сумы облусу Орусия менен чектеш аймакта жайгашкан. Орус армиясынын аткылоосуна тынымсыз кабылып келатат.
29-сентябрга оогон түнү Конотопский районундагы калктуу пункттардын бирине урулган соккуда бир киши жараат алган.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар Орусиянын соккуларын согуш кылмышы катары карашат.
Москва өз армиясы Украинанын жарандык инфраструктурасы менен карапайым калкка атайлап сокку урат деген айыптоолорду моюнга албайт.
Москва облусунун Воскресенск шаарында учкучсуз учактардын соккусунан турак үйдө өрт чыгып, эки киши каза болгонун облус губернатору Андрей Воробьев билдирди. Алардын бири 76 жаштагы аял жана анын 6 жаштагы небереси. Воробьев дрон турак үйгө сокку урдубу же аны атып түшүрүү учурунда сыныгы тийдиби ачыктаган жок. Облус башчысы дүйшөмбүгө караган түнү Воскресенск жана Коломна шаарында төрт учкучсуз учак атып түшүрлгөнүн кошумчалады. Шаардагы бир нече үй, анын короолору зыян тартып, көчөлөрдү жарыктандыруу үзгүлтүккө учурады.
Ушул эле күнү Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков калктуу конуштарда аткылоодон кийин электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын билдирди. Анын айтымында, сокку инфратүзүмгө жасалганын айтып, аны "олуттуу" деп атады.
Жергиликтүү Телеграм-каналдар жазгандай, Белгороддогу Жылуулук электр станциясына жасалган соккудан көчөлөрдө жарык өчүп, жол чырактар иштебей, айрымдар лифттен чыга албай калышты. Социалдык тармактардын колдонуучулары жарык Белгороддун башка калктуу конуштарында дагы өчкөнүн жазышты.
Гладков эки кишиге сынык тийип, жараат алганын, алар ооруканага жеткирилгенин билдирди. "Соккунун кесепети тууралуу маалыматтар такталууда", - деп жазды ал Телеграмга.
Украина соңку соккулар тууралуу комментарий бере элек.
Росавиация Москванын түштүк-чыгышындагы Жуковский аэропорту коопсуздукка байланыштуу убактылуу жабылганын билдирди.
29-сентябрга караган түнү аталган мекеме Калуга жана Тамбов аэропортторун убактылуу жапкан.
Түнү бою Орусиянын Украина менен чектешкен аймактарынан тышкары Липецк, Рязан, Самара жана башка облустарда дрон чабуулунан улам аба коркунучу тууралуу эскертүүлөр жарыяланып турду.
28-сентябрга караган түнү Орусиянын армиясы 500гө чукул дрон, 40тан ашуун ракета менен жапырт чабуул койгонун Киев билдирген. Киевдеги соккулар төрт кишинин өмүрүн алды, бир нече киши жарадар болду. Запорожьеде 40дан ашык киши жараат алган.
Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков украин армиясы аймактын инфраструктурасына сокку урганын, электр жарыгын берүүдө олуттуу маселе жаралганын 29-сентябрда билдирди. Буга чейин аймакта ЖЭБге сокку урулуп, жарык өчүп калганын маалымат каражаттары жазган.
Украин президенти Владимир Зеленский жекшембиде бул соккуларды айыптап, "Москва мындан ары да согушту, кан төгүүнү улантууну кааларын" айтып, дүйнө коомчулугун ага катаал басым көрсөтүүгө чакырды. Украина Орусияга жооп иретинде чабуулдарды улантарын, муну менен ал өлкөнүн киреше булактарынан ажыратууну, дипломатияга келүүгө мажбур кылууну көздөй турганын билдирген.