Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11
 Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл
Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл

Харьковдо поездге жасалган чабуулдан беш киши мерт кетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:35 9.11.2024

Орусия күчтөрү 9-ноябрга караган түнү Украинанын Одесса жана Харьков шаарына сокку урду. Бул тууралуу украин бийлиги кабарлады.

"Душман Одессага жана анын райондоруна дрондор менен чабуул жасоодо. Абадан коргонуу күчтөрү иштеп жатат”, - деп жазды Одесса администрациясынын башчысы Олег Кипер.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, чабуулардан бир нече көп кабаттуу үй жана жер тамдар, административдик имарат, кампа, автоунаалар талкаланды. Жарадар болгондор жөнүндө кабарланган жок.

Харьковдун мэри Игорь Терехов шаарга авиациялык бомба менен сокку урулганын билдирди. Снаряд шаардын эки району кесилишкен жердеги жолго түшкөн. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги түндөгү чабуулдар жөнүндө маалымат тараткан жок.

11:32 9.11.2024

Украина шаар-кыштактарында Орусиянын чабуулдары уланып жатканын 8-ноябрда бутага түштүктөгү Одесса жана түндүк-чыгыштагы экинчи ири шаар Харьков алынганын билдирди.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, кеминде бир кишинин өмүрү кыйылды, дагы 38 киши, анын арасында бир ымыркай жараат алды.

Каза тапкан киши Одессанын тургуну болгону, бул шаарга учкучсуз учактардын жапырт чабуулу жасалганы, үйлөр, ишканалар, кампалар жана бир мектеп имараты талкаланганы маалымдалды.

Харьков кечээтен бери аткыланып жатканын шаар мэри Игорь Терехов жазды. Анын айтымында, ракеталардын бири көп кабаттуу турак үйгө тийди, жараат алган ондогон киши арасында үч айлык наристе да бар экени, шаардын борбордук бөлүгүндөгү тарыхый жай да кыйраганы белгилүү болду.

Киев облусунда ракетанын сыныктары түшкөн жерде төрт киши жараат алды.

Ал эми Запорожье шаарында 7-ноябрдагы чабуулдан каза тапкандар саны тогуз кишиге жетти, алардын арасында бир жашар наристе да бар, дагы 40ка жакын киши жараат алды. Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат бул күнү аталган шаарга Орусия беш жолу абадан сокку урганын, турак үй жана оорукана бутага алынганын кабарлады.

Запорожьеде жума күнү Аза күтүү жарыяланды.

Бул күндөрү Венгрияда Европа Биримдигинин лидерлеринин саммитине катышып жаткан украин президенти Владимир Зеленский союздаштарынан колдоо күтөрүн кайрадан кайталап, көбүрөөк курал-жарак жана асманын коргоп берүүгө жардам сурады.

13:59 8.11.2024

Украинада орус армиясынын генерал-майору каза болду

Украинада орус армиясынын генерал-майору каза болгонун 7-ноябрда "Свобода" радиосу жазды. Павел Клименко мотоаткычтар бригадаларынын биринин командири болчу. Ал тууралуу "түздөн-түз согуш талаасына эмес, тылда калууну өтүнгөн аскерлерден пара алган, кол астындагы аскер кызматкерлерин кыйнаган" деген сөздөр айтылчу.

47 жаштагы Клименконун өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз, ал каза болгонун алгач аскер темасын чагылдырган блогерлер жазып чыгышты.

"Астранын" иликтөөлөрүнүн биринде Клименко Донецкиде кароосуз калган шахтада орусиялык аскерлер кыйноого алынуучу концлагерь ачканы, ошол жактан согушка чабуул коюучу топтун катарында катышууга мажбурлоо жүргөнү, кээ бирлеринен пара талап кылынганы айтылган.

Айрым блогерлер анын бригадасы өтө көп жоготууга учурап жатканын да жазышкан. Клименконун кол астындагылар пара берип, тылга которулуп кете алары көп айтылган.

Ушуну менен Украинадагы согушта Орусия жоготкондугу аныкталган, өлүмү журналисттердин жана көз каранды эмес иликтөөлөдүн негизинде тастыкталган генералдарынын саны сегизге жетти.

13:58 8.11.2024

Орусиянын Одесса облусуна жасаган чабуулунан бир адам каза болду

Орус армиясынын Одесса облусуна жасаган чабуулунан бир адам каза болуп, дагы тогуз адам жаракат алды деп маалымдады Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы. Мекеменин маалыматына ылайык, жеке сектордогу үйлөргө зыян келтирилген, алардын экөөсүндө өрт чыккан.

Куткаруучулар соккудан ишкана аймагындагы кампаларда жана унааларда чыккан өрттөрдү да өчүрүштү. Ошондой эле окуу жайынын имаратына да зыян келтирилген.

7-ноябрда кечинде орус аскерлери Одесса районуна дрондор менен массалык чабуул жасашкан. Жергиликтүү бийлик жеке турак үйлөргө, окуу жайына зыян келгенин, газ түтүктөрүнүн герметикасы бузулганын кабарлады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG