Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:39
Киев.
Киев.

Украина жапырт дрон чабуулуна кабылганын билдирди

Украинада согуш башталганына үч жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:27 20.2.2025

Украинада Орусия тарапта согушкан Өскемен шаарынын эки тургуну каза болду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети билдирди. Маалыматка караганда, буга чейин мекеменин Чыгыш Казакстан облусу боюнча башкармалыгы аларга карата «Чет элдеги куралдуу кагылышууларга катышуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иши шектүүлөрдүн өлүмүнө байланыштуу токтотулган.

"2024-жылы бул жарандар Орусия Федерациясына кетип, Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышууга катышып, Донецк облусунда алган жараатынан каза болушкан. Алардын сөөгү Өскемен шаарына жеткирилди. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, алар кансырап каза болгон", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Согушка кеткендердин аты-жөнү, жашы, алардын каза болгон күнү айтыла элек.

Казакстанда чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышкан жарандар мыйзамга ылайык жоопко тартылат. Өлкөнүн Кылмыш кодексинде эки берене бар – “Жалданмачылык” жана “Чет элдеги куралдуу кагылышууларга катышуу”. Биринчисинде жети жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жана Казакстандын жарандыгынан ажыратуу, экинчисинде беш жылдан тогуз жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Буга чейин "Азаттыкка" украин өкмөтү орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүргөн 50дөн ашуун теги борбор азиялык жоокер туткунга түшкөнүн кабарлаган. Алардын арасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн 30дан ашуун жараны бар. Алардын бири кыргыз, 21и казак, 18и тажик, 14ү өзбек улутундагылар экени айтылат. Арасында орус паспорту менен жүргөндөр да бар. Маселен, теги казак 21 туткундун алтоо гана Казакстандын жараны, калганы орус атуулдары.

16:34 20.2.2025

Орусия 20-февралга караган түнү Украинанын Херсон облусуна авиа бомба менен чабуул койду. Жабыркаган бир нече кишинин арасында жашы жете элек балдар да бар. Бул тууралуу Херсон шаардык аскер администрациясынын башчысы Роман Мрочко билдирди.

Маалыматка караганда, Орусия өткөн түнү бул аймакка үч бомба менен чабуул койгон. Түнкү аткылоого Херсон шаарынын борбордук бөлүгүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бири туш болгон.

Түнү бою жабыркагандар урандылардын астынан чыгарылды. 13 жаштагы эгиз балдар жабыркап, дагы кеминде үч чоң киши жарадар болгон. Үйдүн бир кире бериши жабыркап, бир бөлүгү урап калган.

Одессага экинчи күн катары менен дрон чабуулуна кабылды. Аскердик администрациянын башчысы Олег Кипердин айтымында, кеминде бир адам жабыркаган. Кол салуудан улам шаардын беш миңге чукул калкы бар району электр жарыгы жок калган.

Шаар мэри Геннадий Труханов жарандык инфраструктурага жасалган чабуулдун натыйжасында айрым тургундардын үйлөрүндө жылуулук өчүрүлгөнүн билдирди.

Орусиянын армиясы бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип, карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урганын четке кагып келет. Ал эми жайкын тургундардын жабыркашын Украинанын абадан коргонуу системасынан көрөт.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкан. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына ылайык, 2024-жылдын ноябрына чейин Украинада 12 миңден ашуун адам өлүп, 27 миңге жакыны жаракат алган.

Ошондой эле БУУ орусиялык аскерлер адамдарды өлтүрүп, уурдап, кыйнап, сексуалдык зомбулук, адамгерчиликсиз мамиле көрсөтүп, карапайым адамдарды негизсиз камаган фактыларды документтештирген.

15:15 20.2.2025

Орусиянын Украинанын Херсон шаарына чабуулунда Днепров районундагы көп кабаттуу үйгө бомба тийди. Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдиргендей, соккудан 13 жаштагы эки бала жараат алып, ооруканага түштү.

Прокудин чабуулдун кесепети тууралуу сүрөттөрдү да жарыялады, анда имараттын кабаттарынын бири талкаланып, өрт чыкканын көрүүгө болот.

05:06 20.2.2025
"Согушту эбак эле жөнгө салса болмок". Трамп Украинаны сындады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:53 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG