Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36
 Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл
Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл

Харьковдо поездге жасалган чабуулдан беш киши мерт кетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:15 11.11.2024

Орусиянын Запорожьеге жасаган соккусунан бир адам каза болуп, жабыркагандар 21ге жетти

Облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоров 11-ноябрь күнү эртең менен билдиргендей, Запорожьеге жасалган орусиялык аскерлердин соккусунан 21 адам жабыркаган.

Мындан тышкары, ал акыркы сутка ичинде орус аскерлери облустун 10 калктуу конушуна 356 жолу сокку урганын билдирди. Облустук бийликке турак жайлардын жана инфраструктура объектилеринин кыйрашы тууралуу 44 билдирүү келип түшкөн.

Ички иштер министрлиги да жабыркагандардын санынын өскөнүн билдирди:

"Шаарга жасалган орус авиасоккуларынан жабыркагандардын саны 21 адамга жетти. Бир адам каза болду. Орусия Федерациясынын аскерлери УМПКдан ФАБ-500 менен үч жолу авиасоккусун жасады".

Орус аскерлери соккучу учкучсуз учуучу аппараттар, ракеталар, КАБдар, РСЗОлор сыяктуу ар кандай куралдар менен украин аймактарына үзгүлтүксүз чабуул жасап келе жатат.

Орусиянын жетекчилиги толук масштабдуу согуш учурунда орус армиясы Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына атайын сокку уруп, жарандык калкты өлтүрүп, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетика жана суу менен камсыздоо объектилерин кыйратып жатканын танып келет.

Украина бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын аскердик кылмыштары катары квалификациялап, алардын максаттуу мүнөзгө ээ экенин баса белгилешүүдө.

17:59 10.11.2024

Украина Орусиянын Брянск облусундагы курал-жарак кампасына дрондор менен менен сокку урганын билдирди.

Украин Куралдуу күчтөрү соккулардан кийин кеминде сегиз жарылуу болгонун билдирип, буга чейин орусиялык Телеграм-каналдарда чыккандай өрттүн сүрөтүн жарыялады.

Орус тарап ири курал кампасына сокку урулганы тууралуу маалымат бере элек.

Буга чейин өлкөнүн Коргоо министрлиги Брянск облусунда жекшемби эртең менен 14 дрон жок кылынганын маалымдаган.

Облус губернатору Александр Богомаз чабуулда имараттарды өрт чалганын жазган, бирок кайсы объект экенин тактаган эмес.

14:49 10.11.2024

Украина Москваны көздөй ондогон дрон учуруп, Орусияда үч аэропорт убактылуу жабылды.

Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин билдирди. Ал орус тарап түндө жана эртең менен 32 дронду жок кылганын кабарлады. Бул Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын мартынан бери Москвага карата эң катуу чабуулдардын бири болуп калды.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин, тиешелүү кызматтар жеринде иштеп жатканын Собянин кошумчалады.

Росавиация дагы Москванын четиндеги "Шереметьево", "Домодедово" жана "Жуков" аэропорттору коопсуздукка байланыштуу убактылуу ишин токтотконун маалымдады.

Аэропорттор бир нече сааттан кийин ишин кайра жандантканын ТАСС мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.

Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев чабуул учурунда бир киши жабыркаганын билдирди.

Маалымат каражаттары жазгандай, Раменский районундагы айылда бир нече үй күйүп кетти.

Орусия дээрлик күн сайын Украинанын дрондорун жок кылганын кабарлап турат, бирок борбор шаар Москва бутага сейрек алынат.

Украин бийликтери мындай аракеттерди Орусиянын тынымсыз чабуулдарына жооп экенин айтып келет.

11:06 10.11.2024

АКШда жаңы шайланган президент Дональд Трамп Украина менен Орусиянын ортосунда "буфердик аймак" түзүүнү сунушташы ыктымал. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы Трамптын айланасындагы булактарга шилтеме кылып жазды.

Ал планда фронттун азыркы тилкеси сактоо, Киевдин НАТОго алдыңкы 20 жылда кошулбоо тууралуу макулдугун алуу каралган. Вашингтон анын ордуна Украинага ири өлчөмдө курал-жарак берет жана Орусиянын мындан ары согуш баштоосуна жол бербейт. АКШ буфердик аймакты күзөтүүгө аскер жөнөтпөйт жана бул долбоорду каржылабайт.

Киев менен Москва бул план тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин Трамп эгер дагы президент болуп шайланып калса, Украина менен Орусиянын согушун 24 сааттын ичинде токтотуп кое аларын бир канча жолу билдирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Орусиянын президенти Владимир Путин Трампты жеңиши менен телефондон куттуктаган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШдагы ант берүү аземине чейин Путиндин Трамп менен сүйлөшүүсү ыктымалдыгын четке каккан эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG