Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Украинанын Европага жакын шаарына сокку урулду

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

14:58 14.4.2025

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын Сумыга болгон чабуулу тууралуу пикирин билдирди.

"Бул абдан аянычтуу, алар ката кетиргенин айтышты. Менимче, бул өтө коркунучтуу. Бул согуш өзү абдан коркунучтуу", - деди Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

АКШ лидери журналисттердин соболуна кайрадан "катачылык" тууралуу жооп узатып, "эки өлкө ортосунда согуш баштоого жол берген" деп мурунку президент Байденди айыптады.

Британ премьер-министри Кир Стармер Сумыга болгон чабуулду айыптап, бул Орусия тараптан жасалып жаткан кан төгүүнү дагы бир ирет эске салганын белгиледи.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Сумыдагы чабуул Орусия "адам өмүрү менен эсептешпей турганын" көрсөткөнүн айтты.

Орусиянын армиясы жекшембиде Украинанын Сумы шаарынын борборун баллистикалык ракета менен аткылады. Би-Би-Си радиосу аткылоодо Сумы университетинин балдар билим алган Конгресс борбору зыян тартканын жазды.

Украин президенти Владимир Зеленский соккудан 34 киши каза тапканын тактады, 100дөн ашууну ар кандай жараат алды. Каза тапкандардын экөө, жараат алгандардын 15и балдар.

"Дарыгерлер жарадарлардын өмүрүн сактап калуу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатышат. Чабуулдун кесепетинен окуу жайдан тышкары, көп кабаттуу үй, кафе-дүкөндөр жана райондук соттун имараты жабыркады. Жалпысынан орусиялыктар 20 имаратка зыян келтиришти", — деп жазды Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактардагы баракчасына.

Ракеталык аткылоо күндүз эл көчөдө, машинелерде жана коомдук транспортто жүргөндө болгон.

Орусиянын коргоо министрлиги чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип жүрөт.

11:10 14.4.2025

Орусиянын армиясынын Украинанын Сумы шаарына жекшембидеги ракеталык чабуулунун курмандыктары көбөйдү.

Украин тараптын маалыматына караганда, баллистикалык ракеталык аткылоодон 34 киши каза тапты. 100дөн ашууну ар кандай жараат алды. Каза тапкандардын экөө, жараат алгандардын 15и балдар. Бул күнү Сумынын жашоочулары христиандардын Вербное майрамын белгилеп жаткан. Ракеталык аткылоо күндүз эл көчөдө, машинелерде жана коомдук транспортто жүргөндө болгон.


18:02 13.4.2025

Украин президенти Владимир Зеленский Сумы шаарына Орусиянын ракеталык соккусунан 31 киши каза тапканын тактады, 80ден ашууну ар кандай жараат алды. Каза тапкандардын экөө балдар.

Ракеталык аткылоо күндүз эл көчөдө, машинелерде жана коомдук транспортто жүргөндө болгон.

Би-Би-Си радиосу аткылоодо Сумы университетинин балдар билим алган Конгресс борбору зыян тартканын жазды.

18:01 13.4.2025

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүрүп жатканын, бирок "сөздөн ишке өтчү убак келгенин" билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

"Менимче, Украина менен Орусиянын ортосунда баары жайында болушу керек жана сиздер муну жакында билесиздер. Бир учур келет сен же иш кылышың керек, же унчукпай калышың керек. Эмне болорун көрөбүз, бирок азырынча баары жакшы кетип жатат", - деди Трамп журналисттерге өз учагында сүйлөп жатып.

Буга чейин Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стивен Уиткофф ок атышууну токтотуунун эң тез жолу – 2022-жылы Москва аннексиялап алган төрт украин аймагын Орусияга өткөрүп берүү экенин билдирген.

Бирок Уиткоффтун мындай сунушу менен АКШ президентинин Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог макул болгон эмес. Ал мындай ыкма Украинага карата адилетсиз жана кооптуу прецедент түзүп коёру мүмкүн экенин белгилеген.

Стивен Уиткофф ушул аптада Орусияга барган. Бул анын акыркы айлардагы үчүнчү сапары болуп, анда Санкт-Петербургда президент Владимир Путин менен жолугушуу өткөргөн.

Кремлдин маалыматына караганда, тараптар жолугушууда негизинен Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу маселесин талкуулашкан.

Бул байланыштардын алкагында, Дональд Трамп Москваны согушту токтотуу үчүн аракет кылууга ачык чакырды. Axios басылмасынын маалыматы боюнча, эгер апрель айынын аягына чейин тынчтык келишимине жетишилбесе, АКШнын администрациясы Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG