АКШ президенти Дональд Трамп жума күнү Truth Social социалдык тармагына Кытай, Индия жана Орусия лидерлеринин сүрөтүн жарыялап, Индия менен Орусия Кытайдын таасирине өткөнүн жазды.
"Кытайдын терең жана караңгы таасирине өткөн Индия менен Орусияны жоготтук окшойт. Аларга узак жана өнүгүү жолундагы биргелешкен келечек каалайм!", — деди Трамп.
Трамп бөлүшкөн сүрөт 1-сентябрда Кытайда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде тартылган. Анда Орусиянын президенти Владимир Путин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Кытайдын лидери Си Цзинпин тартылган.
Буга чейин АКШ лидери ШКУдан кийин Бээжинде өткөрүлгөн аскердик парадга реакция жасап, Си Цзинпинге жолдогон кайрылуусунда "Силер Америка Кошмо Штаттарына каршы кутум уюштуруп жаткан чакта Владимир Путин менен Ким Чен Ынга менден ысык салам айтып коюңуз", - деген.
Эл аралык маалымат каражаттары Трамп менен Модинин ортосундагы пикир келишпестик тууралуу жазып, индиялык өкмөт башчы Вашингтондун чалууларына жооп бербей калганын билдиришкен. АКШ жакында Индияга кошумча бажы төлөмдөрүн киргизген. Анын ичинде өлкөнүн орус мунайын сатып алуусуна байланыштуу чаралар болгон.
1-августтан 1-сентябрга чейин Кытайдын түндүгүндөгү Тяньцзин шаарында жалпысынан 20дан ашуун лидер чогулду. Бул ири саясий иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жапониянын жеңилишинин 80 жылдыгына карата уюштурулду. Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Кытай, Иран жана Беларус лидерлери, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф катышты.
Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крым, Азов, Кара деңиз, жалпысынан 11 аймактын үстүнөн Украинанын 92 учкучсуз учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, Рязань облусунун үстүнөн 9 дрон жок кылынды. Аймактын губернатору Павел Малков "дрондун сыныктары өндүрүш ишканасынын аймагына түшкөнүн, анын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын" билдирди. Губернатор кайсыл ишкана экенин ачыктаган жок.
Рязандын жашоочулары мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкканын кабарлашты.
Украинанын Exilenova+ Телеграм-каналы заводго сокку урулганын жазды.
Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин Дезинформацияга туруштук берүү борборунун жетекчиси Андрей Коваленко өзүнүн Телеграм-каналына соккуда Рязань мунай иштетүү заводу бутага алынганын белгилеп, "мыкты иш" деп жазды.
Ушул эле маалыматты Украинанын Учкучсуз учактар системасы боюнча күчтөрүнүн командачысы Роберт Бровди (аскердеги белгиси "Мадяр") дагы ырастады. Анын белгилешинче, Луганск мунай базасына дагы сокку урулду.
АКШнын Украинаны колдоо форматы жана коопсуздук кепилдиктери жакынкы күндөрү такталат. Бул тууралуу Парижде өткөн "Каалоочулардын коалициясынын" жыйынынан кийин Франциянын президенти Эммануэль Макрон билдирди.
Саммит учурунда катышуучулар АКШ президенти Дональд Трамп менен да сүйлөшүү өткөрүштү.
"Бул сүйлөшүүнүн жыйынтыгында алдыдагы күндөрү АКШнын колдоосу жана коопсуздук кепилдиктери так аныктала турган болду. АКШ бул процесстин ар бир этабына катышты", — деди Макрон басма сөз жыйынында.
Ал ошондой эле эгерде Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартууну улантса, Европа өнөктөштөрү менен макулдашылган жаңы санкциялар киргизилерин белгиледи.
Макрондун айтымында, Орусияга карата санкциялар жана дипломатиялык чаралар аркылуу басым жасоо Европа өлкөлөрүнүн стратегиясынын маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Анын максаты Москваны сүйлөшүүлөргө кайтууга жана агрессивдүү аракеттерден баш тартууга мажбурлоо.
Өз кезегинде украин президенти Владимир Зеленский Макрон менен биргелешкен басма сөз жыйынында Киев жана анын союздаштары коопсуздук кепилдиктеринин жалпы түзүмүн түшүнүп калганын айтты. Ал ар бир өлкө өз салымын кошуу үчүн тиешелүү кызматташуу документтерин даярдап жатканын кошумчалады.
"Күчтүү украин армиясы мындай милдеттенмелердин кандай гана болбосун негизги элементи болуп калат", — деди Зеленский.
Маалыматка караганда, коопсуздук кепилдиктеринин пакети дипломатиялык, каржылык жана аскердик элементтерди камтып, Украинанын коргонуу жөндөмүн чыңдоого багытталат.
Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулай турган “каалоочулардын коалициясынын” саммити негизинен европалык лидерлерди бириктирет. Лидерлер бир нече айдан бери Орусия кайра кол салбашы үчүн Украинага көрсөткөн аскердик жардамдын көлөмүн талкуулап келишет.
Зеленский жана Европанын лидерлери Путин согушту токтотууга кызыкдар эмес экенин айтып келишет.
18-августта АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондо Зеленский жана европалык лидерлер менен жолугушууда “бир-эки жумадан кийин” Орусия менен Украинанын тынчтык келишимине жетишүү мүмкүнчүлүгү айкын болоорун айткан. Бир жума мурда болсо Трамп “эгер сентябрдын башында согушту токтотуу боюнча келишим түзүлбөсө, Орусия үчүн абдан олуттуу кесепеттер болушу мүмкүн” деп эскерткен.
Орус президенти Владимир Путин украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушууну четке какпасын, бирок ал Москвада өтүшү керектигин билдирди. Бул тууралуу Путин Кытайга сапары учурундагы маалымат жыйында билдирди. Ал мындай жолугушууга “мыкты даярдык” керек экенин, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамптан жолугушуу уюштурууну суранганын айтты.
“Эгерде Зеленский даяр болсо Москвага келсин, ошондо жолугушуу болот”,-деди орус президенти.
Путин ушуну менен экинчи жолу Зеленский менен Москвада жолугушууну сунуштады. Буга чейин Владимир Зеленский жолугушууну Москвада өткөрүүгө макул эместигин билдирген.
Путин соңку билдирүүсүндө Зеленскийдин президенттик мөөнөтү аяктаган деп, аны менен жолугууну каалабай турганын туюнткандай болду.
Август айында алгач Путин жана Трамп, кийин Трамп менен Зеленскийди коштогон Европанын бир нече лидери жолугушкан соң Украинадагы согушту токтотуу боюнча аракеттер жанданган. АКШ президенти украин жана орус президенттеринин жолугушуусун уюштурууга аракет кыларын айтып, андан майнап чыкпай келе жатат.
Зеленский жана Европанын лидерлери Путин согушту токтотууга кызыкдар эмес экенин айтып келишет.
Акыркы жолу шейшембиде күнү Дональд Трамп америкалык радио алып баруучу Скотт Женнингске маек берип жатып, Владимир Путинден "абдан көңүлү калганын" айткан. Ошол эле күнү Ак үйдө өткөн брифингде ал Украинанын жаңжалы боюнча "өтө кызыктуу нерселерди" билгенин кошумчалады.