Европа комиссиясы Орусияга каршы санкциялардын 19-пакетин жактырды. Бул тууралуу жума күнү комиссиянын расмий өкүлү Паула Пиньо билдирди. Анын айтымында, төрайым Урсула фон дер Ляйен жана шаркеттин башкы дипломаты Кая Каллас кийинчерээк анын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат бермекчи.
16-сентябрда фон дер Ляйен бул жолку пакетке банктар, энергетика жана криптовалюта тармактары кирерин билдирген. «Орусиянын мунай жана газдан киреше тапкан аскердик экономикасы Украинадагы кан төгүүнү каржылап жатат. Буга чекит коюу үчүн комиссия орусиялык кара майдан бара-бара баш тартуу сунушун тездеттирүүнү сунуш кылат», - деп айткан.
Еврокомиссия Орусиядан чийки мунайды деңиз менен ташууга тыюу салып, орус мунайынын бир баррели 47,6 доллардан ашпоого тийиш деген чектөө киргизген. Буга чейин иштелип чыккан планда Орусиянын мунай-газынан 2028-жылдын 1-январынан баш тартуу каралган.
18-сентябрда Эстониянын бийлиги эмки жылдын 1-январынан тартып Орусиядан суюлтулган газ алууга тыюу саларын билдирди. Тышкы иштер министри Маргус Цахкнанын айтымында, Украинадагы согушту улантып жаткан Орусия өз амбицияларынан баш тарткан жок жана глобалдык коопсуздукка коркунуч жаратууда.
Орусия президенти Владимир Путиндин көп жылдардан берки ишеничтүү адамы Дмитрий Козакты кызматынан бошоткон жарлыгы укуктук актылар порталында жума күнү жарыяланды. Эки күн мурдараак ал кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганы кабарланган.
Украинада төрөлгөн Козак 1990-жылдардан бери Путиндин жакын адамы саналып, акыркы 25 жылда бир катар жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеди. Украина менен Минск келишимин аткаруу боюнча сүйлөшүүлөрдө Кремлдин делегациясынын жетекчиси болуп турган.
2022-жылы 24-февралда Украинадагы согуш башталар алдында болгон Орусиянын Коопсуздук кеңешинде сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл деген көз карашын билдирген. Бир катар маалымат каражаттары ал ыктымал согуш украин элинин, армиясынын катаал каршылыгына туш болот деп эскертип келгенин, кийин да Путинди сүйлөшүүгө көндүрүүгө аракет жасаганын жазышкан.
66 жаштагы Дмитрий Козак орус президентинин ишеничтүү адамы катары Кыргызстанга бир нече жолу келип, жогорку жетекчилик менен көзмө-көз жолугушуулар өткөргөн. 2020-жылкы октябрь окуялары маалында ал бийлиги олку-солку болуп турган экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканы белгилүү. Москвалык айрым маалымат булактары Козак мындан ары бизнес тармагында иштеши мүмкүн деп жазышты.
19-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагын 86 учкучсуз учак менен бутага алганын украин Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Дрондордун 71ин атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү, алты жерде 15 дрон жерге түшүп, адамдар жабыркаганы маалымдалды.
Киев жана Павлоград шаарларында дрон чабуулунун кесепетинен кеминде эки киши жараат алганы белгилүү болду. Павлоградда, жергиликтүү бийлик маалымдагандай, бир нече жерде өрт чыккан.
Ал тапта Украина бийлиги дрондорду токтотуп калуучу учкучсуз учактарды көбүрөөк чыгарууну пландап жатканын өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.
Министр Денис Шмыгаль мындай чара Орусиянын жапырт чабуулдарынан коргонуу аракети экенин, орус аскерлери бир түндө 800гө чейин дрон учуруп жатса, аларга туруштук бериш үчүн Украинага күнүнө 1000 дрон керек экенин айтты.
Министрдин билдиришинче, дрондун иштешине зарыл болгон башкаруучу комплекстерди жасоодо мындай көлөмгө Украина жакын арада жетише алат.
Украинанын армиясы 18-сентябрга караган түнү жана эртең менен Орусиянын алыскы аймактарындагы мунайды кайра иштеткен заводдорго сокку урду.
Дрондор негизинен Башкырстандагы мунайхимиялык комплексти бутага алган.
Салават шаарындагы "Газпром нефтехим Салават" ишканасына сокку урулганын украиналык Exilenova+ Телеграм-каналы билдирип, калаанын үстүндө көтөрүлгөн коюу түтүндүн сүрөт, видеолорун жарыялады.
Аталган каналдын маалыматына караганда, бул шаар согуш аймагынан 1400 чакырым алыстыкта жайгашкан, соккуда мунайды кайра иштетүүдө колдонулган жабдык иштен чыккан.
Башкырстандын башчысы Радий Хабиров заводго сокку урулганын ырастады. Каза тапкандар, жараат алгандар жок экенин айтты.
Украинанын Атайын операциялар күчтөрү бейшембиге караган түнү Орусиянын Волгограддагы мунай заводуна ("Лукойл-Волгограднефтепереработка") сокку урулганын билдирди.
Маалыматта бул ишкана жылына 15,7 млн тонна мунайды кайра иштетерин, бул Орусиядагы мунайды кайра иштетүүнүн 5,6% түзөрүн, чабуулдун натыйжасында заводдун иши токтоп калганын кошумчалады.
Волгоград облусунун губернатору Андрей Бочаров абадан коргонуу күчтөрү түндө учкучсуз аппараттардын жапырт чабуулунун мизин кайтарганын, Красноармейск районунда дрондун сыныгы кулаганда эки жеке турак жайдын терезелери күбүлүп, чатырларына зыян келтирилгенин кабарлады. Ал мунай заводуна сокку тууралуу маалымат берген жок.