Орусиянын армиясы жекшембиде Украинанын Сумы шаарынын борборун баллистикалык ракета менен аткылады. Украин тараптын баштапкы маалыматына караганда, 21 киши каза таап, 80ден ашууну ар кандай жараат алды. Арасында 7 бала бар.
Ракеталык аткылоо күндүз эл көчөдө, машинелерде жана коомдук транспортто жүргөндө болгон.
Орусиялык аскерлер Украинанын Сумы шаарына ракета менен сокку урганын калаа башчысынын милдетин аткаруучу Артём Кобзарь билдирди.
"Ракеталык чабуулдун кесепетинен көптөгөн адамдар набыт болду", - деди Кобзарь. Бирок курмандыктар тууралуу так маалымат берген жок.
Украинанын президентинин администрациясынын жетекчиси Андрей Ермак да жоготуулар болгонун ырастады. Ал Сумы бир нече жолу чабуулга кабылганын белгилеп, Кобзарь сыяктуу эле ал да набыт болгондор жана жараат алгандар боюнча так маалымат берген жок.
"Суспильне" телеканалы шаарда эки жарылуу болгонун кабарлады. Журналисттердин маалыматына ылайык, жараат алгандардын арасында бир бала да бар.
Украиналык Телеграм-каналдар чабуул болгон жерден тартылган сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялашты. Кадрларда Сумыдагы бир райондо катуу өрт чыгып жатканын көрүүгө болот.
Орусиялык дрондор 12-апрелге караган түнү Киевге чабуул коюп, эки райондо өрт чыкты. Шаар мэри Виталий Кличко үч адам жабыркаганын билдирди.
"Бирөөнү ооруканага жаткырып, экөөнө жеринде жардам көрсөтүлдү", - деди Кличко.
Облустук администрациянын билдиришинче, бир сааттан ашуун абадан эскертүү берилген. Святошино районунда үч имараттын кампасында өрт чыгып, атып түшүрүлгөн дрон сыныгы балдар аянтчасына түшкөн.
Дрондор чабуулуна кабылган Днепропетровск облусунда бир түн ичинде 17 дрон атып түшүрүлгөн.
Украинанын Аскер аба күчтөрүнүн маалыматында, бир түндө Украинанын жалпы аймагына 88 орусиялык учкучсуз учак сокку урган. 56 дрон атып түшүрүлүп, көз жазгыра турган учкучсуз учактын 24ү максатына жеткен эмес.
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында орус президенти Владимир Путиндин АКШнын президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен жолугушуусу өттү. 11-апрелдин кечиндеги жолугушуу жалпысынан 4,5 саат уланды.
Расмий сүрөткө түшүүдөн кийин Путин менен Уиткофф өзүнчө жабык жолугушууга жөнөштү. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков талкуулана турган маселе Украина болорун, андан кийин, балким, Путин Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүшү мүмкүн экенин айткан. Андай сүйлөшүү болдубу, жокпу, азырынча маалымдала элек.
АКШ администрациясынын басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт брифингде Уиткоффтун Орусияга сапарын “тынчтыкка карай дагы бир кадам” деп атаган.
Трамп президенттик кызматка киришкенден бери бул Уиткоффтун Орусияга үчүнчү сапары.
Путин менен жолугушууга чейин Трамптын атайын чабарманы Путиндин чет өлкөлөр менен кызматташтык боюнча өкүлү Кирилл Дмитриев менен жолугушту. Алар өткөн аптада да Вашингтондо сүйлөшүү өткөрүшкөн.