Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08
 Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл
Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл

Харьковдо поездге жасалган чабуулдан беш киши мерт кетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:38 11.11.2024

Молдованын Тышкы иштер министрлиги орусиялык учкучсуз учактар бул өлкөнүн аба мейкиндигине кайрадан бузуп киргендиги үчүн Кремлди "агрессияга" айыптады. Мекеменин 10-ноябрдагы расмий билдирүүсүндө:

"Биз бул агрессивдүү басып кирүүнү чечкиндүү түрдө айыптайбыз жана Орусиянын Украинага каршы ырайымсыз согушун айыптообузду дагы бир жолу билдиребиз", - деп айтылды.

Жекшемби күнү Орусиянын согуштук эки дрону Молдованын аймагына кирип, ошол жактан талкаланганы кабарланган. Учактардын бирин полиция өлкөнүн түндүгүндөгү Боросений Ной кыштагынан, Украина менен чек арадан болжол менен 45 чакырымдык жерден тапкан. Ал эми экинчиси түштүктө, чек арадан 40 чакырым аралыкта жайгашкан Фирлэден кыштагынын аймагынан табылган.

Экөө тең "жалган" дрон экени, орус тарап аларды Украинаны аткылаганда бул өлкөнүн абадан коргонуу системаларын адаштыруу үчүн колдонгону белгиленди.

Орусия Украинага каршы согуш ачкан 2022-жылдын февралынан бери Молдованын аймагында ушуну менен орусиялык учкучсуз учактар боюнча 15 окуя катталды.

19:37 11.11.2024

Украина Орусиянын чабуулдарынан дагы кеминде алты жайкын тургунунан ажыраганын 11-ноябрда билдирди. Бул жолу Николаев, Запорожье шаарларында адамдар каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматтын соңку маалыматына караганда, Николаевде учкучсуз учак соккусунан кеминде беш адам каза тапты, алардын сөөгүн куткаруучулар уранды астынан алып чыгышты, бир нече үй талкаланып, өрттөндү. 22 кишиге психологиялык жардам көрсөтүлүүдө, стресс алган бир аялдын абалы оор деп бааланууда.

Запорожье аймагында дүйшөмбүгө караган түнү бир киши каза тапканы, кеминде тогуз киши жараат алганы, алардын арасында 4-15 жаштагы балдар бар экени, бир нече үй кыйраганы белгилүү болду.

Өткөн түнү Кривой Рог шаары да Орусиянын чабуулуна кабылды. Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат жарыялаган сүрөттөрдөн баш кабаттуу үй катуу талкаланганын көрүүгө болот. Бул жерде кеминде сегиз киши жараат алды, арасында кичине балдар бар.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, 11-ноябрга караган түнү өлкө аймагына Орусия Shahed согуштук дрондорунан 74тү учурду, аралыктан башкарылуучу Х-59/69 ракеталарынан экөөнү колдонду. Эки ракета тең жана дрондордун 39у Киев, Житомир, Полтава, Сумы, Черкасск, Запорожье, Чернигов, Днепропетров жана Николаев облустарынын аймагынан атып түшүрүлдү.

Согуш шартында бул маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия аёосуз чабуулдарын улантып жатканын, өлкөсү Батыштагы өнөктөштөрүнүн жардамына муктаж экенин 9-ноябрда кезектеги кечки кайрылуусунда айтып, бул күнү Орусия согуш башталгандан бери эң көп сандагы дрону менен бутага алганын билдирген.

19:37 11.11.2024

Москва АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путин телефондон сүйлөшкөнү тууралуу маалыматты жокко чыгарууда. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 11-ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып:

"Сүйлөшүү болгон эмес. Бул чындыкка таптакыр дал келбеген, ойдон чыгарылган, жөн гана жалган маалымат", - деди.

Орус президенти менен америкалык жаңы лидер ортосунда кандайдыр бир байланыш пландалып жатабы же жокпу деген суроого Песков "азырынча конкреттүү план жок" деп билдирди.

Washington Post басылмасы 10-ноябрда жеке булактарына таянып, Трамп 7-ноябрда Путин менен телефондон сүйлөшүп, Украина маселесин такуулаганын, Киев бул сүйлөшүү тууралуу кабардар болгонун, каршылыгын билдирбегенин жазган.

Трамп шайлоодогу жеңишинен кийин Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн Reuters да кабарлаган.

Путин Трамптын шайлоодогу жеңиши менен бир күндөн кийин бейрасмий куттуктап, аны менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирген.

16:17 11.11.2024

Орусия Курск облусундагы Украина ээлеп алган аймактарын кайтарып алуу максатында чабуул жасоо үчүн түндүк кореялык жоокерлер менен кошо 50 миңдей аскер чогултту. Бул тууралуу The New York Times гезити жекшембиде АКШ жана Украинадагы булактарына таянып билдирди.

Америкалык аткаминерлердин жаңы маалыматтарына караганда, Орусия бул кадамы менен Украинанын чыгышынан аскерлерин алып кетпөө аракетин көрүүдө. Ошол эле учурда Москва Украинага бир учурда бир нече багыттан басым жасоону көздөөдө деп жазылган макалада.

Украин бийликтери болсо Курск аймагында Түндүк Корея күчтөрүнүн катышуусунда Орусиянын ири чабуулун күтүп жатышканын билдирген.

Макаладагы маалыматтарга ылайык, ушул тапта түндүк кореялык аскерлер орус армиясы менен чогуу Курскинин батыш тарабында машыгууда. АКШ Коргоо министрлигинин өкүлдөрү түндүк кореялык жоокерлер орус аскерлеринин формасын кийип, Москвадан жиберилгени менен өздөрүнүн бөлүктөрүндө согушарын билдиришүүдө.

Пентагондун өкүлдөрү Орусия түндүк кореялык жоокерлерди артиллерияны, жөө аскерлердин согуштук тактикаларын, траншея тазалоого үйрөтүп жатканын белгилешип, бул даярдыктан улам алар Украинанын бекемделген коргонуучу позицияларына чабуул коюусу ыктымалдыгын түкшүмөлдөшкөн.

Вашингтон Пхеньян Орусиянын армиясын колдоо үчүн 10 миң аскерин жибергенин маалымдаган. Украина, Батыш өлкөлөрү жана НАТО Орусия Түндүк Кореядан он миңдеген аскер алдырганын, аларды Украинага каршы согушка салганы жатканын айтып жатышат.

Украина орус бийлиги чек арадагы Курск облусуна кеминде 10 миңдей түндүк кореялык аскерди алып барганын, ноябрь айынын алгачкы күндөрүндө алар менен биринчи кагылышуу болгонун 6-ноябрда билдирген. Согуш шартында бул маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүн эмес болууда.

Орус президенти Владимир Путин 9-ноябрда Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. "Свобода" радиосу жазгандай, келишимге ылайык, эгер бири куралдуу кол салууга кабылса, экинчиси тез арада аскердик же башка жардамын берүүгө милдеттүү болот, үчүнчү өлкөлөр менен экөөнүн бирине залака тийгизиши ыктымал келишимдерге кол койбойт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG