14-апрелде түштө Орусиянын чабуулунан төрт адам набыт болгонун Харьков облусунун башчысы Олег Синегубов билдирди.
"Купянскидеги аткылоодон 68 жаштагы эркек киши жана 61 жаштагы аял набыт болду. Шевченко айылына болгон чабуулдан 77 жаштагы аял жана 52 жаштагы эркек киши каза болду", - деди Синегубов.
14-апрелге караган түнү Харьковдун Салтов району бутага алынганы кабарланды. Бул тууралуу шаардык администрациянын башчысы Игорь Терехов билдирди. Анын айтымында, өндүрүш кампаларында өрт тутанды. Жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.
Запорожье облусунун Новояковлевка айылында дрон чабуулунан 63 жаштагы жергиликтүү тургун каза болду.
Сумыда дүйшөмбү күндүз болгон чабуулда бир адам жабыркады.
14-апрелге караган түнү Орусиянын армиясы Украинага “Шахед” жанкечти дрондору менен чабуул койду. Дрон чабуулуна Одесса, Донецк жана Днепропетров облустары туш болду.
Одессада кеминде сегиз адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, облуска жекшемби күнү кечинде чабуул болду. Шаардык оорукана, бир нече кампа жана инфратүзүм жабыркаганы маалымдалды.
Орусиянын Коргоо министрлиги 13-апрелде Сумы шаарына эки “Искандер-М” ракетасы менен чабуул жасалганын ырастады. Министрлик "Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командалык штабынын жыйыны" өтүп жаткан жерди бутага алууну көздөгөнүн билдирди.
"Жекшемби күнү орусиялык аскерлер Сумы шаарында Украинанын Северск оперативдүү-тактикалык тобунун командалык штабынын жыйыны өтүп жаткан жерге "Искандер" ракетасы менен чабуул койду. Анда 60тан ашуун украин аскери набыт болду", - деп жазылган маалыматта.
"Киев режими украин калкын тирүү калкан катары колдонуп, калк жыш жайгашкан шаардын борборунда аскер кызматкерлеринин катышуусунда иш-чараларды өткөрүүдө", - деп айтылат орус армиясынын билдирүүсүндө.
Согуш маалында эки тараптын тең маалыматын көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.
Орусиянын армиясы жекшембиде Украинанын Сумы шаарынын борборун баллистикалык ракета менен аткылаган. Би-Би-Си радиосу аткылоодо Сумы университетинин балдар билим алган Конгресс борбору зыян тартканын жазды.
Украин тарап соккудан 35 киши каза тапканын тактады, 100дөн ашууну ар кандай жараат алды. Каза тапкандардын экөө, жараат алгандардын 15и балдар.
Далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип жүрөт.
АКШ, Евробиримдик, Бириккен Улуттар Уюму орус армиясынын 13-апрелде Украинанын Сумы шаарына жасаган кандуу чабуулун кескин айыпташты. Жекшембидеги кол салуу 35 адамдын өмүрүн алды. 117 киши жараат алды, алардын арасында 15 бала бар.
Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен бул чабуулду "эл аралык укуктун одоно бузулушу" деп атады жана ок атууну токтотууну камсыздоо үчүн катуу чаралар көрүлүшү керек экенин кошумчалады.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш да бул окуя "терең тынчсыздантуу жаратып, аны нес кылганын" билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп "сүрөттөп болбой турган кайгылуу окуя" деп атады.
"Бул абдан аянычтуу, мага алар ката кетиргенин айтышты. Менимче, бул өтө коркунучтуу. Бул согуш өзү абдан коркунучтуу", - деди Трамп Флоридадан Вашингтонго бара жаткан маалда, Air Force One учагынын ичинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Кабарчылар андан эмнени айткысы келгенин тактап сурашканда АКШ лидери "катачылык" тууралуу сөзүн кайталап: "Аны өздөрүнөн (ред. Орусия) сурасаңар болот", - деген жообун айтты. Ошондой эле Трамп "эки өлкө ортосунда согуш баштоого жол берген" деп мурунку президент Байденди айыптады.
Орус бийлиги ар дайым карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага аларын билдирип келет. Анткен менен ооруканаларга, мектептерге, энергетикалык жайларга жана турак үйлөргө жасалган чабуулдар далай ирет катталган.
Бул жолку чабуул боюнча Орусиянын Коргоо министрлиги эч кандай комментарий бере элек. Ал эми Кремль бул тууралуу министрликтен гана сураш керек деп билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио "орус ракетасы жасаган үрөй учурган чабуул" деп мүнөздөдү.
Ал эми Дональд Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог "Орусиянын Вербное жекшембилигинде Сумы шаарындагы жайкын адамдарга каршы жасаган чабуулу бардык чектерди бузганын" билдирди.
