22-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын Запорожье аймагына жок эле дегенде беш авиабомба менен сокку урду. Чабуулдун кесепетинен кеминде эки кишинин өмүрү кыйылганын, дагы экөө жараат алганын, алардын биринин абалын дарыгерлер оор деп мүнөздөп жатканын Запорожье аймактык аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.
Жайкын тургундар жашаган үйлөр кыйроого учурап, жарандык инфраструктура жана өнөр жай ишканалары да жабыр тартканын маалымдаган облус башчысы улам бир жерде өрт тутанган, өрт өчүрүүчүлөр иштеп жаткан сүрөттөрдү жарыялады.
Ошондой эле дүйшөмбүгө караган түнү Орусиянын учкучсуз учактары Украинанын Киев облусун бутага алганы кабарлады. Бориспол районунда үч кабаттуу үйдө өрт чыкканын, 32 жаштагы жергиликтүү тургунга сынык тийип, ал ийининен жараат алганан Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Николай Калашник жазды. Жергиликтүү басылмалар согуштук дрондор Бориспол аэропорту көздөй учуп баратканын кабарлашкан, бул Украинанын борбор шаарынын негизги аба дарбазасы экени белгилүү. Обухов районунда атып түшүрүлгөн дрондун сыныктары көп кабаттуу үйгө, жанындагы жер тамдардын бирине тийген.
Таңга жуук Сумы аймагы да дрон чабуулуна кабылганын жергиликтүү администрация башчысы Сергей Кривошеенко маалымдап, жайкын тургундар жашаган жерлерде өрт тутанганын, өнөр жай ишканалары, билим берүү мекемеси зыянга учураганын кошумчалады.
Борбор калаа Киевде да абадан чабуул тууралуу эскертүү берилип, айгай салып жатышты.
2022-жылы Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери Москванын тастыкталган жоготуулары 133 117 адамга жетти. Согушта набыт болгондордун аты-жөнүн "Медиазона", Би-би-си радиосунун орус кызматы жана ыктыярчылар ачык булактарга таянып тактаган.
Бул эки апта мурдагы маалыматка караганда 5 миңге көп. Каза болгондордун 28% согуш башталгандан кийин армияда кызмат өтөөгө келишим түзгөндөр. Иликтөөнүн авторлору алардын үлүшү өсүп жатканын белгилешкен. Экинчи орунда согушка орус абактарынан барган соттолуучулар. Аймактар боюнча алганда каза болгондордун басымдуу бөлүгү Башкырстандын тургундары (6632), кийинки орунда тувалыктар турат.
Каза болгондордун реалдуу саны мындан бир кыйла көп болушу мүмкүн.
Орусия менен Украина өздөрүнүн жоготуулары тууралуу расмий түрдө өтө сейрек кабарлашат.
Украинанын Днепропетровск облусу 20-сентябрга караган түнү орус армиясынын жапырт соккусуна кабылды. Облустун администрация башчысы Сергей Лысак чабуулда ракета жана учкучсуз учактар колдонулганын билдирди.
Бир киши каза болду, кеминде 26 адам жараат алды, алардын 14ү ооруканага жеткирилди. Бир канча жерде өрт тутанды. Көп кабаттуу үй, жер там, чарба курулуштары, гараж зыян тартты.
Павлоградда ишкана зыян тартып, өрт чыкты. Никополь районунда FPV дрону жана артиллерия соккусунан жеке турак жай күйүп кетти.
Ишембиге караган түнү Украинанын Киев, Николаев, Одесса, Хмельницкий облустары чабуулдарга дуушар болду. Бул күнү өлкөдө 3 киши каза болгонун Украинанын президенти Владмир Зеленский билдирди.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, орус армиясы 19-сентябрдын кечинен тартып жалпысынан 579 учкучсуз учак, 8 баллистикалык, 32 канаттуу ракете учурду. Дрондун 552си, эки баллистикалык, 29 канаттуу ракета атып түшүрүлүп, зыянсыздандырылган.
Расмий Москва соңку соккулар тууралуу комментарий бере элек.
Ал эми Орусияда 20-сентябрга караган түнү украин армиясы мунайды кайра иштетүүчү эки заводуна сокку урганы маалымдалды. Украинанын Куралдуу күчтөрү билдиргендей, учкучсуз учактардын чабуулунан Саратов районундагы мунай иштетүү заводунда ири өрт чыкты. Новокуйбышевскиде заводдо от тутанды.
Орусиянын Коргоо министрлиги мунай заводуна жасалган чабуул тууралуу кабарлаган жок. Мекеме тараткан маалыматка караганда, түнү Саратов облусунда 27, Новокуйбышевскиде завод жайгашкан аймакта 15 украин дрону жок кылынды.
Эстониянын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн аба мейкиндиги бузулганына байланыштуу нааразылык билдирип, нота тапшыруу үчүн Орусиянын убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакырды. Мекеме тараткан билдирүүгө караганда, жума күнү МиГ-31 кыргын салуучу үч учак Эстониянын аба мейкиндигине уруксатсыз кирип барып, ал жакта 12 мүнөт учкан.
“Бул жылы Орусия Эстониянын аба мейкиндигин төрт жолу бузду, мунун өзү эле кабыл алынгыс. Бирок бул жолу үч истребителдин биздин аймакка кирип келиши кабыл алынгыс жана болуп көрбөгөндөй уятсыздык”, - деген өлкөнүн тышкы иштер министри Маргус Цахкна.
Эстониянын ERR телекомпаниясы окуя Фин булуңундагы Вайндло аралында болгонун кошумчалады. Маалыматка караганда, истребителдердин учуу планы жок болгон жана алардын транспондерлери өчүрүлгөн.
Politico басылмасынын булактары истребителдер Таллинди көздөй бараткан жана аларга карата италиялык F-35 кыргын салуучу учактары абага көтөрүлгөнүн маалымдашты.
Өлкөнүн премьер-министри Кристен Михал Эстония НАТОнун жобосундагы 4-беренени колдонуп, коопсуздукка коркунуч жаралган учурда өнөктөштөрү менен кеңешерин билдирди.
Британиянын Guardian басылмасы НАТО түзүлгөн 1949-жылдан бери бул берене жети жолу колдонулганын жазды. Акыркы жолу Польша 20дай учкучсуз учактар аба мейкиндигин бузуп киргенден кийин пайдалаган.
10-сентябрда 15тен ашуун орусиялык дрон Польшанын аба мейкиндигин бузуп кирген. Поляк армиясы жана НАТОдогу өнөктөштөр истребителдерди абага көтөрүп, дрондор атып түшүрүлгөн.
Бул НАТОнун аймагында дрондор кулатылган биринчи учур. 12-сентябрда Польша орус-беларус биргелешкен "Запад-2025" аскердик машыгууларына байланыштуу Беларус менен чек арасын толук жапкан.