Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 17-октябрда Брюсселде Европа Биримдигине жана НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлерине, коргоо министрлерине Орусияга каршы согуштагы "жеңиш планын" көрсөтүп, айтып берүү үчүн жөнөп жатып бул орус бийлигин тынчтыкка мажбурлоо каражаты болорун айтты.
"Европанын бардык лидерлери биздин позицияны кантип бекемдеш керек экенин угушат. Биз бул согушту адилеттүү түрдө токтотушубуз керек", - деп жазды ал Telegram каналына.
Батыштагы союздаштарды Украинаны НАТОго кабыл алууга ынандыруу, алдыдагы кыш мезгилинде согуш талаасындагыларга жана талкаланып келаткан шаар-кыштактагыларга аскердик жардамды күчөтүү аракетин көрүп жаткан Зеленскийдин айтымында, бул план согуштун жүрүшүн украин тараптын пайдасына бурат.
Украина президенти Владимир Зеленский Орусиянын баскынчылык согушуна каршы күрөштө жеңип чыгуу үчүн өнөктөштөрдүн жардамы керек болуп жатканын айтты.
Ал Украинанын "жеңиш планы" азыркы күн үчүн түзүлгөнүн, аны азыр ишке ашыруу зарыл экенин белгиледи:
“Путин (Орусия президенти Владимир Путин) кошумча күчтөрүн даярдап, согушту аяктоо эмес, улантуу аракетин көрүүдө. Путин келерки жылга чейин ок-дары өндүрүү көлөмүн силердин өлкөлөрдөгүдөй деңгээлге чыгарууну көздөп, ошол эле учурда Түндүк Кореядан жана Ирандан снаряд, жабдык жана башка жардам алууда. Тилекке каршы, Кытай Орусияга бул согушту уланта берүүгө дагы эле активдүү жардам көрсөтүп жатканы жөнүндө маалыматыбыз бар. Биз азыр күчтөнүшүбүз керек. “Жеңиш планы” азыркы үчүн түзүлдү. Баарыңарды аны ишке ашырууга көмөктөшүүгө чакырам. Азыр баштасак жана ошол планга ылайык кетсек биз бул согушту кийинки жылдан ашырбай токтото алат элек”.
АКШ президенти Жо Байден Украинанын коопсуздугу үчүн 425 миллион доллар бөлүнөрүн жарыялады. Бул тууралуу Ак үй билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 16-октябрда Байден украин президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшүп, өзүнүн кызмат мөөнөтү аяктаганга чейин Украинага жардамды көбөйтүү аракетин көрөрүн билдирди.
425 миллион долларга абадан коргонуу үчүн кошумча каражаттар, ок-дары, брондолгон техника жана башка чукул жардам жөнөтүлөт.
Андан мурдараак мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Пентагондун запастарынан бериле турган кезектеги жардамдын ичинде NASAMS зениттик-ракеталык системалардын ок-дарысы, абадан коргонуу үчүн RIM-7 ракеталары, Stinger зениттик ракеталары, HIMARS ракеталык системаларынын ок-дарысы, кассеталык ок-дары, танкка каршы Javelin системалары жана башка техника бар экенин айткан.
2022-жылдын февралынан бери Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы согушуп келе жаткан Украинага АКШ бүгүнкү күнгө чейин аскердик жардам иретинде жалпысынан 61 миллиард доллар бөлдү.
Украин президенти Владимир Зеленский парламентке (Жогорку Рада) Орусиянын агрессиясына чекит коюуга жардам берет деген "жеңиш планын" сунуш кылды. Ага чейин долбоор АКШ президенти Жо Байденге таанышуу үчүн берилген.
Зеленский согуштун жыйынтыгы дүйнөнүн алдыдагы 10 жылдагы окуяларына таасир этерин белгиледи. Президент "кылмышкерлер коалициясына" эми Орусия гана эмес Түндүк Корея да кирип калганын айтып, Иранды Орусияга курал берип жатканы, Кытайды орус президенти Владимир Путиндин чырагына май тамызганы үчүн айыптады.
Беш пункттан турган планда Украинаны согуш аяктагычы эле НАТОго кабыл алуу, орус аймагында операцияны улантуу менен "урушту Орусияга кайтаруу", Украинага ядролук эмес стратегиялык курал жайгаштыруу, өлкөнүн стратегиялык-экономикалык дараметин арттыруу каралган.
Зеленский дагы үч жашыруун жобо бар экенин, бирок алардын мазмунун ачык айтпасын билдирди. Анын айтымында, Батыш өнөктөштөрү долбоордун деталдары менен таанышып жатат.
Украин президенти "жеңиш планы" "согушка дипломатиялык жол менен чекит коюуга" көпүрө болуп берерин белгиледи. Эмне дегенде аны ишке ашыруу Орусияны агрессиядан баш тартып, сүүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга түртөт.
Москва "атайын операция" деп атаган уруштун өтөлүнө чыгарын, Киев аймактык жана башка чегинүүлөргө көнсө, сүйлөшүүлөргө даярдыгын айтып келатат.
Батыш азырынча Зеленскийдин долбоорун расмий комментарийлеген жок.
Орус аскерлери шаршембиге караган түнү Украинага 136 дрон менен чабуул койду. Бул тууралуу украин куралдуу күчтөрү маалымдады.
Маалыматка караганда, абадан коргонуу бөлүктөрү Сумы, Черкассы, Кировоград, Тернополь, Херсон, Харьков, бардыгы болуп 14 облуста 51 учкучсуз учакты атып түшүрдү. Дагы 60 дрондун "локациясы жоголгону" кабарланды.
Тернополь облусунда өнөр жай комплексине урулган соккудан өрт тутанганын облус жетекчиси Вячеслав Негода билдирди. Ал эч ким жабыркабаганын кошумчалады.
Буга чейин орус Коргоо министрлиги Белгород жана Воронежде украиналык үч дрон атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Белгороддо шейшембиде украиналык пилотсуз учактын кичи автобуска чабуул койгону маалымдалган. Губернатор Вячеслав Гладков сегиз киши, арасында өспүрүмдөр жарадар болгонун айтты.
Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн оперативдүү бышыктоо мүмкүн эмес.
15-октябрдын кечинде орусиялык дрондор баш калаа Киевди бутага алган. Мэр Виталий Кличко элди коопсуз жайларга баш калкалоого чакырган. Киев облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко абадан коргоо күчтөрү чабуулдун мизин кайтарганын билдирди. Жабыркагандар жана кандай зыян келтирилгени айтылган жок.
Ал арада шейшембиде майданда 164 кармаш болгону, эң айыгышканы Покровск жана Харьков багыттарында катталганын украин армиясынын командачылыгы билдирди.