Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:32
Орусиянын дрон чабуулунан кийин Киев жарыксыз калды
Орусиянын дрон чабуулунан кийин Киев жарыксыз калды

Украинанын бир катар аймагы дрон чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

09:46 29.9.2025

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Fox News телеканалына берген маегинде акыркы апталарда Орусия Украина менен эки тараптуу жана Вашингтондун катышуусунда үч тараптуу сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын билдирди.

"Биз мурдагыдай эле тынчтыкты жактайбыз, бирок танго үчүн экөө керек", — деген Вэнс Москва "көзүн ачып, чындыкты" кабыл алат деген үмүтүн айтты.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп буга чейин үч тараптуу сүйлөшүүлөргө ишеним артып жатканын жарыялаган. Орусиянын башчысы Владимир Путин Украинанын лидери Владимир Зеленский менен жолугушуу болушу ыктымалдыгын четке каккан эмес, бирок Киев менен маанилүү маселелерде макулдашууга жетишүү мүмкүн эместигин айткан.

Трамптын администрациясы ошол эле маалда НАТО өлкөлөрү аркылуу Украинага ыракка жетүүчү ракета жеткирүү маселесин талкуулап жатат. Вэнстин айтымында, акыркы чечимди Трамп АКШнын кызыкчылыгын эске алуу менен кабыл алат.

The Wall Street Journal мурдараак Трамп Украинага ыраакка жетүүчү курал, анын ичинде "Томагавк" ракеталарын берүүгө макул экенин жазган. Axios басылмасынын булактары Трамп аны НАТО аркылуу берүүгө каршы деген оюн билдиришкен.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте украин-орус согушу сүйлөшүүлөр менен чечилерин, тынчтыкка жетишилген соң Украинага коопсуздук кепилдиктери берилерин айткан.

13:39 28.9.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский 28-сентябрга караган түнү Орусиянын армиясы 500гө чукул дрон, 40тан ашуун ракета менен чабуул койгонун билдирди. Киевде соккулар төрт кишинин өмүрүн алды, бир нече киши жарадар болду.

Зеленский Киев облусундагы соккунун кесепеттери тууралуу сүрөттөрдү жарыялады.

«Орустардын Украинага жапырт чабуулу 12 сааттан ашык убакытка созулду», — деди Владимир Зеленский. Анын айтымында, эртең менен да жанкечти дрондор пайда болду.

«Душмандар Киев, Запорожье, Хмельницк, Сумы жана Одесса облустарын бутага алды. Чабуулда башкалаадагы Кардиология институтунун имаратына зыян келтирилди. Киевде төрт киши өлдү, арасында 12 жашар кыз бар. Карасанатай чабуулдар иш жүзүндө БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны аяктаар менен болду, Орусия өзүнүн чыныгы позициясын ушинтип билдирүүдө», — деди Зеленский.

Ал "Москва мындан ары да согушту, кан төгүүнү улантууну кааларын" айтып, дүйнө коомчулугун ага катаал басым көрсөтүүгө чакырды. Украина Орусияга жооп иретинде чабуулдарды улантарын, муну менен ал өлкөнүн киреше булактарынан ажыратууну, дипломатияга келүүгө мажбур кылууну көздөй турганын кошумчалады.

Орусия Украинага жапырт соккулар тууралуу комментарий бере элек.

11:14 28.9.2025

Жекшембиге караган түнү Орусиянын армиясынын Украинанын баш калаасы Киевге аба соккусунда жараат алгандардын саны өстү.

Киевдин мэри Виталий Кличко билдиргендей, жапырт аба чабуулунда жараат алгандар ооруканага түштү.

Шаардын бир нече районунда турак жайлар жана имараттарга зыян келтирилди. Абадан коргонуу системасы иштегенде дрон калдыктары Соломенск, Дарницк, Днепров жана Голосеев кичи райондоруна кулады.

Абадан коркунуч тууралуу эскертүүлөр жаңырып жатканы кабарланды.

Орусия тарап Киевге чабуул тууралуу комментарий бере элек.

19:43 27.9.2025

27-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагына жалпысынан 115 согуштук дрон учурду. Бул тууралуу украин Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик-аба күчтөрү билдирди.

Учкучсуз учактардын 97син атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү, бирок алты жерге дрон тийгени маалымдалды.

"Өткөн түнү душман Курск, Миллерово, Приморско-Ахтарск аймактарынан, убактылуу оккупацияланган Крым тараптан 115 согуштук учагын учурду, алардын 70тен ашууну Shahed дрону болду", - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Днепропетров облусунун Синельников районунун 39 жаштагы тургуну жараат алганын, музей, магазин жана турак үй зыян тартканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Дрон чабуулуна кабылганын Орусия да билдирди. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин соңку маалыматына караганда, ишембиге караган түнү украиндердин 55 учкучсуз учагы Ростов, Брянск, Астрахан, Воронеж, Волгоград, Курск жана Белгород облустарынын аймактарынан атып түшүрүлдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG