Копенгаген учкучсуз учактарга каршы чараларды күчөткөнү жатат. Даниянын бийлиги дрондордун өлкөнүн аба мейкиндигин бузушун «гибрид чабуул» деп сыпаттады.
Юстиция министри Петер Хуммельгордун айтымында, анын максаты эл арасында «коркуу сезимин» пайда кылуу. Андай окуялардын коркунучу сакталып жаткан чакта өкмөт учкучсуз учактарды аныктоо жана жок кылуу үчүн жаңы технологияларды сатып алууну, дрондорду атып түшүрүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алууну көздөөдө.
Белгисиз дрондорго байланыштуу Даниянын Ольборг шаарындагы аэропорт 24-сентябрдын кечинде учууларды убактылуу токтоткон.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Эсбьерг, Сённерборг жана Войенс аэропорттору да аба мейкиндигинде дрондордун пайда болгонун кабарлап, бирок ишин улантты.
Даниянын коргоо министри Троелс Лунд Поулсен ал окуянын Орусия менен байланышы жоктугун айтты. Орусиянын Копенгагендеги элчиси Москванын дрон учурууга тиешеси жоктугун билдирди. Дания НАТО жана Еврошаркетке кеңешме өткөрүүнү пландап жатат. Бирок альянстын 4-беренесин колдонууну чече элек.
23-сентябрга оогон түнү Копенгаген жана Норвегиянын борбору Осло шаарларындагы аэропорттордо да дрондор учуп жүргөнү кабарланган.
Даниянын бийлиги ошондо учкучсуз аппараттардын Орусия менен байланышы болушу ыктымалдыгын билдирген.
Орусиянын Мамлекеттик думасы “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамды катаалдаштырган долбоорду акыркы окууда жактырды. Түзөтүүлөр “чет элдик агенттин” милдеттерин аткаруудан баш тартууга байланышкан беренеге киргизилүүдө. Мурда кылмыш ишин козгоо үчүн бир жылда эки административдик айып пул салуу каралса, эми бир айып пул салуу жетиштүү болмокчу.
Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володиндин айтымында, “Орусияны дос эмес өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнөн коргоо зарыл”.
Коопсуздук боюнча комитеттин жетекчиси Василий Пискарёв 2023-2025-жылдар аралыгында 1620 административдик протокол түзүлгөнүн билдирди.
“Чет элдик агент” түшүнүгү Орусиянын мыйзамдарына 2012-жылы киргизиле баштаган. Алгач бул макам чет элден каржылык жардам алган жана саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарга берилчү. Кийинчерээк мыйзамга өзгөртүү киргизилип, жарандык активист, журналист, укук коргоочу жана ЖМКга карата колдонула баштаган. Укук коргоочулар анын куугунтуктоо куралына айланганын белгилешет.
2025-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасы "чет элдик агенттер" макамын ыйгаруу боюнча кеңири мыйзамдар топтомун кабыл алды.
Орусия 25-сентябрга караган түнү да Украинанын аймактарын куралдын түрлөрү менен бутага алганын украин Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү маалымдады. Мекеменин Telegram баракчасындагы соңку кабарларга караганда, Винница облусунда энергетика объектилерине сокку урулду.
Аймактын аскердик администрациясынын башчысынын орун басары Наталья Заболотная чабуул таңкы саат төрттө болгонун, айрым жерлердеги энергетика ишканаларына согуштук дрон тийгенин кабарлады. Поезд жолдун ишине зыян келтирилгени да белгилүү болду.
Харьков облусунун Купянск районунда соккудан улам тутанган өрттөн бир кишинин өмүрү кыйылганын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.
Орусия бейшембиге караган түнү Украинанын Донецк, Полтава жана Сумы облустарын да бутага алганы маалымдалды.
Согуштук дрондордун соккусуна кабылганын Орусия да билдирүүдө. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазганына караганда, Краснодар крайындагы Белореченский районунда кеминде алты жарылуу болду.
Сочи аэропортунда түндө учууга жана конууга убактылуу чектөө киргизилди. Краснодарда жана Туапседе учкучсуз учак коркунучу жарыяланды, жергиликтүү бийлик элди зарылчылык болбосо үйдөн чыкпоого чакырды
Украинанын Аба күчтөрү 25-сентябрда Запорожье багытында Орусиянын Су-34 истребителин атып түшүргөнүн билдирди.
Маалыматта Запорожье шаарын башкарылуучу авиабомбалар менен аткылаган тик учак таңкы саат 4төр чамасы атып түшүрүлгөнү жазылган. Башка эч нерсе айтылган эмес.
Орусия тарап тик учактын кыйрашы, анын учкучунун тагдыры тууралуу маалымат бере элек.
Москва Украинанын Запорожье облусуна сокку урууда авиацияны көп колдонот. 23-сентябрга караган түнү орус армиясы Запорожьеге авиабомба таштаганда турак жайлар талкаланып, бир киши каза тапканы кабарланган.
Украинанын Башкы чалгын башкармалыгы 25-сентябрда аннексияланган Крымдагы радиолокациялык жээк станциясы менен Ан-24 үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу учакты да жок кылганын жарыялады. Учактарды украиналык спецназ рейд учурунда өрттөгөнүн билдирди. Орусия азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин украиналык чалгын 21-сентябрда Крымда Орусиянын үч вертолетун жана радиолокациялык станциясын жок кылганын билдирген.