Орус армиясы 7-сентябрдын таңында Украинанын бир нече аймагына ракета жана учкучсуз учактар менен кезектеги жапырт чабуулун койгонун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлап жатышат.
Борбор калаа Киевдин мэри Виталий Кличконун айтымында, шаарда бир улгайган аялдын өмүрү кыйылды, көп кабаттуу үйлөрдүн кеминде төртөөнү жана автомашиналарды өрт каптады.
Киев шаардык аскердик администрация башчысы Тимур Ткаченко үйлөрдүн бирине учактын сыныгы түшүп, дагы бир өмүр кыйылганын, уранды астынан куткаруучулар бир жашар наристенин сөөгүн алып чыгышканын жазды. Анын айтымында, кеминде дагы 11 киши ар кандай жараат алды, арасында кош бойлуу бир келин бар.
Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы борбор шаар "Искандер-К" канаттуу ракеталарынын чабуулуна кабылганын билдирди.
Кривой Рог шаарында соккулардан үч жерде транспорттун ишине тоскоолдук жаралганы, Запорожьеде мамлекеттик ишканалардын биринде өрт тутанганы, Кременчуг шаарында ондогон жарылуу болгону, Одесса жапырт аткылоо астында калганы, үйлөр жана башка имараттар зыян тарканы маалымдалууда.
Согуш 2022-жылдын февраль айында Москва коңшусуна толук масштабдуу кол салуусун баштагандан бери уланып келе жатат.
5-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Ужгород шаарында сүйлөп жатып коопсуздук кепилдиктеринин алкагында Батыш өлкөлөрүнүн "миңдеген" аскерлери Украинанын аймагында жайгаштырылышы мүмкүн экенин билдирди.
"Алардын саны бир нечелеп эмес, миңдеп эсептелет. Бул факт. Бирок азырынча муну кенен талкуулоого эрте", — деди Зеленский.
Украин президенти мындай билдирүүсүн Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта менен биргелешкен маалымат жыйынында жасады.
Мунун алдында орус президенти Владимир Путин Владивостокто өткөн Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатып эгер согуш жүрүп жатканда Батыш өлкөлөрү Украинага аскер жайгаштырса алар орус күчтөрүнүн бутасында болорун эскерткен.
"Эгер ал жакка айрым аскерлер жайгашса, айрыкча азыркы аскердик аракеттер маалында, биз аларды жок кылууну мыйзамдуу аскердик максат деп эсептейбиз",- деген Путин.
Путин ошондой эле эгерде узак мөөнөттүү тынчтыкка алып келүүчү чечимдер кабыл алынса, анда алардын Украинанын аймагында болушунун эч кандай мааниси жок деп эсептей турганын кошумчалаган.
Бейшембиде Парижде Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүүгө даяр 30га жакын өлкөнүн лидерлери чогулган. Саммит учурунда 26 өлкө коопсуздук кепилдиктерин сунуш кылган процесске кошуларын ырастап, бир нече өлкө өз позициясын тактап жатканын билдирди. Маалыматка караганда, коопсуздук кепилдиктеринин пакети дипломатиялык, каржылык жана аскердик элементтерди камтып, Украинанын коргонуу жөндөмүн чыңдоого багытталат.
Зеленский жана Европанын лидерлери орус президенти Владимир Путин согушту токтотууга кызыкдар эмес экенин айтып келишет.
АКШ президенти Дональд Трамп жума күнү Truth Social социалдык тармагына Кытай, Индия жана Орусия лидерлеринин сүрөтүн жарыялап, Индия менен Орусия Кытайдын таасирине өткөнүн жазды.
"Кытайдын терең жана караңгы таасирине өткөн Индия менен Орусияны жоготтук окшойт. Аларга узак жана өнүгүү жолундагы биргелешкен келечек каалайм!", — деди Трамп.
Трамп бөлүшкөн сүрөт 1-сентябрда Кытайда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде тартылган. Анда Орусиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Кытайдын лидери Си Цзинпин тартылган.
Буга чейин АКШ лидери ШКУдан кийин Бээжинде өткөрүлгөн аскердик парадга реакция жасап, Си Цзинпинге жолдогон кайрылуусунда "Силер Америка Кошмо Штаттарына каршы кутум уюштуруп жаткан чакта Владимир Путин менен Ким Чен Ынга менден ысык салам айтып коюңуз", - деген.
Эл аралык маалымат каражаттары Трамп менен Модинин ортосундагы пикир келишпестик тууралуу жазып, индиялык өкмөт башчы Вашингтондун чалууларына жооп бербей калганын билдиришкен. АКШ жакында Индияга кошумча бажы төлөмдөрүн киргизген. Анын ичинде өлкөнүн орус мунайын сатып алуусуна байланыштуу чаралар болгон.
1-августтан 1-сентябрга чейин Кытайдын түндүгүндөгү Тяньцзин шаарында жалпысынан 20дан ашуун лидер чогулду. Бул ири саясий иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жапониянын жеңилишинин 80 жылдыгына карата уюштурулду. Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Кытай, Иран жана Беларус лидерлери, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф катышты.
Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крым, Азов, Кара деңиз, жалпысынан 11 аймактын үстүнөн Украинанын 92 учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, Рязань облусунун үстүнөн 9 дрон жок кылынды. Аймактын губернатору Павел Малков "дрондун сыныктары өндүрүш ишканасынын аймагына түшкөнүн, анын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын" билдирди. Губернатор кайсыл ишкана экенин ачыктаган жок.
Рязандын жашоочулары мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкканын кабарлашты.
Украинанын Exilenova+ Телеграм-каналы заводго сокку урулганын жазды.
Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин Дезинформацияга туруштук берүү борборунун жетекчиси Андрей Коваленко өзүнүн Телеграм-каналына соккуда Рязань мунай иштетүү заводу бутага алынганын белгилеп, "мыкты иш" деп жазды.
Ушул эле маалыматты Украинанын Учкучсуз учактар системасы боюнча күчтөрүнүн командачысы Роберт Бровди (аскердеги белгиси "Мадяр") дагы ырастады. Анын белгилешинче, Луганск мунай базасына дагы сокку урулду.