Одессага Орусиянын армиясы "Шахед" дрондору менен чабуул койду.
Шаршембиге караган түнкү чабуулда бир нече турак жайда өрт чыкты. Бир нече киши жабыркаганын Одесса облустук аскердик администрациясынын жетекчиси Олег Кипер билдирди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Сумы облусунун аскердик администрациясынын башчысы Владимир Артюхту кызматынан бошотту. Бул тууралуу Украинанын маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка караганда, украин президентинин мындай чечимине Сумы облусунун Конотоп шаарынын мэри Артем Семенихиндин билдирүүсү себеп болду. Семенихин облус жетекчилиги шаарда аскерлердин иш-чарасын өткөрүү менен жай тургундардын коопсуздугуна коркунуч келтиргенин айткан.
"Ал (Артюх) бүгүн бул жерде 117-бригададагы баатыр жигиттерибизге грамоталарды, медалдарды тапшырууну уюштурду. Бул баарына маалым. Бул жакта эч нерсе болгон эмес деп айтканыбыз туура эмес. Аскерлердин эч кимиси жабыркаган жок. Алар баары баш калкалоочу жайда болушту. Орусия эми өз агрессиясын акташ үчүн ал жерде аскерлер болгон деп айтып жатат", - деди ал видео кайрылуусунда.
Владимир Артюх аталган иш-чара шаарда өткөрүлгөнүн, бирок аны өзү уюштурбаганын билдирген. Анын ордуна Сумы облусунун аскердик администрациясынын башчысы болуп Олег Григоров дайындалды.
15-апрелге караган түнү Орусиянын Курск аймагы жапырт дрон чабуулуна кабылды. Маалыматка караганда, бир адам каза болуп, кеминде тогуз адам жабыркады. Жергиликтүү Телеграм-каналдар чабуулга турак үйлөр туш болгонун жазышты.
Каза болгон адам 85 жаштагы байбиче экени кабарланды. Тогуз адам дрон сыныктарынан алган жараатынан улам ооруканага жеткирилди. Облустун губернатору Александр Хинштейн дрон чабуулуна үч кабаттуу үй туш болгонун, натыйжада өрт тутанганын билдирди. Анын тургундары убактылуу коопсуз жайга көчүрүлдү.
Орусиянын Коргоо министрлиги шаршембиге караган түнү Курск облусунда Украинанын 109 дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Украина бул тууралуу комментарий бере элек.