Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43
 Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл
Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл

Харьковдо поездге жасалган чабуулдан беш киши мерт кетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




10:01 18.11.2024

Украинанын Сумы шаарында каза тапкандардын саны онго жетти, 52 киши жарадар болду

Орус аскерлеринин 17-ноябрдагы соккусунан кийин Сумы шаарында каза болгондордун саны онго жетти, дагы 52 адам жарадар болду деп билдирди аймактык аскердик администрация.

"Бүгүн Сумынын калк жыш жашаган турак жай районундагы ракета соккусунан 9 жаштагы бала жана 14 жаштагы кызды кошкондо 10 тургунун өлтүрдү", - деп айтылат билдирүүдө. Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат жарадарлардын арасында беш бала бар экенин кошумчалады.

Облустук аскердик администрациянын башчысы Владимир Артюх шаарда үйлөр, унаа каражаттары зыян тарктанын билдирди.

"Айнектер бардык жерде чачылып жатат... Куткаруучулар, ыктыярдуулар, милиция иштеп жатат. Жабыркаган үйлөрдүн 400дөн ашык тургуну эвакуацияланат. Штаб түзүлгөн, туруктуулук пункттары иштеп жатат, жанындагы үйлөрдүн жана башка кичи райондордун тургундары жабыркагандарга жардам берүүгө катышууда", - деп кошумчалады Артюх.

Орус аскерлери үзгүлтүксүз түрдө ар кандай куралдарды - согуштук учкучсуз учуучу аппараттарды, ракеталарды, КАБдарды, РСЗОлорду колдонуп, украин аймактарына кол салып келет.

Орусиянын жетекчилиги толук масштабдуу согуш учурунда орус армиясы Украинанын шаарларынын жана айылдарынын жарандык инфраструктурасына атайын соккуларды жасап, жарандык калкты өлтүрүп, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетикалык жана суу менен камсыздоо объектилерин бузуп жатканын четке кагууда.

Украина бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусинын согуштук кылмыштары катары баалап, алардын атайын мүнөзүн баса белгилешүүдө.

15:46 17.11.2024

17-ноябрга караган түнү Орусиянын армиясы Кара деңиздин аймагынан Украинаны кайрадан “Калибр” канаттуу ракеталары менен аткылады. Бул тууралуу Украинанын бийлиги кабарлап, Аба күчтөрү Днепрдин чыгышындагы бардык облустарда сирена жаңыртты.

Мындан сырткары "Кинжал" үндөн ылдам ракеталар да атылганы маалымдалды.

Одесса, Запорожье, Днепр, Кривой Рог шаарларында жана Черкассы облусунда жарылуулар катталды. Черкассы, Киев жана Полтава облустарына учкучсуз учактардан чабуулдар болду.

Киев шаарында беш кабаттуу үйгө ракета тийип, өрт чыкты, жабыркагандар бар. Николаев облусунда “Шахед” тибиндеги дрондун соккусунан бир аял каза болуп, эки киши жана эки бала жаракат алды.

Кырдаалга моторинг жасаган каналдардын маалыматтарына ылайык, соңку түндө Украинанын аймагына кеминде 45 ракета атылды. Алардын максаты энергетикалык инфратүзүмдү кыйратуу болгону айтылды.

Украинанын энергетика министри Герман Галущенко билдиргендей, бир катар облустарда жарык өчүп, кийин калыбына келтирилди. Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига соңку энергетика объектилерине жасалган чабуулдарды соңку согуштагы эң чоң чабуулдардын бири катары баалады.

Орусия Украинаны күн сайын аткылап жатат. Орус Коргоо министрлиги жалаң аскердик объектилерди гана аткылап жатканын билдирип келет. Жайкын тургундардын өлүмүн жана жарандык инфратүзүмдөрдүн кыйраганын Москва комментарийлебейт.

12:17 17.11.2024

Түндүк Корея Орусияга Орусияга 50 даана М1978 тибиндеги “Коксан” деп аталган өзү жүрүүчү замбиректерди жана 20 даана модернизацияланган жапырт аткылоочу реактивдүү системаларды жеткирди. Бул тууралуу Financial Times эл аралык басылмасы Украинанын чалгын кызматына таянуу менен кабарлады.

Орусиянын темир жол платформаларында М1978 замбиректери ташылып баратканы тартылган сүрөттөр төртүнчү күнү интернетке жарыяланган. Алар кайсы жерде тартылганы белгисиз.

“Коксан” өзү жүрүүчү замбиректери Иран-Ирак согушу маалында Иранга жеткирилгени маалым. 170 миллиметр калибрдеги куралдар 40 чакырымга чейин кадимки дүрмөттөр менен, 60 чакырымга чейин башкарыла турган дүрмөттөр менен атууга жөндөмдүү.

Орусия Украинага басып киргенден бери Ирандан да, Түндүк Кореядан да курал-жарактарды жана ок-дарыларды сатып алып келатат. Москва Тегерандан негизинен Shahed өзү үчуучу дрондорун алып жатат. Пхеньян орус тарапка 240 миллиметр калибрдеги жапырт аткылоочу реактивдүү системаларды жеткирип келгени кабарланган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Корея менен аскердик жана куралдануу боюнча бардык соода алакаларга санкция менен тыюу салган. Анын ичинде Орусияга да Пхеньян менен аскерий багытта алыш-бериш кылуусуна чектөө коюлган. Ага карабай Орусия Түндүк Кореядан курал-жарак алып жатканын Батыш өлкөлөрү айыптап келатышат, Түштүк Кореяга буга жооп чара катары Украинага курал жеткириши мүмкүн экенин маалымдаган.

Украина Орусиянын бийлиги чек арадагы Курск облусуна кеминде 10 миңдей түндүк кореялык аскерди алып барганын, ноябрь айынын алгачкы күндөрүндө алар менен биринчи кагылышуу болгонун 6-ноябрда билдирген. Согуш шартында бул маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүн эмес болууда.

12:16 17.11.2024

Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү кирген “Чоң жети” (G7) тобу Украинага согуш ачкан Орусияга санкцияларды күчөтүүнү убада кылышты. 16-ноябрдагы биргелешкен билдирүүсүндө “акыйкат жана туруктуу тынчыкка жетүүдө” Орусия тоскоол болуп жатканы айтылат.

“Чоң жети” өлкөлөрү Орусияга карата экспорттук көзөмөл жана башка катуу санкциялык чараларды жактай турганын ырастады.

Уюмга мүчө өлкөлөр буга чейин Украинага жалпы суммасы 50 миллиард долларга жакын насыя берүүнү макулдашкан. Бул каражат чет өлкөдөгү орус активдеринин эсебинен камсыздалат. 2022-жылы бул топ орус мунайынын баасына чек коюуну макулдашкан. Эгерде Орусиядан мунай белгиленген чектен кымбат сатылып алынса, аны деңиз аркылуу ташууга тыюу салынмак. Бирок эл аралык иликтөөлөр көрсөткөндөй, Орусия бул чектөөнү кыйгап өтүүдө.

“Чоң жетинин” курамына Италия, АКШ, Канада, Жапония, Франция, Германия, Британия кирет. Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин андан чыгарылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG