Германиянын канцлери Фридрих Мерц Орусиянын президенти Владимир Путинди "биздин замандын эң коркунучтуу согуш кылмышкери" деп атады. Мындай мүнөздөмөнү ал 2-сентябрда Sat1 телеканалында чыккан маекте айтканын Deutsche Welle жазды.
"Биз согуш кылмышкерлерине кандай мамиле кылуу керектигин так түшүнүп алышыбыз керек. Бул жерде көңүлгө карап кереги жок", — деди Мерц.
Der Spiegel буга чейин канцлер Орусияны Украинадагы согушка байланыштуу оор аскердик кылмыштарга айыптап келгенин, бирок Путиндин өзүн согуш кылмышкери деп атай электигине көңүл бурду.
Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту согуш кылмыштарына жана адамзатка каршы кылмыштарга айыптап Путинди камакка алууга ордер берген. Эл аралык коомчулук украиналык балдарды Орусияга мыйзамсыз чыгарып кетүүгө байланыштуу да орус жетекчилигин айыптап келет.
Буга чейин аны согуш кылмышкери жана киши өлтүргүч деп АКШнын мурдагы президенти Жо Байдан атаган.
Маегинде Мерц Путиндин Украина менен тынчтыкка келүүгө умтулуусу жок экенин, ал согушту токтотууда өзү үчүн жүйөлөрдү көрбөй жатканын, мындан улам ага "негиз" түзүү зарыл болуп турганын белгиледи.
"Аскердик жактан алып караганда мындай кылуу татаал, бирок экономикалык жактан толук мүмкүн", - деген Мерц, Орусияны анын өнөктөштөрүнө бажы төлөмдөрүн киргизүү менен алсыратууга болорун айтты.
Канцлер буга чейин Путиндин айткандарына ишенүүгө болбой турганын, анын шартына көнбөш керектигин билдирген. Акыркы маегинде да ошол көз карашын кайталады.
Буга чейин АКШнын аракетине карабай Украинадагы согуш токтобой, узакка созулушу ыктымал экенин белгилеп, Орусияга карата санкцияларды күчөтүүгө, Киевди колдоого чакырган.
Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков: "Мерц акыркы сааттарда абдан көп начар билдирүүлөрдү жасады", - деп комментарийледи.
Евробиримдиктин лидерлери Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын февралынан бери Путин менен сейрек баарлашып, аны кескин айыптап келатышат. Ошол эле кезде шаркетке мүчө өлкөлөр Орусиядагы бийликтин алмашуусун колдоп чыга элек, Путинди легитимдүү деп эсептөөнү улантууда.
Орусиянын Коргоо министрлиги 3-сентябрга караган түнү Украинанын 105 дрону беш аймакта, аннексияланган Крымда жана Кара деңиз жана Азов деңизинин аймагында атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Маалыматка караганда, Ростов облусунун үстүндө 25 учкучсуз учак жок кылынды. Облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Юрий Слюсар Кутейниково темир жол станциясында дрон соккусу байланыш түйүнүнүн ишин үзгүлтүккө учуратканын билдирди.
"Станциянын имаратынан түн ичинде жүргүнчүлөр жана кызматкерлер эвакуацияланды. Эч ким жабыркаган жок. Учурда имарат курчоого алынды. Саперлор тартылды", — деп жазган ал. Анын айтымында, станциянын чатырында жарылбай калган снаряд тийген.
Орусия темир жолдору мекемеси билдиргендей, чабуулдан улам 26 жүргүнчү поезд каттамы кармалууда.
АКШ администрациясы Орусиянын соңку аракеттерине байланыштуу санкцияларды күчөтүү боюнча "бардык варианттарды" карап жатат. Бул тууралуу Fox News телеканалына берген маегинде АКШнын каржы министри Скотт Бессент билдирди.
Ал Орусиянын президенти Владимир Путинди сынга алды.
