Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18
Орусиянын соккусунда каза болгон украин жоокерин эскерип жаткандар . 20-апрель, 2025-жыл. Украина, Лычаков аскердик көрүстөнү
Орусиянын соккусунда каза болгон украин жоокерин эскерип жаткандар . 20-апрель, 2025-жыл. Украина, Лычаков аскердик көрүстөнү

АКШ, Европа жана Украина согушту шартсыз токтотуу маселесин талкуулайт

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:31 26.2.2025

Киев облусундагы Буча районунда 26-февралга караган түнкү чабуулдан бир киши каза таап, бери дегенде эки киши жабыркады, бир нече үйдү өрт чалды. Бул тууралуу облус губернатору Николай Калашник шаршембиде билдирди. Набыт болгон аялдын сөөгүн эки кабат турак жайдын урандылары астынан алып чыгышты.

Жергиликтүү жашоочу Ольга Волконская күйүп кеткен үйлөрдү кабарчыларга көрсөтүп, дрондун добушу угулганда балдары менен сыртка атып чыгышканын айтып берди:

"Биз Орусияны атам замандан бери билебиз. Көрүп тургандай, биз менен жакшы мамиледе болууну каалашпайт. Бизге кысым көрсөтүп, аткылап жатышат. Сүйлөшүүлөрдөн майнап чыгарына ишенбейм. Мунун бардыгы калп. Албетте, тынч жашоону эңсейбиз, бизди эч ким аткылабасын деп каалайбыз. Бирок орусиялыктардын кылып жатканы менен айтканы айырмаланат".

Украин Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, алдыңкы күнү кечинде Киев жана айланасындагы райондор, өлкөнүн чыгыш аймагы аба соккуларына туш болду.

Шаршембиде орусиялык дрон Харьков шаарындагы көп кабаттуу үйгө тийгенин облустун губернатору Олег Синегубов билдирди. Жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.

"Бул жерде эч кандай аскердик жай жок. Жакын жерде мектеп менен бейтапкана гана бар, алар жабык турат. Аскерлер да жок айланада. Карапайым элди коркутуп, жүрөк үшүн алып жатышат. Башкача айта албайм", - деди жергиликтүү тургун Юрий Гара.

Орусия бул чабуулдар тууралуу комментарий кыла элек. Согуш башталгандан бери Москва жайкын украиналыктарды, жарандык объектилерди бутага алганын танып келатат.

Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крым жарым аралынын аймагында, Кара жана Азов деңиздеринин акваторияларында 128 пилотсуз учак жок кылынганын билдирди.

Краснодар районунда, күбөлөрдүн айтымында, Туапседеги деңиз портуна сокку урулду. Сочинин аэропорту бир нече убакытка ишин токтотту.

Украин Куралдуу күчтөрү чабуул жана жок кылынган дрондор тууралуу маалыматтарга үн ката элек

13:06 26.2.2025

Рейтер: Зеленский жума күнү Вашингтонго барышы мүмкүн

Рейтер агенттиги атын атабаган эки булагына таянып, Украина президенти жума күнү Вашингтонго барышы мүмкүн экенин кабарлады. Бул сапар Украинанын кен байлыктары тууралуу келишимге кол коюлгандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугуу максатында уюштурулуп жатат. Ак үй азырынча бул маалыматты ырастай элек.

11:13 26.2.2025

Financial Times басылмасы Вашингтон Киевге карата катаал талаптардан баш тарткандан кийин Украина менен АКШ кен байлыктар боюнча мунаса табышканын жазып чыкты. Ушундай эле маалыматты "Украинская правда" сайты да жарыялады.

Басылмалар келишим АКШнын Украина коопсуздугу боюнча узак мөөнөттүү милдеттенмелерди алышына жол ачышы мүмкүн жана бул согушту токтотуу стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналарын белгилешкен.

Буга чейин Украина келишимдин алгачкы версиясына кол коюудан баш тартканы үчүн Киев менен Вашингтондун мамилесин солгундатканы айтылып жаткан.

Документке Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио кол коёру күтүлүүдө. Келишимге ылайык, АКШ менен Украина Кайра куруу боюнча инвестициялык фонд түзүшөт.

Жаңыланган келишимден АКШнын коммерциялык фондду 100% көзөмөлдөшү тууралуу жобо алып салынды. Жаңы редакцияда Кошмо Штаттар фонддогу эң жогорку каржылык үлүшкө ээ болору белгиленген, бирок бул АКШнын мыйзамдары уруксат берген чектен ашпайт.

Фондго Украина менен АКШнын ээлик үлүшү ар биринин кошкон каражатына жараша болот. Эки мамлекет фондду биргелешип башкарат, бирок АКШ өз мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу укугуна ээ болот.

Келишимге эки тарап тең фонддогу өз үлүшүн бири-биринин алдын ала жазуу түрүндөгү макулдугусуз сатууга же өткөрүп берүүгө укугу жок деген талап кошулду.

Фонд Украинадагы жаратылыш ресурстарын, портторду жана тиешелүү инфраструктураны (анын ичинде өкмөттүн кыйыр менчик объектилерин) сатуу аркылуу түшкөн кирешенин 50% алып, аны кайрадан украин экономикасына инвестиция катары салат.

Буга чейин эле Украинанын бюджетине кирген кирешелер фондго кошулбайт. Фондго салымдардын мөөнөтү, көлөмү жана туруктуулугу боюнча кийинчерээк келишимде көрсөтүлөт.

Документке кол коюлгандан кийин Орусия мурда оккупациялап алган аймактар кайтарылган учурда объектилерден түшкөн киреше 50% көбөйүшү мүмкүн деген норма алып салынды.

Келишимге ылайык, АКШ Украинага жардам көрсөтүү үчүн өзүнчө белгиленген суммада каржылык милдеттенме алууга ниеттенүүдө. Бирок келишимде Зеленский мурда айткандай, так коопсуздук кепилдиктери жок.

Украина менен АКШ фонддун ишмердиги боюнча деталдарды аныктаган жеке келишимди дароо иштеп чыгышы керек. Бул келишимди даярдоого Украина тараптан Экономика министрлиги жооптуу болот.

“Экономическая правда” жазгандай, кен байлыктар боюнча мурунку келишимдин долбоорунда АКШ 100% көзөмөлдөгөн коммерциялык фонд түзүү каралган, ал эми Украина ага каражат бөлүп бермек.

10:40 26.2.2025

Краснодар аймагындагы бир нече шаарлар аткылоого кабылганын жергиликтүү бийлик жана күбөлөр кабарлады.

Шаршембиге караган түнү Краснодарга дрондор сокку уруп, Туапседеги деңиз порту бутага алынган.

Орус бийлиги Украинанын Куралдуу күчтөрү дрон менен жарандык объектилерге сокку урганын билдирди. Губернатор Вениамин Кондратьев Туапседе жана Темрюкта турак жайлар зыян тартканын, жабыркагандар жок экенин маалымдады.

Шаар тургундары Туапсе деңиз портуна сокку урулуп жатканы тартылган видеолорду жарыялап жатат. Алардын биринде бир турак үйдүн зыян тартканын көрүүгө болот.

Орусиялык Телеграм-каналдар Анапада асманда жарылуу болгонун билдиришти. Болжол менен абадан коргонуу системасы дронду атып түшүргөн болушу ыктымал. Сочи аэропорту учактардын келип-кетүүсүнө убактылуу чектөө киргизди.

Аннексияланган Крымдын Орусия дайындаган бийлиги бул аймакка да дрондон сокку уруу аракети болгонун, Кара деңизден төрт учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG