Орусиялык дрон Сумы облусундагы жатаканага түшүп, тогуз адам каза тапты
Сумы облусундагы Глухов шаарына эки "Шахед" дрону чабуул койду. Алардын бири жатаканага тийип, имараттын бир подъезди талкаланды. Учурда ондогон адам каза таап, 11и жарадар болгон. Урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатат.
Украинанын аскер күчтөрү Брянск облусундагы Карачев шаарындагы курал кампасына сокку урду
Украин аскерлери 12 жолу кайталанган жарылуу болгонун билдиришти. Украин журналисти жана аскер кызматкерлери Юрий Бутусов сокку АКШ уруксат бергенден кийин ATACMS ракеталары менен урулган. Маалыматты көз карандысыз жактардан тактоого мүмкүн болгон жок.
Bloomberg: Түндүк Корея Орусияга 100 миңдей жоокер жибериши мүмкүн
Түндүк Корея Орусиянын Украинадагы согушуна жардам катары 100 миңге жакын аскерин жөнөтө алары кабарланууда. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги "Чоң жыйырмалык" өлкөлөрүндөгү булактарга таянып билдирди.
Агенттиктин маалымат берген булактарынын айтымында, бул алдын ала эсептөөлөр. Эгер бул сандар такталган күндө да, 100 миң аскер бир учурда жайгаштырылбайт. Алар Орусияга аскердик жардам көрсөтүү үчүн кезектешүү (ротация) жолу менен пайдаланылышы мүмкүн.
Мурда Украинанын Түштүк Кореядагы элчиси Дмитрий Пономаренко ушул эле мазмундагы пикирин билдирген. Анын айтымында, Түндүк Кореянын 15 миң аскери Курск аймагында ар ай сайын алмаштырылып турушу мүмкүн.
Жакында Орусия менен Түндүк Корея эки өлкөнүн бардык тармактагы стратегиялык өнөктөштүгү тууралуу келишимди ратификациялашты. Келишимдин текстине ылайык, эгерде бир тарапка каршы куралдуу кол салуу жасалса, экинчи тарап дароо аскердик жана башка жардам көрсөтүүгө милдеттенет. Тараптар ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен бири-бирине каршы келишимдерди түзбөөгө жана өз аймактарын башка тараптын эгемендүүлүгүн бузууга колдонбоого макулдашкан.
Медиа: АКШ Украинага өз куралы менен Орусияга сокку урууга уруксат берди
Бир катар медиа каражаттары өз булактарына таянып, АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын ичкери аймагына америкалык курал менен чабуул коюу чектөөсүн алганын кабарлашты. Маалыматты асыресе The New York Times, The Washington Post, AP, Рейтер жана башка басылмалар менен агенттиктер таратышты.
Ак үй бул кабарды комментарийлеген жок жана “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун комментарий берүү өтүнүчүнө жооп кайтара элек. АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши комментарий берүүдөн баш тартты.
Маалымат тастыкталса, Вашингтондун бул маселедеги саясаты олуттуу өзгөргөнүнөн кабар берет. Киев көптөн бери андай уруксатты алууга аракеттенип келди.
Рейтер Украина жакынкы күндөрү ошондой чабуулдардын бирин ишке ашырууну пландап жатканын билдирди.
Агенттик үч булагына шилтеме менен жазганына караганда, Киев 300 километр аралыкка учуучу ATACMS ракеталарын колдонушу ыктымал.
АКШнын администрациясы Байдендин кызматтагы мөөнөтү аягына чыккыча Украинага колдоосун бекемдөөгө аракеттенүүдө. 20-январда Доналд Трамп Ак үйгө кайтып бармакчы.
Трамп азыркы администрациянын Киевге берген ири жардамын сындаган жана украин тарап үчүн кабыл алынгыс шартта болсо да, согушту тез арада токтоторун айтууда.
Шайланган президенттин командасы да соңку жаңылыкты комментарийлеген жок. Бирок кеңешчиси Ричард Гренелл бул кадам “согуштун эскалациясына” алып келерин X социалдык тармагына жазды.
Маалымат каражаттары менен маектешкен айрым эксперттер курал Курскиде орусиялык жана түндүк кореялык аскерлерге каршы колдонушу ыктымал деп боолголошот.
Ошол эле маалда Вашингтондун чечими согуштун нугун олуттуу өзгөртө албайт деп эсептегендер да бар.
Украин президенти Владимир Зеленский октябрда “жеңиш планынын” бир бөлүгү катары Батыштын куралын Орусиянын аймагындагы аскердик жайларга каршы колдонууга уруксат алууну атаган.
Москва андай уруксат берүү менен НАТО Орусия менен тикелей согушка катышып каларын айтып келатат.