"Анкориждеги (Аляска) тарыхый жолугушуудан жана европалык лидерлер менен президент Зеленскийдин Ак үйдө болгон сүйлөшүүсүнөн бери ал (Путин) ишарат кылгандын тескерисин жасады. Тескерисинче, ал жийиркеничтүү түрдө бомбалоолорун күчөттү", – деди Бессент.
Ал Путиндин АКШ президенти Дональд Трамп менен Аляскада болгон жолугушуусун жана андан кийинки телефон сүйлөшүүлөрүн эске салды. Бирок Бессент Путин Аляскада так эмне убада бергенин айткан жок.
Министрдин айтымында, АКШнын болжолдуу жооп чаралары ушул жуманын ичинде каралат.
Шейшемби күнү Дональд Трамп америкалык радио алып баруучу Скотт Женнингске маек берип жатып, Владимир Путинден "абдан көңүлү калганын" айткан. Ошол эле күнү Ак үйдө өткөн брифингде ал Украинанын жаңжалы боюнча "өтө кызыктуу нерселерди" билгенин кошумчалады. "Муну бир нече күндө билесиздер деп ойлойм", - деди АКШ президенти.
Мунун алдында Трамп эки жуманын ичинде Орусияга карата мындан аркы кадамдар боюнча чечим кабыл алууну пландап жатканын билдирген. Бул мөөнөт 1-сентябрда аяктады. Ошондой эле ал Орусия, Украина жана АКШ лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусун өткөрүү ниетин белгилеп, бирок “балким, Украина менен Орусия азырынча тынчтыкка даяр эмес” деген.
Трамп Орусиянын соода өнөктөштөрүнө (де-факто Индияга – анткени ал өлкөдө орус мунайын сатып алууга байланыштуу бажы төлөмдөрү иштеп жатат) каршы санкцияларды жана төлөмдөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле Украинага да басым көрсөтүү ыктымалдыгын четке каккан эмес.
Трамп согушту токтотууга кызыкдар экенин белгилеп, бул үчүн Орусия менен Украина айрым талаптарынан баш тартууга туура келерин айткан. Учурда эки тараптын ортосунда чоң пикир келишпестик – аймактарга жана согуштан кийинки коопсуздук кепилдигине байланыштуу маселелер турат.
АКШ администрациясы Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүдөн баш тартканын Москва сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетиши мүмкүн деген себеп менен түшүндүрүүдө. Бул согуштун белгисиз мөөнөткө узарып кетишине алып келери айтылууда.
3-сентябрга караган түнү орус армиясы Украинага жапырт сокку урду. Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, Орусия жалпысынан 502 дрон жана ар кандай типтеги 23 ракета учурду. Үч ракета жана 69 дронду атып түшүрүүгө же кармоого мүмкүн болгон жок.
Бутага өлкөнүн чыгышы менен батышындагы бир нече аймактар алынды. Чернигов облустук аскердик администрациясынын башчысы Вячеслав Чаус чабуулдан жарандык маанилүү инфраструктуралык объектиге зыян келтиригенин кабарлады. Нижинск районунда 30 миңден ашуун үй электр энергиясыз калды.
Кировоград облусунда темир жол объектилерине сокку урулду. Төрт темир жолчу жабыркап, 20дан ашык поезд каттамы кармалды. Кировоград облусунун Знаменка шаарында соккулардан беш киши жараат алып, турак жайлар зыян тартты.
Киев облусунун Вышгород шаарында дрон калдыгы түшкөн үйдө өрт чыкты, жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок.
Львов, Хмельницкий жана Ивано-Франковск облустары, Волынск облусунун борбору Луцк шаары да аткыланды. Жергиликтүү бийлик калаада өнөр жай жана инфраструктуралык объектилер күйүп жатканын билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия кылганын моюну менен тартпай, жазасыз калып жаткандыктан, соккуларды күчөткөнүн айтып, өнөктөш өлкөлөрдү Москвага экономикалык кысым көрсөтүүгө үндөдү.