Орусиянын Украинанын Херсон шаарына чабуулунда Днепров районундагы көп кабаттуу үйгө бомба тийди. Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдиргендей, соккудан 13 жаштагы эки бала жараат алып, ооруканага түштү.
Прокудин чабуулдун кесепети тууралуу сүрөттөрдү да жарыялады, анда имараттын кабаттарынын бири талкаланып, өрт чыкканын көрүүгө болот.
Трамп Зеленскийди "шайлоосуз отурган диктатор" деп сындады
Кошмо Штаттардын лидери Дональд Трамп украин президенти Владимир Зеленскийди "шайлоосуз отурган диктатор" деп атап, ал "тезирээк кыймылдабаса өлкөсүнөн кол жууйт" деп сындады. Трамп мындай пикири менен Truth Social cоциалдык тармагына бөлүштү.
"Ал арада биз согушту токтотуу боюнча Орусия менен ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Анткени бул Трамп жана Трамптын администрациясынын гана колунан келээрин баары мойнуна алып жатат", - деп кошумчалады америкалык лидер.
Ал украин лидерин "АКШ жана Трампсыз өзү эч качан жайгара албаган согушка аралашып, Американы 350 миллиард доллар сарптоого көндүргөн", - деп сындады.
Трамп ошондой эле Зеленскийди "шайлоо өткөрүүдөн баш тартып жатканы үчүн" айыптады. Ал украин президентинин рейтинги төмөн экенин дагы бир ирет белгиледи.
Украинада 2022-жылдын февралынан бери согуштук абал жарыялангандыктан шайлоо өткөрүүгө мүмкүн эмес.
Зеленский 19-февралда өткөргөн маалымат жыйында АКШ согуш башталганы 60 миллиард долларлык курал-жабдык жана 31,5 миллиард акчалай каражат бөлгөнүн билдирген.
АКШнын президенти ырастагандай, Кошмо Штаттар Европага караганда Украинага 200 миллиард доллар көп короткон.
Буга чейин Трамп Зеленскийдин рейтинги 4% түзөрүн айткан. Украинанын президенти бул "Орусия тараптан жайылган жалган маалымат экенин" белгилеген. Зеленский Киев эл аралык социология институтунун сурамжылоосуна таянып, ага украиндердин 57% ишенерин айткан.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Украинанын жана айрым Латын Америка мамлекеттеринин жарандары тапшырган гуманитардык иммиграциялык арыздарды кароону убактылуу токтотту. Бул тууралуу CBS News телеканалы АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматынан (USCIS) алган документке таянып билдирди.
Маалыматка караганда, мындай чечим "улуттук коопсуздукка коркунучтан жана көз боемочулуктун көбөйүшүнөн улам" кабыл алынган.
Чектөөгө мурдагы президент Жо Байдендин учурунда негизделген бир нече программа туш болду. Алардын арасынан "Украина үчүн биригүү" программасынын алкагында АКШга 240 миң украиналык кирген.
Андан тышкары CHNV деп аталган программа Куба, Гаити, Никарагуа жана Венесуэладан барган жарым миллиондон ашуун адамга Американын аймагына кирүүгө шарт түзгөн.
СBS News белгилегендей, мындай чечимге Американын аймагына кирип документтерин мыйзамдаштыруу жараянын баштагандар дагы туш болушат. USCISтин ички буйруктарына караганда, бул адамдардан документ алууга тыюу салынат.
Трамп быйыл 20-январда ант берип, кызматка расмий киришкени Американын Мексика менен чек арасына өзгөчө абал режимин киргизип, CBP One мобилдүү тиркемесин жаптырган.
Байдендин бийлиги маалында түзүлгөн бул тиркеме Мексика аркылуу киргендерге кезекке туруп, башкалка сураганга мүмкүнчүлүк берген. Бул тиркемени Орусия жана Борбор Азиядан барган жүздөгөн адам активдүү колдонуп турган.
Президент Трамп иммиграцияга жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети катары түшүндүргөн.