Германиянын жаңы шайланган канцлери Фридрих Мерц Орусия президенти Владимир Путинди "атайылап жасалган жана пландалган согуш кылмышынын" автору деп күнөөлөдү.
Британия, Франция жана Италия баштаган башка Европа өлкөлөрүнүн лидерлери да бул чабуулду дароо жана кескин айыпташты.
Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдиргендей, полиция жабыркаган аймакка кирүүгө чектөө киргизип, куткаруучулар менен өзгөчө кырдаалдар кызматына тоскоол болбош үчүн бардык шарттарды түзүп жатат.
Ошондой эле ал жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана гуманитардык иштерди координациялоо үчүн атайын борбор уюштурулганын кошумчалады.
Украина президенти Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысы Андрей Ермак Сумы шаарына жасалган чабуулда колдонулган ракеталардын курамында кассеталык ок-дарылар болгонун билдирди.
"Орустар (бийлиги) муну мүмкүн болушунча көп жайкын тургунду өлтүрүү үчүн жасап жатышат", — деди Ермак Reuters агенттигине курган маегинде.
Кол салууну айыптагандардын арасында Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Каллас да бар.
"Украина ок атууну шартсыз токтотууга макул болгонуна карабай, Орусия чабуулдарын күчөтүп жатканынын үрөй учурган далили. Бүгүн менин ойлорум украин эли менен", - деди Каллас.
Адистер белгилегендей, Трамп ошондой эле Украинада ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө байланыштуу чыдамы түгөнүп бараткандай.
Америка президентинин өкүлү Стив Уиткофф Санкт-Петербургга баргандан бир нече саат өткөн соң, Трамп соцтармактар аркылуу согушту “маани-маңызсыз” деп атап, ал дегеле “болбошу керек эле” деди.
“Орусия чечим кабыл алышы керек. Талап ашыкча көп адамдын өмүрү менен коштолууда”, — деп жазды Трамп.
11-мартта Украина менен Кошмо Штаттар 30 күндүк ок атышууну токтотууга жол ачкан чоң келишимге жетишкенин жарыялаган. Ага эми Орусия макул болушу керек эле. Путин бул сунушту "принципиалдуу" колдой турганын, бирок "айрым нюанстарды" тактоо керектигин белгилеп, Батышка Украинага курал-жарак жеткирүүнү токтотуу сыяктуу шарттарды койгон.
Санкт-Петербургда Стив Уиткофф Владимир Путин менен жолуккан. Жолугушуу төрт сааттан ашык убакытка созулуп, жабык өттү. Андан кийин эч кандай расмий билдирүү жасалган жок. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул жолугушуу Путин менен Трамптын мүмкүн болгон жолугушуусуна карай дагы бир кадам экенин айтып, Москва менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрүнөн “дароо жыйынтык” күтпөөгө чакырды.
Ал эми 13-апрелде CBS News телеканалына берген маегинде, президент Владимир Зеленский Трампка кайрылып, чечим кабыл алуудан мурун Украинага келип көрүп кетүүнү сунуштады.
“Келсин, элди, жайкын тургундарды, жоокерлерди, ооруканаларды, чиркөөлөрдү, балдарды, кыйраган же курман болгондорду өз көзү менен көрсүн”, — деди Зеленский.
14-апрелде Украинанын Башкы прокуратурасы Орусия басып киргенден бери өлкөдө кеминде 618 наристенин өмүрү кыйылганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кеминде 1884 бала жаракат алды. Бул тууралуу "Азаттыктын" украин кызматы жазды.
"13-апрелде Орусиянын Сумыга болгон чабуулунан 11 жана 17 жаштагы балдар каза болду. Бир жаштан 14 жашка чейинки жети кыз, жети жаштан 16 жашка чейинки сегиз бала жабыркады. Жалпысынан алардын саны 15ке жетти. 10-апрелде Житомир облусуна болгон чабуулда 13 жаштагы кыз, ошол эле күнү Никополь шаарына болгон чабуулда 16 жаштагы бала жабыркады",- деп айтылат мекеме дүйшөмбү күнү тараткан маалыматта.
5-апрелде Орусиянын Украинанын борбордук бөлүгүндөгү Кривой Рог шаарына болгон чабуулунан 20 адам набыт болгон. Алардын тогузу балдар. Калаадагы кандуу чабуулдан 75 адам жараат алган.
БУУнун маалыматы боюнча, 2025-жылдын январь айынын башынан марттын аягына чейин Орусиянын чабуулунан Украинада 413 жайкын тургун набыт болуп, 2 миңден ашууну жарадар болгон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30% көп.
Далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип жүрөт.