Орусиянын армиясы 13-ноябрдын таңында Украинанын баш калаасы Киевге дрондор жана ракеталар менен сокку урду. Калаада абадан коргонуу системалары иштеди. Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, жалпысынан алты Ту-95MC стратегиялык бомбалоочу учактар менен чабуул коюлган.
Шаар башчысы Виталий Кличко тургундарды бомбадан коргонуу жайларынан чыкпай турууга чакырды.
Анын алдында орус армиясы баллистикалык ракеталар менен аткылаган. Маалыматка караганда, Х-23 канаттуу ракетасы, "Искандер-Н" баллистикалык ракетасы жана Түндүк Кореяда өндүрүлгөн "Хвасон-11" ракетасы жана бир нече дрондун түрлөрү колдонулган.
Чабуул эки саатка созулду. Украин жетекчилиги билдиргендей, бир нече ракета жана онго жакын дрон атып түшүрүлгөн.
Мындай сокку баш калаага 73 күндөн бери жасала электигин калаанын аскердик администрациясы билдирди.
Бир нече күн мурда Орусиянын баш калаасы Москва дагы дрондордун жапырт чабуулуна кабылган. Орусиянын Коргоо министрлиги аны украин бийлигинен көрүп, жалпы 84 дрон менен кол салуу болгонун ырастаган.
Расмий Киев Орусияда болгон окуяларга адатта комментарий бербейт.
Түндүк Кореядан Орусияга жардамга жиберилген аскерлер Курск облусунда согушка киргени тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Ведант Пател маалымдады.
Анын сөзүнө караганда, Орусияга жиберилген он миңден ашуун аскердин басымдуусу Курск облусунун батыш тарабында. Алар "орусиялык аскерлер менен чогуу согушка киришти". Түндүк кореялык жоокерлер Орусиянын аймагында аскердик машыгуудан өтүп, артиллерия, учкучсуз учактарды колдонуу, жөө аскерлерди колдонуу менен согуштук тактикаларды жүргүзүү, окоп тазалоону үйрөнүшкөн. Мунун баары согуштун эң алдыңкы катарында салгылашуу үчүн зарыл. Пателдин сөзү боюнча, алардын ийгилиги орус аскерлери менен бирге аракеттенүүдөн көз каранды. Аларга тил билбегени, байланыш жана согуштук аракеттерди башкарууну уюштуруу жөндөмүнүн жетишсиздиги тоскоол болушу ыктымал.
Мамдепартаменттин басма сөз катчысы АКШ Орусиянын Украинадагы согушка Түндүк Кореядан аскердик жардам алганына "терең тынчсызданып" жатканын билдирди. Вашингтон Москванын бул чечиминин кесепетин союздаштары менен талдоону улантып жатат.
Америкалык маалымат каражаттары Орусия Курскиге чабуул коюу үчүн бир бөлүгүн Түндүк Кореянын аскерлери түзгөн 50 миңдик топ чогултканын жазышты.
Украина Орусиянын Курск облусунда миң чарчы чакырым жерди ээлеп турганын билдирген. Ал жакка украин аскерлери быйыл 6-августта кирип барышкан. Киев бул операциясынын негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да сездирүү экенин белгилеген.
Украина, Батыш өлкөлөрү жана НАТО Орусияга Түндүк Кореядан он миңдеген аскер келгенин, Москва аларды Украинага каршы согушка салууну көздөп жатканын билдирген.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп бергенде аталган өлкө менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деген.
Орусия Украина менен чек арасындагы Курск облусуна он миңдеген аскерин топтоп, украиндер көзөмөлдөп турган жерлерин кайрадан өз көзөмөлүнө алууга аракет кылып жатканын бүгүн 11-ноябрда украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдирди.
"Алар биздин аскерлерди сүрүп чыгарып, биз көзөмөлдөп турган аймакта алдыга жылууга аракет кылып жатышат. Биздин жоокерлердин бектиги болбосо душман, орус армиясынын мыкты бөлүктөрүнүн ошол он миңдеген аскери биздин позицияларга чабуул коймок", - деп жазды Сырский социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына.
Сырский Курскиде орусиялыктар менен катар Түндүк Кореянын миңдеген аскери топтолуп турганын, алар контрчабуул жасашы ыктымал экенин 9-ноябрда айткан.
Европа Биримдиги Украинага убада кылып, бирок толук аткара албай келаткан жардамын жакын арада аягына чыгарат. Бул тууралуу 11-ноябрда биримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел билдирди.
Киевдеги эки күндүк иш сапарынын жыйынтыгы боюнча "Європейська правда" басылмасына курган маегинде ал 1 миллион артиллериялык снаряд жөнөтүү убадасы берилгенин, буга чейин анын 980 000и жеткирилгенин айтты:
"Бул жардамды жазга чейин беребиз деп милдеттенме алдык эле. Бирок аны кыла алган жокпуз. Бирок жыл соңуна чейин аткарабыз. Дээрлик аяктайын деп калдык", — деди Боррел.
Анын айтымында, жалпысынан жыл соңуна чейин Украина 1,5 миллиондон ашуун снаряд алат. Себеби Чехия 500 миң снаряд өзүнчө убада кылган.
Боррел 9-ноябрда Киевге барып, украин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү жана Евробиримдиктин колдоосу мурдагы бойдон экенин билдирди.
Украин президенти Владимир Зеленский Орусия аёосуз чабуулдарын улантып жатканын, өлкөсү Батыштагы өнөктөштөрүнүн жардамына муктаж экенин 9-ноябрда кезектеги кечки кайрылуусунда айтты.