Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27
 Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл
Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл

Харьковдо поездге жасалган чабуулдан беш киши мерт кетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:43 14.11.2024

Украинанын куралдуу күчтөрү бейшембиде эртең менен билдиргендей, бир нече облуста Курск тараптан атылган орусиялык 21 дрон атып түшүрүлдү, дагы 38инин локациясы табылбай калды. Андан тышкары Донецк облусунун прокуратурасы акыркы 24 саатта Шевченко айылында эки киши каза тапканын, сегизи жараат алганын маалымдады.

Өз кезегинде Орусиянын Коргоо министрлиги бейшембиде эртең менен абадан коргонуу системасы Курск жана Белгород облустарында украиналык бирден дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Шаршембиде мекеме Донецк облусундагы Ровнополь деген айылды ээлеп алышканын маалымдады. Украина ал күнү фронттун 97 жеринде кармаш жүргөнүн, айыгышкан салгылашуулар Покровск жана Курахово багыттарында болгонун кабарлады.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарын ыкчам тактоо мүмкүн эмес.

Орусия кошуна өлкөсүнүн энергетика тармагын бутага алып келатат. Украин бийлиги кыштын келиши менен мындай чабуулдар күчөшү мүмкүн деп чочулайт.

12:45 14.11.2024

Орусия Украинадагы согушта жарадар болгондорго төлөмдү кыскартат

Орус өкмөтү аскер кызматкерлерине, анын ичинде Украинадагы согушта алган жаракаттары үчүн бир жолку берилчү төлөмдөрдүн жаңы тартибин бекитти. Өкмөттүн токтомуна ылайык, эми төлөмдөрдүн өлчөмү жаракаттын оордугуна жараша болот.

Буга чейин аскерлерге алган жараатына карабай үч миллион рубль төлөнөрү айтылып келген. Эми бул сумма оор жарадар болгондорго гана төлөнөт. Жеңил жараат алгандарга бир млн берилет. Ал эми анын класификациясы өкмөттүн 1998-жылдын 29-июлундагы №855 токтомуна ылайык аныкталат.

Контузия жана тизмеге кирбеген башка жаракаттар үчүн 100 миң рубль төлөнөт.

Эгер аскер кызматкери согушта каза болсо мурдагыдай эле 5 млн рубль, жараатына байланыштуу иштен алынгандарга жылына бир жолу 3,2 млн рубль берилет деп көрсөтүлгөн.

Талдоочулар Орусия армия менен келишим түзгөндөргө, жаракат алган же каза болгон учурда ири төлөмдөрдү убада кылуу менен мобилизация жарыялоодон качып, куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктап жатканын белгилешет.

12:44 14.11.2024

Орусиянын дрон чабуулунан Донецкте киши өмүрү кыйылды

Орусиянын 13-ноябрдагы дрон чабуулунан Донецк облусунда эки киши каза болуп, сегизи жараат алды. Бул тууралуу облустук прокуратура кабарлады. Маалыматка караганда, Волновах районунун Шевченко айылы аткылоого туш болду. Бир аял жашап кетүүгө мүмкүн болбогон жараат алды. Дагы бир жергиликтүү тургундун башы жана мээси жабыркап, сынык тийген.

Покров районундагы Новотроицк айылында дрон унаага чабуул жасап, айдоочу каза болду. Бир киши менен аял жараат алды.

Донецк облусунун прокуратурасынын маалыматына караганда, Орусиянын армиясы Константиновка шаарына үч жолу, ФАБ-250 бомбасы менен абадан сокку урду. Төрт киши түрдүү жараат алды. 21 үйдүн короосу, жеңил унаа, электртармагы жана газ түтүктөрү зыян тартты.

Орусиянын артиллериялык аткылоосунан Краматорск районунун Предтечино айылынын жашоочусу жараат алды.

Облустук аскер администрациянын башчысы Вадим Филашкин жергиликтүү тургундарды облустан чыгып кетүүгө чакырды.

18:42 13.11.2024

Түштүк Кореянын чалгын кызматы түндүк кореялык аскерлер Курск облусунда Украинага каршы салгылаштарга катыша баштаганын кабарлаганын Рейтер жазды.

Буга чейин ушундай эле маалыматтарды АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Украинанын башчылары билдирип келген.

Москва менен Пхеньян түндүк кореялык аскерлердин Украинага каршы согушка тартылганын түз ырастай элек, бирок эки өлкө ортосунда жакында эле стратегиялык өнөктөштүк тууралуу макулдашуу ратификацияланганын четке каккан эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG