"Слідство.Інфо" басылмасы Орусия туткунга алган украиналык журналист Виктория Рощина 2024-жылдын 19-сентябрында Пермь крайынын Кизел шаарындагы №3 убактылуу тергөө абагында каза болгонун аныктады. Буга чейин Рощина өмүрүнүн акыркы күндөрүн Таганрогдогу тергөө абагында өткөргөнү, аны 2024-жылдын 8-сентябрында камерасынан белгисиз жакка алып кетишкени маалымдалган.
"Слідство.Інфо" басылмасынын журналисттеринин колуна Рощина каза болгону тууралуу кагаздын көчүрмөсү тийген. Аны Перм шаарынын ЗАГС мекемеси берген. Документте журналист 2024-жылдын 19-сентябрында каза болгону жазылган. Бул маалыматты Украинанын Башкы прокуратурасы дагы ырастады. Викториянын сөөгүн орус бийлиги толук соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилбеген абалда Украинага өткөрүп берген.
Быйыл жазында Украинанын Ички иштер министрлиги анын сөөгү февралдын соңунда болгон репатриациянын алкагында өткөрүлгөнүн, ДНК экспертиза сөөк журналистке таандык экенин көрсөткөнүн билдирген.
Рощина "Азаттыктын" украин кызматы менен да кызматташкан, согуш тууралуу баяндап турган. 2023-жылдын август айында Запорожье облусунун оккупацияланган аймагында орус аскерлеринин туткунуна түшкөн. Таганрогдогу абактан Москвага которуп жатышканда каза болгон. Өлүмүнүн себеби тууралуу так маалымат жок.
Украинада Рощинанын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголгон. Согуш мыйзамдарынын бузулушу жана атайылап адам өлтүрүү деген негизде козголгон ишти Башкы прокуратура тергеп жатат.
Украин бийлигинин маалыматына караганда, Орусияда отузга жакын украин журналисти туткунда кармалууда.
Орусиянын Краснодар аймагынын губернатору Вениамин Кондратьев Новороссийск шаарынын борборунда дрон чабуулунан эки киши каза тапканын билдирди.
"Шаардын борборуна, "Новороссийск" мейманканасынын аймагына сокку урулду. Баштапкы маалыматтарга караганда, эки киши каза таап, үчөө жараат алганы белгилүү. Беш турак жайга зыян келтирилди, анын ичинде көп кабаттуу үй, мейманкананын имараттары. Соккунун мизин кайтаруу уланууда", – деп жазды ал Телеграм-каналына.
Shot Телеграм-каналы жараат алгандардын саны сегизге жеткенин маалымдады.
Чабуулдан улам эки көп кабаттуу үйдүн чатыры жана эки батирде өрт тутанды. Электр чыгырыктарын ижарага берген сервистин кеңсеси өрттөнүп жатканы, анын жер төлөсүндө үч киши камалып калганы кабарланууда.
Каспий түтүк өткөргүч консорциуму (КТК) кеңсесине зыян келтирилгенин, жараат алгандардын экөө өз кызматкерлери экенин кабарлады.
Кондратьев дрон соккулары үчүн Украинаны айыптады. Киев комментарий бере элек.
Учкучсуз учактар Башкырстандагы "Газпром нефтехим Салават" ишканасына 24-сентябрда сокку урду. Маалыматты Орусияга караштуу Башкырстан Республикасынын башчысы Радий Хабиров ырастады.
"Зыяндын даражасын аныктап атабыз. Жеринде чукул кызматтар иштеп, өрттү өчүрүү аракети көрүлүүдө", – деп жазды ал Телеграм-каналына.
Ишкана жайгашкан Салават шаарынын тургундары жарылуулардын добушу угулганын айтууда.
Орусиялык жана украиналык Телеграм-каналдар жарыялаган сүрөт-видеолордон ишкана орун алган аймакта коюу түтүн абага көтөрүлгөнүн көрүүгө болот.
Украин бийлиги чабуул болгонун ырастады.
"Газпром нефтехим Салават" ишканасына 18-сентябрда да дрон соккусу болгон.
Украина тарап акыркы убакта Орусиянын мунай заводдоруна чабуулдарын күчөттү. Мындан улам Орусиянын өзүндө мунай тартыш болуп, андан бензин алган өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы көтөрүлдү.
22-сентябрдын кечинде Москва жана Подмосковье аймагы учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын мэр Сергей Собянин билдирди. Анын айтымында, абадан коргонуу системалары чабуулдун мизин кайтарган. Кийинчерээк Собянин тогуз учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн кабарлады жана алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар жок. Мэр түн ичинде дагы башка дрондор атып түшүрүлгөнүн, түн жарымында алардын саны 15ке жеткенин билдирди.
Мунун алдында Москва району жана Москва облусунда жарылуу болгону тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга жарыяланган. Москванын бир нече райондорунда жарылуунун добушу угулганын бир катар Телеграм-каналдар жазып чыгышты. Москва жана Подмосковье аймагынын жашоочуларынын айткандарын "Осторожно, Москва" каналы жазды. Жалпысынан 10дон кем эмес жарылуу болгону кабарланды. Абадан айгай жарыяланган жок.
"База" басылмасы Москвадагы аэропорттордун иши токтотулганын жазды. Flightradar24 сервисиндеги маалыматка караганда, Москвага багыт алган бир катар каттамдар артка кайткан. Социалдык тармактарда дрондор учурулган учурда бир учак өтө төмөн, турак жайлардын үстүнөн учуп баратканы тартылган видео тарады.
"Росавиация" Шереметьево аэропортуна чектөө киргенин билдирди. "База" басылмасы дрондордун бири Реутов шаарына түшүп, анын сыныктарынан автоунаа зыян тартканын жазды.
Москва бийлиги украин учкучсуз учактары чабуул койгонун, алар борборго жетпей атып түшүрүлгөнүн маал-маалы менен кабарлап келет. Мунун айынан 2025-жылы бир нече жолу аэропорттордун иштери үзгүлтүккө учураган.