Украинанын Кривой Рог шарынын бийлиги ракеталык соккудан 13 адам жаракат алганын билдирди.
Шаарда куткаруу операциясы уланып жатканын, жараат алгандардын бирине операция жасаларын Кривой Рог шаарынын Коргоо кеңешинин башчысы Александр Вилкул Telegram каналына жазды.
Буга чейин Вилкул шаарга эки ракеталык сокку урулганын билдирген. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрү Кривой Рогду көздөй баллистикалык ракеталар учурулганын эскерткен.
Сумы облусунда орусиялык авиасоккудан жети киши жарадар болду
Ишемби кечинде орусиялык армия Шостинск районуна авиабомба жана "Шахед/Геранды" колдонуп сокку урду. Сумы облусунун аскер администрациясынын Телеграм-каналы соккудан жети киши жараат алганын билдирди. Анын бешөө куткаруучулар. Алар Шостка шаарындагы өрттү өчүрүп жатышкан.
Андан тышкары энергетика объектилери кыйраган. Орусия 19-октябрга караган түнү Чернигов облусундагы энергетика объектилерине да сокку урган.
Орусия менен Украина “95ке 95” форматында туткундарды алмашты
Орусия менен Украина “95ке 95” форматында аскердик туткундарды алмашты. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, орусиялык аскерлерге учурда Беларуста медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат. Андан соң алар ден соолугун калыбына келтирүү үчүн Орусияда аскердик госпиталга жана санаторийге жөнөтүлөт.
Украинанын “Наш выход” долбоору алмаштырылган туткундардын тизмесин жарыялады. Ага ылайык, алмашылган орусиялыктардын көбү Курск облусунда туткунга түшкөн милдеттүү түрдө кызматын өтөгөн аскерлер.
Украинанын президенти Владимир Зеленский туткундарды алмашуу болгонун ырастады.
Мунун алдында украинаналык ZMINA укук коргоо борбору алмашылган туткундардын катарында журналист жана укук коргоочу Максим Буткевич дагы бар экенин жазган. Ал Орусия Украинага бастырып кирген алгачкы учурларда украин армиясынын катарына кошулуп, 2022-жылы июнда туткунга түшкөн.
уткундарды алмашуу Бириккен Араб Эмирлигинин ортомчулугу алдында ишке ашты.
Буга чейин Украина менен Орусия каза болгон аскерлердин сөөктөрүн алмашканы белгилүү болгон. Орусия 501, Украина 89 аскердин сөөгүн өткөрүп берген.
- Эки өлкө 2022-жылдан бери бир нече жолу туткундарды алмашты. Көп учурда Эл аралык Кызыл Крест комитети ортомчулук кылууда.
Украина борбор калаасы Киев 18-октябрга караган түнү Орусиянын мурдагы аба соккуларына караганда бул жолу эң көп дрон чабуулуна кабылганын билдирди. Орус армиясы украин аймагына жалпысынан 135 жанкечти дрон учурганын, анын 80ин атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн, экөө Беларус тарапка учуп кеткенин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрү маалымдады.
Украин аскерлери кабарлагандай, Орусия бул жолку чабуулунда 14 облуста, анын ичинде Киев аймагында Shahed дрондорунан тышкары "белгисиз типтеги" учкучсуз учактарды да колдонду.
Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко жума күнгө караган түнкү чабуулду буга чейинкилерге салыштырып караганда "Украинанын жарандары жана инфраструктурасы бутага алынган эң массалык чабуулдардын бири" болгонун айтты.
Попконун белгилешинче, Киев тарапты көздөй учуп бараткан дрондорду 4,5 саат бою аткылап турууга туура келди, алардын баары жок кылынды, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Орусия Украинанын бул маалыматы боюнча комментарий бере элек.